Difference between revisions of "АЛГЕБРАЛЫК КӨП ТҮСПӨЛДҮҮЛҮК"

Кыргызстан Энциклопедия Жана Терминология Борбору дан
Jump to navigation Jump to search
228-323>KadyrM
 
м (1 revision imported)
(Айырма жок)

21:31, 25 Январь (Үчтүн айы) 2022 -деги абалы

алгебралык геометриядагы изилдөөлөрдүн эӊ башкы объектиси. А. к.-түн учурдагы аныктамасы чыныгы же комплекстүү сандар талаасында аныкталган алг. аффиндик ж-а проективдик көптүктөрдөн башталган. Азыркы учурда k-талаасында аныкталган А. к. т., ошол k-талаасында келтирилген чектүү типтеги схема түрүндө берилет. Нем. математиги А. Вейль А. к-кө дифференциалдык көп түспөлдүүлүктөрдүн идеясын пайдаланып, төмөнкүчө аныктама берген: k-талаасындагы абстракттуу А. к. k-талаасындагы аффиндик алг. көптүктөрдөн турган (Va) системасынан турат. Ар бир Vв да камтылган W ачык көптүгү (WМ Va) тиешелүү түрдө ачык WМ Va көптүгүнө изоморфтуу болгон (W) көптүктөргө бөлүнгөн.

Ад.: 1. Шафаревич И. Р. Основы алгебраической геометрии. М., 1972.
А. А. Чекеев, С. С. Токсонбаев.