Difference between revisions of "АБУЛХАЙР"
(Kerimova-59 moved page АБУЛХАЙР to АБЫЛХАЙР Кадыр бул макаланы өчүр) Tag: New redirect |
(Removed redirect to АБЫЛХАЙР Кадыр бул макаланы өчүр) Tag: Removed redirect |
||
1 -сап: | 1 -сап: | ||
'''АБУЛХАЙР''' [(туурасы Абу-л-Хайр хан (1412– 68)] — өзбек хандыгынын ханы (1428—68). ''Жучунун'' урпагы, Шейбанинин кичүү баласы Дөөлөт Шайыктын уулу. 15-к-дын 1-жарымында Чыгыш Дашт-и Кыпчактын аймагындагы ич ара согуштардан кийин 1428–29-ж. Тура обл-нун (Батыш Сибирь) Жайтар-Жалкын конушунда көпчүлүк уруулардын башкаруучу төбөлдөрүнүн колдоосу м-н 17 жашында хан жарыяланып бийликке келген. 15-к-дын 40-ж-нан гана ал мурдагы Ордо Ежендин улусу болгон талаалуу аймактардан тартып, Иртыш ж-а түн.-батыш Балхаш бойлоруна чейинки чөлкөмдөрдү баш ийдирүү м-н ээликтерин кеңейткен. А. тышкы саясатында төмөнкү Сыр-Дарыянын ж-а Арал бойлорундагы кышкы жайыттарды ээлеп, андан ары Түркстандын шаарларына чыгуу м-н өз мамлекетин чыңдоону көздөгөн. 1431-ж. ал Тука-Тимурдун урпактарынын улусуна кирген Сыр-Дарыянын төмөнкү агымын ж-а Арал бойлорун каратып алган. Талаа аймактарында бийлигин бекемдегенден кийин А. көчмөн төбөлдөрдүн колдоосуна таянып, түш. аймактарга жортуул жасай баштаган. 1430-ж. ал кыска мөөнөт Хорезмди ээлеп, Үргөнчтү талоонго алган. 1446-ж. Улугбектин Мавераннахрдын түштүгүнө ж-а Хорасанга кеткендигинен пайдаланып, Самарканд, Бухара ш-на жүрүш жасаган. Андан кийин Сыр-Дарыянын ортоңку агымындагы шаарларды баш ийдирип, аларды эмирлерине ж-а султандарына башкарууга бөлүп берген. Сыгнакты өзүнүн борбор калаасына айландырган. Ушундан кийин көчмөн өзбектердин чектери Моголстан м-н түздөн-түз жакындашып калган ж-а чек аралаш райондорго алардын кол салуу коркунучу туулган. А-дын Моголстанга жасаган жортуулдарынын бири 1451-ж. 22-апрелде аяктаган. Сыр-Дарыя ш-н басып алуудагы ийгиликтери жерг. касташкан төбөлдөрдүн А. м-н мамиле түзүшүнө алып келген. Ал тимуриддердин бири Абу Саиддин Самарканддагы бийликти басып алышына көмөк көргөзгөн. Аталган аймактарда анын ээлик кылышы Шейбани м-н Ордо улусунун ортосундагы касташууларды тереңдеткен, тагыраак айтканда, Сыр-Дарыянын бойлорунда ж-а Кара-Тоо аймактарында көчүп-конгон Жаныбек м-н Гирейдин кызыкчылыгына анын жүргүзгөн саясаты карама-каршы келген. 1457-ж. А. Көк-Кашандагы (Сыгнактан 5–8 ''км'' түш.-чыгышта) ойроттор м-н салгылашууда катуу жеңилүүгө учурап, Сыгнакка бекинген. Ал ойроттордун башчысы Уз-Тимур тайши м-н кемсинткен келишим түзүүгө барган ж-а Дашт-и Кыпчакка көчүп кетүүгө аргасыз болгон. Андан кийин эле Ак Ордо улусунун башкаруучусу Урусхандын урпактары Жаныбек ж-а Гирей А. м-н келише албай Моголстандын чектерине көчүп кетишкен. 