Difference between revisions of "АТ ЖАБУУ"

Кыргызстан Энциклопедия Жана Терминология Борбору дан
Jump to navigation Jump to search
м (→‎top: clean up, replaced: м-н → менен (3), ж-а → жана (2))
1 -сап: 1 -сап:
‒ көчкөндө, чоӊ аш-тойлордо минилүүчү аттын ээринин алдына тердиктин үстүнөн аттын соорусуна чейин жабылуучу асем буюм. Ал жасалышы жана пайдаланышы б-ча бир нече түргө айырмаланат: 1) ''абайы'' ‒ жибектен тигилип, кыргактары саймаланып, четтерине чачы тагылып, баркыт же манат менен көбөөлөнүп, ичтелип жасалып, кыз-келиндер дин минген атына жабылат; 2) ''дикек'' ‒ өрмөкчүлүктө «терме», «беш кеште», «кажары» ыкмасы менен согулган таардын ич жагына кийиз тигилсе, кээ бир аймактарда саймаланган «шырдак» тердик жабылат; 3) кыз куумай, эӊиш, байге ж. б. оюндарга минилчү күлүк атка, жоргого атайын ''үртүк ‒'' «оромо жабуу» даярдалып, байгеге салынып, күйүккөн атты суутканда, ага суук тийбесин үчүн колдонулган. Ал жогоруда аталган таарлардын түрлөрүнөн же кымбат баалуу кездемеден кооздолуп, ичи жука кийиз менен ичтелип, четтерине оюм түшүрүлөт. Анын кулакчыны, көзүлдүрүгү, куйруктугу, ат буттугу болот да, аттын мойнун, көкүрөгүн ороп, капталы жана соорусун жаап турат. Учурда асемделип жасалган А. ж. салттуу майрамдарда пайдаланылат.

'''АТ ЖАБУУ'''‒ көчкөндө, чоӊ аш-тойлордо минилүүчү аттын ээринин алдына тердиктин үстүнөн аттын соорусуна чейин жабылуучу асем буюм. Ал жасалышы жана пайдаланышы б-ча бир нече түргө айырмаланат: 1) ''абайы'' ‒ жибектен тигилип, кыргактары саймаланып, четтерине чачы тагылып, баркыт же манат менен көбөөлөнүп, ичтелип жасалып, кыз-келиндердин минген атына жабылат; 2) ''дикек'' ‒ өрмөкчүлүктө «терме», «беш кеште», «кажары» ыкмасы менен согулган таардын ич жагына кийиз тигилсе, кээ бир аймактарда саймаланган «шырдак» тердик жабылат; 3) кыз куумай, эӊиш, байге ж. б. оюндарга минилчү күлүк атка, жоргого атайын ''үртүк ‒'' «оромо жабуу» даярдалып, байгеге салынып, күйүккөн атты суутканда, ага суук тийбесин үчүн колдонулган. Ал жогоруда аталган таарлардын түрлөрүнөн же кымбат баалуу кездемеден кооздолуп, ичи жука кийиз менен ичтелип, четтерине оюм түшүрүлөт. Анын кулакчыны, көзүлдүрүгү, куйруктугу, ат буттугу болот да, аттын мойнун, көкүрөгүн ороп, капталы жана соорусун жаап турат. Учурда асемделип жасалган А. ж. салттуу майрамдарда пайдаланылат.

''Ө. Осмонов.''

''Ө. Осмонов.''

11:49, 6 Декабрь (Бештин айы) 2022 -деги абалы

АТ ЖАБУУ‒ көчкөндө, чоӊ аш-тойлордо минилүүчү аттын ээринин алдына тердиктин үстүнөн аттын соорусуна чейин жабылуучу асем буюм. Ал жасалышы жана пайдаланышы б-ча бир нече түргө айырмаланат: 1) абайы ‒ жибектен тигилип, кыргактары саймаланып, четтерине чачы тагылып, баркыт же манат менен көбөөлөнүп, ичтелип жасалып, кыз-келиндердин минген атына жабылат; 2) дикек ‒ өрмөкчүлүктө «терме», «беш кеште», «кажары» ыкмасы менен согулган таардын ич жагына кийиз тигилсе, кээ бир аймактарда саймаланган «шырдак» тердик жабылат; 3) кыз куумай, эӊиш, байге ж. б. оюндарга минилчү күлүк атка, жоргого атайын үртүк ‒ «оромо жабуу» даярдалып, байгеге салынып, күйүккөн атты суутканда, ага суук тийбесин үчүн колдонулган. Ал жогоруда аталган таарлардын түрлөрүнөн же кымбат баалуу кездемеден кооздолуп, ичи жука кийиз менен ичтелип, четтерине оюм түшүрүлөт. Анын кулакчыны, көзүлдүрүгү, куйруктугу, ат буттугу болот да, аттын мойнун, көкүрөгүн ороп, капталы жана соорусун жаап турат. Учурда асемделип жасалган А. ж. салттуу майрамдарда пайдаланылат.

Ө. Осмонов.