Difference between revisions of "АТАЙ Огомбаев"
1 -сап: | 1 -сап: | ||
'''АТАЙ''' Огомбаев (1900, Талас обл., Талас р-ну, Көк-Кашат айылы ‒ 1949, ошол эле жерде) ‒ ырчы, комузчу, күүчү жана обончу. КРдин эл артисти (1939). А. Огомбаев жети жашынан комуз черте баштап, 13‒14 жашында эл ырлары менен күүлөрүн аткаруучу катары таанылган. Устаттары Жантакбай, Абдракман, Субанаалы, Айдараалынын күүлөрүн чебер гана чертпестен, кайруусуна кайруу улап, ажарын ача аткарган. 1926-ж. Токтогул менен жолугушуусу бүткүл чыгармачылыгына өзгөчө бурулуш жасаган, андан таалим алып, ырчылык жана комузчулук өнөрүн үйрөнгөн. А. Огомбаев 1935-ж. Кыргыз мамлекеттик драма театрына кирип, 1936-ж. филармония уюшулганда, ага солист болуп которулган. | '''АТАЙ''' Огомбаев (1900, Талас обл., Талас р-ну, Көк-Кашат айылы ‒ 1949, ошол эле жерде) ‒ ырчы, комузчу, күүчү жана обончу. КРдин эл артисти (1939). А. Огомбаев жети жашынан комуз черте баштап, 13‒14 жашында эл ырлары менен күүлөрүн аткаруучу катары таанылган. Устаттары Жантакбай, Абдракман, Субанаалы, Айдараалынын күүлөрүн чебер гана чертпестен, кайруусуна кайруу улап, ажарын ача аткарган. 1926-ж. Токтогул менен жолугушуусу бүткүл чыгармачылыгына өзгөчө бурулуш жасаган, андан таалим алып, ырчылык жана комузчулук өнөрүн үйрөнгөн. А. Огомбаев 1935-ж. Кыргыз мамлекеттик драма театрына кирип, 1936-ж. филармония уюшулганда, ага солист болуп которулган. | ||
[[File:АТАЙ19.png | thumb|none]] | [[File:АТАЙ19.png | thumb|none]] | ||
1939-ж. ошол жерде комузчулар ансамблин уюштурган. 1940-ж. Москвада өз демилгелүү композиторлордун (элдик күүчүлөрдүн жана обончулардын) курсунда окуп, | 1939-ж. ошол жерде комузчулар ансамблин уюштурган. 1940-ж. Москвада өз демилгелүү композиторлордун (элдик күүчүлөрдүн жана обончулардын) курсунда окуп, С. Прокофьев, В. М. Глиэр сыяктуу атактуу композиторлордон сабак алган. А-дын кыргыздын элдик обондорунун салттарында жаралган лирикалык ырлары («Күйдүм чок», «Эсимде», «Гүл», «Ой, булбул», «Жаштар» ж.б.) угуучуларга кеӊири маалым. Анын ырларынын обондору созулмалуу келип, нукура асемдүүлүккө ээ. «Ак Зыйнат», «Куралай», «Майчач» сыяктуу элдик ырларды да чебер аткарган. Өзүнүн «Шекер», «Тарт музыка», «Кыял | ||
күү», «Тоо булбулу» аттуу классикалык күүлөрү да бар. Токтогулдун «Келгендеги кербезим», «Чоӊ кербез», «Бала элем», «Карылык», «Үлгү ыр», «Армандуу чымчык» ж. б. ондогон ыр, күүлөрүн аткарган. | күү», «Тоо булбулу» аттуу классикалык күүлөрү да бар. Токтогулдун «Келгендеги кербезим», «Чоӊ кербез», «Бала элем», «Карылык», «Үлгү ыр», «Армандуу чымчык» ж. б. ондогон ыр, күүлөрүн аткарган. Композитор В. Власов, А. Малдыбаев, В. Фере А. Огомбаевдин «Күйдүм чогун» «Айчүрөк» операсындагы Айчүрөктүн лирикалык темасына, С. Ряузов «Жаштарын» «Ак шумкар» операсына, В. Фере «Эсимдесин» «Кыргызстан» аттуу симфониясынын негизги бөлүмүнө башкы тема катары пайдаланышкан. А. Түлөев анын көптөгөн күүлөрү менен обондорунун негизинде «Атай» аттуу симфония жазган (1962). Р. Миронович «Эсимдени» симф. оркестр үчүн иштеп чыкса, Б. Феферман «Маш ботой» күүсүнөн «Салтанат туу увертюра» жараткан (1957). А-дын ушул эле күүсү А. Аманбаевдин симф. «Бий сюитасынын» 3-бөлүмүнө алынган. А-дын бардык обондору менен күүлөрү фортепьяно жана эл аспаптары, симф. оркестрлер үчүн иштелип чыккан. А. 1939-ж. Москвада өткөн кыргыз искусствосунун 1-декадасына, ошол эле жылы Москвада өткөн элдик аспаптарда ойноочулардын Бүткүл союздук 1-кароосуна, 1942-ж. Фрунзеде өткөн О. Азия республикаларынын жана Казакстандын 1-музыкалык он күндүгүнө, 1944-ж. Ташкентте өткөн О. Азия республикаларынын жана Казакстандын 2-музыкалык он күндүгүнө катышкан. Таласта анын аты айылга, мектепке коюлган, Бишкек шаарында бир көчөгө ысмы берилген. А. Огомбаев ж-дө музыка изилдөөчү В. С. Виноградов эскерүү китепчесин, жазуучу К. Каимов «Атай» романын жазган. 2001-ж. Таластагы «Манас ордо» комплексинде Атайдын туулган күнүнүн 100 жылдыгына арналган «Талас таӊшыйт» аттуу эл аралык фестиваль өткөрүлгөн. Ага карата анын ырлары, күүлөрү, эскерүүлөрү кирген «Атай» аттуу көлөмдүү жыйнак алгачкы жолу жарык көргөн, Талас областтарынын борборунда анын музейи ачылган. Эмгек Кызыл Туу, «Ардак Белгиси» ордендери жана бир нече медалдар менен сыйланган.
