Difference between revisions of "АЛЛЕЛЬ"
Jump to navigation
Jump to search
228-323>KadyrM |
м (1 revision imported) |
(Айырма жок)
| |
21:31, 25 Январь (Үчтүн айы) 2022 -деги абалы
(гр. allelon ‒ өз ара ) ‒ гомологиялык, б.а. жуп хромосом бирдей бөлүктөрүндө жайгашып, бир эле белгинин өөрчүшүн аныктоочу тукумкуума бирдик ‒ ген. Илимге А. термини киргиче, бул гендер аллеломорфтор деп аталган. Ар бир ген өзүнүн белгисин билдире турган экиден кем эмес А-дик абалда болот. Анын бир абалы адатта тукумкууй турган белгинин өөрчүшүн камсыз кылып, басымдуулук (доминанттуу) касиетке ээ. Ал эми экинчи абалында тукумкуума белгилер көмүскө түрдө сакталып, рецессивдүү болот. Мис., адамда доминанттуу А. көзгө кара түс, ал эми рецессивдүү А. көзгө көк түс берет. Өсүмдүктө доминанттуу А. гүлдөргө ар кандай түс берет, рецессивдүүсү түссүз гүлдүн өөрчүшүн камсыз кылат. Доминан ттуусу баш тамга (А), рецессивдүүсү кичине тамга (а) м-н белгиленет. Бир А-дик жупка кирүүчү гендер окшош тамга м-н белгиленет, (мис., АА, Аа, аа же ВВ, Вв, вв ж. у. с.). Гомология лык жуп хромосомалардын ар биринде ошол гендин бир гана А-и болушу мүмкүн, анткени мейоз учурунда алар ар башка гаметаларга бөлүнүп кетет.
Ад.: Дубинин Н.П. Общая генетика. , М., 1976; Полянский Ю.И. Общая биология. М., 1991; Каменский А. А., Ким А. И. Биология . М., 2003.