Difference between revisions of "АЯЛДАР КЫЙМЫЛЫ"
м (→top: clean up, replaced: м-н → менен (4), ж-а → жана (6)) |

1 -сап: | 1 -сап: | ||
'''АЯЛДАР КЫЙМЫЛЫ‒''' аялдардын экон., коомдук-саясий жана маданий чөйрөдөгү теӊ укуктуулук үчүн күрөшү, о. эле алардын саясий кыймылдарга катышуусу. А. к-нын башталышы шайлоого катышууга теӊ укук берүү талаптары менен Түн. Америкада 1775‒83-ж. көз карандысыздык үчүн согуштун учурунда пайда болгон. Француз рев-ясынын жүрүшүндө А. к. иш-аракеттерин уюшкандыкта жүргүзүшкөн. Ал жылдары Францияда аялдардын теӊдик үчүн күрөшүнө арналган алгачкы журнал жарык көргөн, аялдардын алгачкы уюму, клубдары пайда болгон. 1791-ж. Улуттук жыйналышка коюлган «Аялдар укуктарынын Декларациясы» (Олимпия де Гуж тарабынан иштелип чыккан) аялдардын социалдык жана саясий теӊ укуктуулугун таанууга багытталган. Бирок Француз рев-ясынын көпчүлүк жетекчилери теӊ укуктуулук идеясын четке кагышкан жана 1793-жылдын аяк ченинде аялдардын клубдары толугу менен жабылган. Англияда Мэри Уолстонкрафттын «Аялдардын укугун коргоо» аттуу эмгегинде келечектеги феминисттик кыймылдын негизги багыттары белгиленген. 19-к-дын 1-жарымынан аялдардын билим алууга, 19-к-дын орто ченинен эмгектенүүгө теӊ укуктуулугу тууралуу маселелер көтөрүлө баштаган. АКШда 1848-ж. июлда тарыхта биринчи ирет аялдардын укугун коргоо б-ча съезд өткөрүлгөн, кийин мындай съезддер жыл сайын чакырылган. 19-к-дын аягы ‒ 20-к-дын башында Латын Америкасында, Япония, Индия, Индонезия, Түркия, Иранда да А. к. башталган. 1888-ж. америкалык феминисттердин демилгеси менен аялдардын эл аралык уюму ‒ аялдардын Эл аралык совети уюшулган. А. к-нын өнүгүшүндө социалист аялдардын Эл аралык конференциялары чоӊ таасир тийгизген. 1-конференцияда (1907, Штутгарт) К. Цеткин башында турган аялдардын Эл аралык секретариаты түзүлгөн. 2-конференцияда (1910, Копенгаген) жыл сайын аялдардын Эл аралык күнүн (к. ''Аялдардын Эл аралык майрамы'') белгилөө тууралуу чечим кабыл алынган. Дүйнөлүк Биринчи (1914‒18) жана Экинчи согуштун (1939‒45) учурунда согушка каршы аялдардын Эл аралык комитеттери (1915-ж. Гаагада аялдардын бекем тынчтык үчүн Эл аралык к-ти; 1934-ж. Парижде согушка жана фашизмге каршы аялдардын Эл аралык к-ти) түзүлгөн. 1945-ж. курамына 39 өлкөнүн уюмдары кирген аялдардын Эл аралык демокр. федерациясы уюшулган. Дүйнөлүк экинчи согуштан кийин көпчүлүк өлкөлөрдүн аялдары шайлоо ж. б. саясий укуктарга ээ болгон. 1995-ж. БУУнун демилгеси менен өткөн IV Эл аралык конференцияда негизинен аялдардын абалын жакшыртуу ж-дө маселелер каралып, А. к-нын бүгүнкү күндөгү жаӊы этабы башталган. Учурдагы социал.-экон. кризистердин шартында аялдардын эл аралык уюмдары социал. конкреттүү маселелерди, алсак адам укуктарын бузууга каршы чечкиндүү иш-чараларды жүргүзүп жатат. Мындан тышкары коомдук, улуттук, эл аралык маселелерге көӊүл бурууда жана аларды чечүүдө активдүүлүгүн көрсөтүүдө.

