Difference between revisions of "АЛИК СУРЬМА КЕНЧЕСИ"
Jump to navigation
Jump to search
228-323>KadyrM |
м (1 revision imported) |
(Айырма жок)
|
21:31, 25 Январь (Үчтүн айы) 2022 -деги абалы
Ош обл-нун Алай р-нунда, Алик-Сөөк суусунун Терек суусуна куйган жеринен 1,5‒2 км жогору, деӊиз деӊг. 3740‒3930 м бийиктикте. 1984‒87-ж. геол. издөө иштери жүргүзүлгөн. Кенченин аймагында силур, девон ж-а карбондун карбонат-терриген катмарлары жайгашкан. Жаракалар м-н кесилген плита сыяктуу бири бирине жакын эки акиташ олистомиттери кенташты камтып турат. Сурьма кенташы жаспероиддер м-н байланышып, уз. 115 мге чейин, калыӊдыгы 1‒1,5 м болгон тарам түрүндөгү эки кенташ (руда) тулкусун түзөт. Сурьманын орт. өлчөмү 7,72%. Кенташтын болжолдуу ресурсу 86,1 миӊ т, сурьманыкы ‒ 6600 т.