Difference between revisions of "АЖЫБЕКОВА Гүлсара"
1 -сап: | 1 -сап: | ||
'''АЖЫБЕКОВА''' Гүлсара (27. 3. 1950‑ж. т., Нарын обл., Нарын ш.) – артист, | '''АЖЫБЕКОВА''' Гүлсара (27. 3. 1950‑ж. т., Нарын обл., Нарын ш.) – артист, Кыргыз Республикасынын эл артисти. 1972‑ж. Москвадагы А. В. Луначарский атындагы мамлекеттик театр институтунун актёрдук факультетин бүткөн. 1972‑жылдан Кыргыз мамлекеттик академиялык драма театрында артист, 2002–04‑ж. Кыргызстан кинематографисттер союзунун төрайымы болуп эмгектенген. Ажыбекова театрда жана кинодо бүткүл инсандык, сүрөткердик кубаты менен каармандардын образын түзүп, алардын ички сырын, кулк‑мүнөзүн жөнөкөй, жеткиликтүү даражада бере алган. Аткарган негизги ролдору: Елизавета (У. Шекспир, «Ричард III»), Зубаржат (М. Карим, «Ай тутулган түндө»), Гүлжан (Ч. Айтматов, К. Мухамеджанов, «Фудзиямадагы кадыр түн»), Уркуя (Н. Байтемиров, «Уркуя»), Бүбүжан (Ч. Айтматов, «Танабай коммунист»), Комиссар (В. Вишневский, «Оптимисттик трагедия»), Раневская (А. Чехов, «Алчалуу бак»), Кручинина (Островский, «Күнөөсүз күнөөлүүлөр»), Флорелла (Лопе де Вега, «Бий мугалими»), Дудук Катрин (Б. Брехт, «Өлөрман эне жана анын балдары») ж. б. Ал кинодо да көптөгөн ролдорду аткарган: Сабира (реж. Т. Океев, «Кызыл алма»), Бермет (реж. К. Акматалиев, «Толкундар жээкте жоголот»), Чыңгызхандын аялы («Чыңгызхан», АКШ-Италия), Жамийланын энеси («Жамийла», АКШ-ГФР), Дарика (реж. Ж. Сооданбек, «Процесс»), Салима (реж. К. Акматалиев, «Июндагы үч күн»), Найман эне (реж. Б. Карагулов, «Найман эненин кошогу») ж. б. Дүйшөмбү шаарында өткөрүлгөн Орто Азия республикаларынын жана Казакстандын «Нооруз‑91» фестивалында «Петрарканын окуусу» кинофильминен (реж. Р. Ибрагимбеков) тергөөчү аялдын ролун мыкты аткаргандыгы үчүн лауреат деген наамга ээ болгон. 1998‑ж. «Бир актёрдун театры» менен Россия жана Украинанын шаарларында гастролдо болуп, Еврепиддин «Медея» спектаклин коюшкан. 2006-жылдан «Гульсара» менчик оюн‑зоок кинофирмасын жетектеп келет. Бир нече медалдар менен сыйланган.
''Т. Сатаров.''
