Difference between revisions of "АЛЕКСАНДР I"

Кыргызстан Энциклопедия Жана Терминология Борбору дан
Jump to navigation Jump to search
м (1 revision imported)
1 -сап: 1 -сап:
  (12. 12. 1777, Санкт-Петербург ‒ 19. 11. 1825, Таганрог) ‒ Россиянын императору (1801‒25). Павел Iнин тун уулу. Бийликке
  (12. 12. 1777, Санкт-Петербург ‒ 19. 11. 1825, Таганрог) ‒ Россиянын императору (1801‒25). Павел Iнин тун уулу. Бийликке келген алгачкы жылдары кеӊешчиси М. М. Сперанский ж-а Жашыруун комитет тарабынан иштелип чыккан либералдык реформаларды (министрликтер түзүлгөн, Мамл. совет уюштурулуп, Харьков, Казан ун-ттери ачылган) ишке ашырган. 1812-ж. орус-француз согушунун башталышында аракеттеги армияда болуп, кол башчы боло албагандыктан, коомчулуктун кысымы м-н М. И. ''Кутузов ''башкы командачылыкка дайындалган. Бул согушта орустардын жеӊишке жетишкендигине байланыштуу, 1813‒14-ж. А. I Европадагы мамлекеттердин антифранцуздук коалициясына башчылык кылат. 1814‒15-ж. ''Вена конгрессин ''жетектеген ж-а ''Ыйык Союздун'' жетекчилеринин бири болгон. А. Iнин тушунда Россиянын курамына Чыгыш Грузия, Финляндия, Бессарабия, Азербайжан аймактары кошулган. Ошол мезгилде Кырг-ндын Ысык-Көл кылаасын жердеген бугу уруусу россиялык бийлик м-н элчилик байланыш түзүүгө аракет жасап, 1-ирет өзүлөрүнүн өкүлдөрү Шералы бийдин уулу ''Качыбекти, Жакыпбек ''Ниязбек уулун 1813‒14-ж., 2-ирет 1824‒25-ж. ''Акымбек ''Олжобай уулун, ''Алымбек'' Жапалак уулун, ''Алгазы'' Шералы уулун Россияга жиберишкен. Аларды Кытай м-н соодага ынтызар орус бийлик төбөлдөрү жылуу маанайда кабыл алган. Бирок, элчилердин Петербургга баруу ж-а императорго жолугуу өтүнүчү канааттандырылган эмес. А. Iнин бийлигинин соӊку жылдарында крепостнойлук укукту жоюу ж-дө долбоор иштелип чыккан, бирок ал ''Александр IIнин'' тушунда 1861-ж. гана ишке ашкан. А. I Таганрогдо күтүүсүздөн көз жумган, бирок эл арасында ал Сибирге жашырын барып, кечил болуп кеткен деген имиш сөздөр тараган.<br>
келген алгачкы жылдары кеӊешчиси М. М. Сперанский ж-а Жашыруун комитет тарабынан иштелип чыккан либералдык реформаларды (министрликтер түзүлгөн, Мамл. совет уюштурулуп, Харьков, Казан ун-ттери ачылган) ишке ашырган. 1812-ж. орус-француз согушунун башталышында аракеттеги армияда болуп, кол башчы боло албагандыктан, коомчулуктун кысымы м-н М. И. ''Кутузов ''башкы командачылыкка дайындалган. Бул согушта орустардын жеӊишке жетишкендигине байланыштуу, 1813‒14-ж. А. I Европадагы мамлекеттердин антифранцуздук коалициясына башчылык кылат. 1814‒15-ж. ''Вена конгрессин ''жетектеген ж-а ''Ыйык Союздун'' жетекчилеринин бири болгон. А. Iнин тушунда Россиянын курамына Чыгыш Грузия, Финляндия, Бессарабия, Азербайжан аймактары кошулган. Ошол мезгилде Кырг-ндын Ысык-Көл кылаасын жердеген бугу уруусу россиялык бийлик м-н элчилик байланыш түзүүгө аракет жасап, 1-ирет өзүлөрүнүн өкүлдөрү Шералы бийдин уулу ''Качыбекти, Жакыпбек ''Ниязбек уулун 1813‒14-ж., 2-ирет 1824‒25-ж. ''Акымбек ''Олжобай уулун, ''Алымбек'' Жапалак уулун, ''Алгазы'' Шералы уулун Россияга жиберишкен. Аларды Кытай м-н соодага ынтызар орус бийлик төбөлдөрү жылуу маанайда кабыл алган. Бирок, элчилердин Петербургга баруу ж-а императорго жолугуу өтүнүчү канааттандырылган эмес. А. Iнин бийлигинин соӊку жылдарында крепостнойлук укукту жоюу ж-дө долбоор иштелип чыккан, бирок ал ''Александр IIнин'' тушунда 1861-ж. гана ишке ашкан. А. I Таганрогдо күтүүсүздөн көз жумган, бирок эл арасында ал Сибирге жашырын барып, кечил болуп кеткен деген имиш сөздөр тараган.<br>
 

14:01, 19 Февраль (Бирдин айы) 2022 -деги абалы

(12. 12. 1777, Санкт-Петербург ‒ 19. 11. 1825, Таганрог) ‒ Россиянын императору (1801‒25). Павел Iнин тун уулу. Бийликке келген алгачкы жылдары кеӊешчиси М. М. Сперанский ж-а Жашыруун комитет тарабынан иштелип чыккан либералдык реформаларды (министрликтер түзүлгөн, Мамл. совет уюштурулуп, Харьков, Казан ун-ттери ачылган) ишке ашырган. 1812-ж. орус-француз согушунун башталышында аракеттеги армияда болуп, кол башчы боло албагандыктан, коомчулуктун кысымы м-н М. И. Кутузов башкы командачылыкка дайындалган. Бул согушта орустардын жеӊишке жетишкендигине байланыштуу, 1813‒14-ж. А. I Европадагы мамлекеттердин антифранцуздук коалициясына башчылык кылат. 1814‒15-ж. Вена конгрессин жетектеген ж-а Ыйык Союздун жетекчилеринин бири болгон. А. Iнин тушунда Россиянын курамына Чыгыш Грузия, Финляндия, Бессарабия, Азербайжан аймактары кошулган. Ошол мезгилде Кырг-ндын Ысык-Көл кылаасын жердеген бугу уруусу россиялык бийлик м-н элчилик байланыш түзүүгө аракет жасап, 1-ирет өзүлөрүнүн өкүлдөрү Шералы бийдин уулу Качыбекти, Жакыпбек Ниязбек уулун 1813‒14-ж., 2-ирет 1824‒25-ж. Акымбек Олжобай уулун, Алымбек Жапалак уулун, Алгазы Шералы уулун Россияга жиберишкен. Аларды Кытай м-н соодага ынтызар орус бийлик төбөлдөрү жылуу маанайда кабыл алган. Бирок, элчилердин Петербургга баруу ж-а императорго жолугуу өтүнүчү канааттандырылган эмес. А. Iнин бийлигинин соӊку жылдарында крепостнойлук укукту жоюу ж-дө долбоор иштелип чыккан, бирок ал Александр IIнин тушунда 1861-ж. гана ишке ашкан. А. I Таганрогдо күтүүсүздөн көз жумган, бирок эл арасында ал Сибирге жашырын барып, кечил болуп кеткен деген имиш сөздөр тараган.