Difference between revisions of "«АЛА-ТОО ЖАЗЫ» фестивалы"

Кыргызстан Энциклопедия Жана Терминология Борбору дан
Jump to navigation Jump to search
228-323>KadyrM
 
м (1 revision imported)
(Айырма жок)

21:30, 25 Январь (Үчтүн айы) 2022 -деги абалы

 ‒ музыка фестивалы. Кырг-нда алгач 1966-ж. июнь айында өткөрүлгөн. Ки

йин ал салтка айланып, 1967, 1969, 1974-ж. «Элдердин достугу» деген ураан м-н өткөн. Кырг-нда фестиваль күндөрүндө Мамл. акад. симф. оркестр, Бүткүлсоюздук радио м-н Борб. телекөрсө түүнүн симф. чоӊ оркестри, Ленинград ж-а Горький филармониясынын симф. оркестри , М. Пятницкий атн. мамл. хор, Дагстан АССРинин мамл. бий ансамбли, Сибирь бийлеринин Красноярскиде ги мамл. ансамбли сыяктуу чыгарма чыл ири коллективдердин өнөрүн көрүшкөн. Бул фестивалдарга көрүнүктүү комп. Т. Н. Хренников, В. Т. Соловьв-Седой; дирижёрлор Е. Светланов, К. Иванов, Б. Хайкин, Ю. Темирканов, О. Дмитриади; аткаруучулар И. Архипова, А. Огнивцев, Ю. Мазурок, Р. Стручкова, В. Бовт, Г. Гаспарян, Т. Кудзик, Р. Жаманова, М. Сабирова, Т. Чебан, Т. Серебряков, А. Бабакулов, М. Эсамбаев, М. Магомаев, Б. Бенцианов катышып, Кырг-дын эли м-н чыг-лык жолугушуу өткөрүшкөн. 1966‒74-ж. 800гө жакын концерт коюлган. Фестивалдын активдүү катышуучу лары Е. Светланов м-н М. Эсамбаевге «Кыргыз ССРинин эл артисти», Р. Тихомировго «Кыргыз ССРинин иск-вого эмгек сиӊирген ишмери», Б. Бруновго ж-а Б. Бенциановго «Кыргыз ССРи нин эмгек сиӊирген артисти» деген ардактуу наамдар берилген.