''А. Кубатова.''
| ''А. Кубатова.''

14:47, 15 Декабрь (Бештин айы) 2022 -деги абалы
АЯЛДАР КЫЙМЫЛЫ‒ аялдардын экон., коомдук-саясий жана маданий чөйрөдөгү теӊ укуктуулук үчүн күрөшү, о. эле алардын саясий кыймылдарга катышуусу. А. к-нын башталышы шайлоого катышууга теӊ укук берүү талаптары менен Түн. Америкада 1775‒83-ж. көз карандысыздык үчүн согуштун учурунда пайда болгон. Француз рев-ясынын жүрүшүндө А. к. иш-аракеттерин уюшкандыкта жүргүзүшкөн. Ал жылдары Францияда аялдардын теӊдик үчүн күрөшүнө арналган алгачкы журнал жарык көргөн, аялдардын алгачкы уюму, клубдары пайда болгон. 1791-ж. Улуттук жыйналышка коюлган «Аялдар укуктарынын Декларациясы» (Олимпия де Гуж тарабынан иштелип чыккан) аялдардын социалдык жана саясий теӊ укуктуулугун таанууга багытталган. Бирок Француз рев-ясынын көпчүлүк жетекчилери теӊ укуктуулук идеясын четке кагышкан жана 1793-жылдын аяк ченинде аялдардын клубдары толугу менен жабылган. Англияда Мэри Уолстонкрафттын «Аялдардын укугун коргоо» аттуу эмгегинде келечектеги феминисттик кыймылдын негизги багыттары белгиленген. 19-к-дын 1-жарымынан аялдардын билим алууга, 19-к-дын орто ченинен эмгектенүүгө теӊ укуктуулугу тууралуу маселелер көтөрүлө баштаган. АКШда 1848-ж. июлда тарыхта биринчи ирет аялдардын укугун коргоо б-ча съезд өткөрүлгөн, кийин мындай съезддер жыл сайын чакырылган. 19-к-дын аягы ‒ 20-к-дын башында Латын Америкасында, Япония, Индия, Индонезия, Түркия, Иранда да А. к. башталган. 1888-ж. америкалык феминисттердин демилгеси менен аялдардын эл аралык уюму ‒ аялдардын Эл аралык совети уюшулган. А. к-нын өнүгүшүндө социалист аялдардын Эл аралык конференциялары чоӊ таасир тийгизген. 1-конференцияда (1907, Штутгарт) К. Цеткин башында турган аялдардын Эл аралык секретариаты түзүлгөн. 2-конференцияда (1910, Копенгаген) жыл сайын аялдардын Эл аралык күнүн (к. Аялдардын Эл аралык майрамы) белгилөө тууралуу чечим кабыл алынган. Дүйнөлүк Биринчи (1914‒18) жана Экинчи согуштун (1939‒45) учурунда согушка каршы аялдардын Эл аралык комитеттери (1915-ж. Гаагада аялдардын бекем тынчтык үчүн Эл аралык к-ти; 1934-ж. Парижде согушка жана фашизмге каршы аялдардын Эл аралык к-ти) түзүлгөн. 1945-ж. курамына 39 өлкөнүн уюмдары кирген аялдардын Эл аралык демокр. федерациясы уюшулган. Дүйнөлүк экинчи согуштан кийин көпчүлүк өлкөлөрдүн аялдары шайлоо ж. б. саясий укуктарга ээ болгон. 1995-ж. БУУнун демилгеси менен өткөн IV Эл аралык конференцияда негизинен аялдардын абалын жакшыртуу ж-дө маселелер каралып, А. к-нын бүгүнкү күндөгү жаӊы этабы башталган. Учурдагы социал.-экон. кризистердин шартында аялдардын эл аралык уюмдары социал. конкреттүү маселелерди, алсак адам укуктарын бузууга каршы чечкиндүү иш-чараларды жүргүзүп жатат. Мындан тышкары коомдук, улуттук, эл аралык маселелерге көӊүл бурууда жана аларды чечүүдө активдүүлүгүн көрсөтүүдө.
А. Кубатова.