1468-ж. А. хан Гирейди ж-а Жаныбекти чаап, Моголстандын жерлерин каратуу, о. эле ойроттордон өч алуу максатында калмактардын ж-а кыргыздардын журтун карай жортуулга аттанган. ''Махмуд ибн Валинин'' маалыматтары б-ча анын аскерлери Кара-Тоо, Талас өрөөнү, Чүй (Алатака, Йайлак, Кызылнадир ж-а Жетикудук) аркылуу жүрүп, андан ары Жети-Суунун түн.-чыгышына жеткен. А. кыргыз конуштары аркылуу калмактардын журтуна жетүүнү максат кылган. Бирок Ак-Кыштак (болжолу Алматыга жакын) деген жерге жеткенде А. каза болгон ж-а анын күчтөрү артка кайткан. А-дын жортуулуна байланышкан бул окуялар 15-к-дын орто чендеринде кыргыздардын Чыгыш Тянь-Шанда жашагандыгын ырастайт. Бул маалыматтарга караганда кыргыздар 15-к-дын ортосунда Чыгыш Теңир-Тоонун аймактарында, тагыраак айтканда Беш-Балык ж-а Алмалык ш-нын аралыгында жайгашып, кез-кезде алардын жерлери калмактардын колуна өтүп турган. Көчмөн өзбектердин мамлекетине кирген түрк-монгол уруулары кийинчерээк өзбек ж-а казак элдеринин этникалык калыптанышында маанилүү роль ойногон. А-дын небереси Шейбани хан 16-к-дын башталышында Мавераннахрды башкарып турган тимуриддерден (Султан Бабурдан) бийликти тартып алган ж-а ушул мезгилден О. Азияда көчмөн өзбектердин бийлиги орногон.<br> Ад.: ''Бортольд В. В.'' Абулхайр, соч., т. 2, часть 2, М., 1964; ''Ахмедов Б. А'' Государство кочевых узбеков. М., 1965. <br> ''Т. Асанов.'' | |||
<br> |
13:19, 29 Декабрь (Бештин айы) 2022 -деги абалы
АБУЛХАЙР [(туурасы Абу-л-Хайр хан (1412– 68)] — өзбек хандыгынын ханы (1428—68). Жучунун урпагы, Шейбанинин кичүү баласы Дөөлөт Шайыктын уулу. 15-к-дын 1-жарымында Чыгыш Дашт-и Кыпчактын аймагындагы ич ара согуштардан кийин 1428–29-ж. Тура обл-нун (Батыш Сибирь) Жайтар-Жалкын конушунда көпчүлүк уруулардын башкаруучу төбөлдөрүнүн колдоосу м-н 17 жашында хан жарыяланып бийликке келген. 15-к-дын 40-ж-нан гана ал мурдагы Ордо Ежендин улусу болгон талаалуу аймактардан тартып, Иртыш ж-а түн.-батыш Балхаш бойлоруна чейинки чөлкөмдөрдү баш ийдирүү м-н ээликтерин кеңейткен. А. тышкы саясатында төмөнкү Сыр-Дарыянын ж-а Арал бойлорундагы кышкы жайыттарды ээлеп, андан ары Түркстандын шаарларына чыгуу м-н өз мамлекетин чыңдоону көздөгөн. 1431-ж. ал Тука-Тимурдун урпактарынын улусуна кирген Сыр-Дарыянын төмөнкү агымын ж-а Арал бойлорун каратып алган. Талаа аймактарында бийлигин бекемдегенден кийин А. көчмөн төбөлдөрдүн колдоосуна таянып, түш. аймактарга жортуул жасай баштаган. 1430-ж. ал кыска мөөнөт Хорезмди ээлеп, Үргөнчтү талоонго алган. 