Difference between revisions of "АК-ДӨБӨ - Талас облусундагы кыштак"

Кыргызстан Энциклопедия Жана Терминология Борбору дан
Jump to navigation Jump to search
(Айырма жок)

15:14, 13 Январь (Үчтүн айы) 2023 -деги абалы

АК-ДӨБӨ - Талас обл‑нун Бакай‑Ата р‑ндагы кыштак. Ак­-Дөбө айыл аймагына караштуу. Талас – Тараз (Казакстан) автомобиль жолунун боюнда, Та­лас д‑нын сол жээгинде, деңиз деңг. 1070 м би­йиктикте жайгашкан. Райондун борбору Ба­кай‑Ата кыш‑нан 13 км түн.-чыгыш тарапта. Тараз (Казакстан) темир жол бекетинен 95 км. 1891‑ж. отурукташкан. Калкы 4290 (2009); не­гизинен дыйканчылыкта жана мал чарбасында эмгектенет. Талас д‑нан чыгарылган Чоң Талас каналы айылды батыш тарабынан кесип өтөт. Эки орто мектеп, китепкана, бала бакча, амбулатория, турмуш‑тиричилик комбинатынын бө­лүмдөрү бар. Улуу Ата Мекендик согушта кур­ман болгондорго эстелик тургузулган. Жеке мен­чик «Боорукер» үйү ачылган (1994; үй ээси А. Бо­ромбаев). Анда кароосуз калган кары‑картандар багылат. Кыштакта КРнын эл сүрөтчүсү Т. Гер­цен туулган.