Difference between revisions of "АЭРОКЛИМАТОЛОГИЯ"
м (Kadyrm moved page АЭРОКЛИМАТОЛ ОГИЯ to АЭРОКЛИМАТОЛОГИЯ without leaving a redirect) |
|
(Айырма жок)
|
18:48, 29 Декабрь (Бештин айы) 2022 -деги абалы
АЭРОКЛИМАТОЛО́ГИЯ, (аэро… жана климатология) ‒ атмененын жогорку катмарындагы климаттык шарттар ж-дөгү илим; климатологиянын бир бөлүмү. Ал тропосферадагы жана стратосферанын төмөнкү бөлүгүндөгү климаттык шарттарды изилдейт. Көп жылдык байкоо менен радиозондоонун жана учуучу шар станциялардын маалыматтары А. үчүн негизги материалдар болуп эсептелет (к. Аэрология ). А-нын милдети ‒ негизги метеорол. элементтердин үч өлчөмдүү бөлүнүш жана өнүгүшүн эмпириялык жол менен аныктап, теориялык жактан түшүндүрүү. А-нын маалыматтары атмененын жалпы циркуляциясынын үч өлчөмдүү көрүнүшүн жана ага байланыштуу жер шарындагы темп-ранын, нымдуулуктун режимин аныктоого мүмкүндүк берет. Аба трансп. катнашын камсыз кылууда А-лык изилдөөлөрүнүн практикалык мааниси чоӊ.