[[File:АЖЫБЕКОВА8.png | thumb|none]] | ||
Гүлжан (Ч. Айтматов, К. Мухамеджанов, «Фудзиямадагы кадыр түн»), Уркуя (Н. Байтемиров, «Уркуя»), Бүбүжан (Ч. Айтматов, «Танабай коммунист»), Комиссар (В. Вишневский, «Оптимисттик трагедия»), Раневская (А. Чехов, «Алчалуу бак»), Кручинина (Островский, «Күнөөсүз күнөөлүүлөр»), Флорелла (Лопе де Вега, «Бий мугалими»), Дудук Катрин (Б. Брехт, «Өлөрман эне жана анын балдары») ж. б. Ал кинодо да көптөгөн ролдорду аткарган: Сабира (реж. Т. Океев, «Кызыл алма»), Бермет (реж. К. Акматалиев, «Толкундар жээкте жоголот»), Чыңгызхандын аялы («Чыңгызхан», АКШ-Италия), Жамийланын энеси («Жамийла», АКШ-ГФР), Дарика (реж. Ж. Сооданбек, «Процесс»), Салима (реж. К. Акматалиев, «Июндагы үч күн»), Найман эне (реж. Б. Карагулов, «Найман эненин кошогу») ж. б. Дүйшөмбү шаарында өткөрүлгөн Орто Азия республикаларынын жана Казакстандын «Нооруз‑91» фестивалында «Петрарканын | |||
[[File:АЖЫБЕКОВА9.png | thumb|«Найман эненин кошогу» кинофильминдеги Найман эненин ролунда – Гүлсара Ажыбекова.]] | [[File:АЖЫБЕКОВА9.png | thumb|«Найман эненин кошогу» кинофильминдеги Найман эненин ролунда – Гүлсара Ажыбекова.]] | ||
22:17, 28 Январь (Үчтүн айы) 2023 -деги абалы
АЖЫБЕКОВА Гүлсара (27. 3. 1950‑ж. т., Нарын обл., Нарын ш.) – артист, Кыргыз Республикасынын эл артисти. 1972‑ж. Москвадагы А. В. Луначарский атындагы мамлекеттик театр институтунун актёрдук факультетин бүткөн. 1972‑жылдан Кыргыз мамлекеттик академиялык драма театрында артист, 2002–04‑ж. Кыргызстан кинематографисттер союзунун төрайымы болуп эмгектенген. Ажыбекова театрда жана кинодо бүткүл инсандык, сүрөткердик кубаты менен каармандардын образын түзүп, алардын ички сырын, кулк‑мүнөзүн жөнөкөй, жеткиликтүү даражада бере алган. Аткарган негизги ролдору: Елизавета (У. Шекспир, «Ричард III»), Зубаржат (М. Карим, «Ай тутулган түндө»), Гүлжан (Ч. Айтматов, К. Мухамеджанов, «Фудзиямадагы кадыр түн»), Уркуя (Н. Байтемиров, «Уркуя»), Бүбүжан (Ч. Айтматов, «Танабай коммунист»), Комиссар (В. Вишневский, «Оптимисттик трагедия»), Раневская (А. Чехов, «Алчалуу бак»), Кручинина (Островский, «Күнөөсүз күнөөлүүлөр»), Флорелла (Лопе де Вега, «Бий мугалими»), Дудук Катрин (Б. Брехт, «Өлөрман эне жана анын балдары») ж. б. Ал кинодо да көптөгөн ролдорду аткарган: Сабира (реж. Т. Океев, «Кызыл алма»), Бермет (реж. К. Акматалиев, «Толкундар жээкте жоголот»), Чыңгызхандын аялы («Чыңгызхан», АКШ-Италия), Жамийланын энеси («Жамийла», АКШ-ГФР), Дарика (реж. Ж. Сооданбек, «Процесс»), Салима (реж. К. Акматалиев, «Июндагы үч күн»), Найман эне (реж. Б. Карагулов, «Найман эненин кошогу») ж. б. Дүйшөмбү шаарында өткөрүлгөн Орто Азия республикаларынын жана Казакстандын «Нооруз‑91» фестивалында «Петрарканын окуусу» кинофильминен (реж. Р. Ибрагимбеков) тергөөчү аялдын ролун мыкты аткаргандыгы үчүн лауреат деген наамга ээ болгон. 1998‑ж. «Бир актёрдун театры» менен Россия жана Украинанын шаарларында гастролдо болуп, Еврепиддин «Медея» спектаклин коюшкан. 2006-жылдан «Гульсара» менчик оюн‑зоок кинофирмасын жетектеп келет. Бир нече медалдар менен сыйланган.
Т. Сатаров.