1446-ж. Улугбектин Мавераннахрдын түштүгүнө ж-а Хорасанга кеткендигинен пайдаланып, Самарканд, Бухара ш-на жүрүш жасаган. Андан кийин Сыр-Дарыянын ортоңку агымындагы шаарларды баш ийдирип, аларды эмирлерине ж-а султандарына башкарууга бөлүп берген. Сыгнакты өзүнүн борбор калаасына айландырган. Ушундан кийин көчмөн өзбектердин чектери Моголстан м-н түздөн-түз жакындашып калган ж-а чек аралаш райондорго алардын кол салуу коркунучу туулган. А-дын Моголстанга жасаган жортуулдарынын бири 1451-ж. 22-апрелде аяктаган. Сыр-Дарыя ш-н басып алуудагы ийгиликтери жерг. касташкан төбөлдөрдүн А. м-н мамиле түзүшүнө алып келген. Ал тимуриддердин бири Абу Саиддин Самарканддагы бийликти басып алышына көмөк көргөзгөн. Аталган аймактарда анын ээлик кылышы Шейбани м-н Ордо улусунун ортосундагы касташууларды тереңдеткен, тагыраак айтканда, Сыр-Дарыянын бойлорунда ж-а Кара-Тоо аймактарында көчүп-конгон Жаныбек м-н Гирейдин кызыкчылыгына анын жүргүзгөн саясаты карама-каршы келген. 1457-ж. А. Көк-Кашандагы (Сыгнактан 5–8 км түш.-чыгышта) ойроттор м-н салгылашууда катуу жеңилүүгө учурап, Сыгнакка бекинген. Ал ойроттордун башчысы Уз-Тимур тайши м-н кемсинткен келишим түзүүгө барган ж-а Дашт-и Кыпчакка көчүп кетүүгө аргасыз болгон. Андан кийин эле Ак Ордо улусунун башкаруучусу Урусхандын урпактары Жаныбек ж-а Гирей А. м-н келише албай Моголстандын чектерине көчүп кетишкен. 1468-ж. А. хан Гирейди ж-а Жаныбекти чаап, Моголстандын жерлерин каратуу, о. эле ойроттордон өч алуу максатында калмактардын ж-а кыргыздардын журтун карай жортуулга аттанган. Махмуд ибн Валинин маалыматтары б-ча анын аскерлери Кара-Тоо, Талас өрөөнү, Чүй (Алатака, Йайлак, Кызылнадир ж-а Жетикудук) аркылуу жүрүп, андан ары Жети-Суунун түн.-чыгышына жеткен. А. кыргыз конуштары аркылуу калмактардын журтуна жетүүнү максат кылган. Бирок Ак-Кыштак (болжолу Алматыга жакын) деген жерге жеткенде А. каза болгон ж-а анын күчтөрү артка кайткан. А-дын жортуулуна байланышкан бул окуялар 15-к-дын орто чендеринде кыргыздардын Чыгыш Тянь-Шанда жашагандыгын ырастайт. Бул маалыматтарга караганда кыргыздар 15-к-дын ортосунда Чыгыш Теңир-Тоонун аймактарында, тагыраак айтканда Беш-Балык ж-а Алмалык ш-нын аралыгында жайгашып, кез-кезде алардын жерлери калмактардын колуна өтүп турган. Көчмөн өзбектердин мамлекетине кирген түрк-монгол уруулары кийинчерээк өзбек ж-а казак элдеринин этникалык калыптанышында маанилүү роль ойногон. А-дын небереси Шейбани хан 16-к-дын башталышында Мавераннахрды башкарып турган тимуриддерден (Султан Бабурдан) бийликти тартып алган ж-а ушул мезгилден О. Азияда көчмөн өзбектердин бийлиги орногон.
Ад.: Бортольд В. В. Абулхайр, соч., т. 2, часть 2, М., 1964; Ахмедов Б. А Государство кочевых узбеков. М., 1965.
Т. Асанов.