Ад.: ''Виноградов В. С''. Атай Огомбаев. М., 1960; ''Алагушов Б''. Кыргыз комузчулары жана комуз күүлөрү. Ф., 1961; ''Каимов К''. Атай. Роман. Ф., 1969.

Ад.: ''Виноградов В. С''. Атай Огомбаев. М., 1960; ''Алагушов Б''. Кыргыз комузчулары жана комуз күүлөрү. Ф., 1961; ''Каимов К''. Атай. Роман. Ф., 1969.

10:27, 6 Декабрь (Бештин айы) 2022 -деги абалы
АТАЙ Огомбаев (1900, Талас обл., Талас р-ну, Көк-Кашат айылы ‒ 1949, ошол эле жерде) ‒ ырчы, комузчу, күүчү жана обончу. КРдин эл артисти (1939). А. Огомбаев жети жашынан комуз черте баштап, 13‒14 жашында эл ырлары менен күүлөрүн аткаруучу катары таанылган. Устаттары Жантакбай, Абдракман, Субанаалы, Айдараалынын күүлөрүн чебер гана чертпестен, кайруусуна кайруу улап, ажарын ача аткарган. 1926-ж. Токтогул менен жолугушуусу бүткүл чыгармачылыгына өзгөчө бурулуш жасаган, андан таалим алып, ырчылык жана комузчулук өнөрүн үйрөнгөн. А. Огомбаев 1935-ж. Кыргыз мамлекеттик драма театрына кирип, 1936-ж. филармония уюшулганда, ага солист болуп которулган.
1939-ж. ошол жерде комузчулар ансамблин уюштурган. 1940-ж. Москвада өз демилгелүү композиторлордун (элдик күүчүлөрдүн жана обончулардын) курсунда окуп, С. Прокофьев, В. М. Глиэр сыяктуу атактуу композиторлордон сабак алган. А-дын кыргыздын элдик обондорунун салттарында жаралган лирикалык ырлары («Күйдүм чок», «Эсимде», «Гүл», «Ой, булбул», «Жаштар» ж.б.) угуучуларга кеӊири маалым. Анын ырларынын обондору созулмалуу келип, нукура асемдүүлүккө ээ. «Ак Зыйнат», «Куралай», «Майчач» сыяктуу элдик ырларды да чебер аткарган. Өзүнүн «Шекер», «Тарт музыка», «Кыял
күү», «Тоо булбулу» аттуу классикалык күүлөрү да бар. Токтогулдун «Келгендеги кербезим», «Чоӊ кербез», «Бала элем», «Карылык», «Үлгү ыр», «Армандуу чымчык» ж. б. ондогон ыр, күүлөрүн аткарган. Композитор В. Власов, А. Малдыбаев, В. Фере А. Огомбаевдин «Күйдүм чогун» «Айчүрөк» операсындагы Айчүрөктүн лирикалык темасына, С. Ряузов «Жаштарын» «Ак шумкар» операсына, В. Фере «Эсимдесин» «Кыргызстан» аттуу симфониясынын негизги бөлүмүнө башкы тема катары пайдаланышкан. А. Түлөев анын көптөгөн күүлөрү менен обондорунун негизинде «Атай» аттуу симфония жазган (1962). Р. Миронович «Эсимдени» симф. оркестр үчүн иштеп чыкса, Б. Феферман «Маш ботой» күүсүнөн «Салтанат туу увертюра» жараткан (1957). А-дын ушул эле күүсү А. Аманбаевдин симф. «Бий сюитасынын» 3-бөлүмүнө алынган. А-дын бардык обондору менен күүлөрү фортепьяно жана эл аспаптары, симф. оркестрлер үчүн иштелип чыккан. А. 1939-ж. Москвада өткөн кыргыз искусствосунун 1-декадасына, ошол эле жылы Москвада өткөн элдик аспаптарда ойноочулардын Бүткүл союздук 1-кароосуна, 1942-ж. Фрунзеде өткөн О. Азия республикаларынын жана Казакстандын 1-музыкалык он күндүгүнө, 1944-ж. Ташкентте өткөн О. Азия республикаларынын жана Казакстандын 2-музыкалык он күндүгүнө катышкан. Таласта анын аты айылга, мектепке коюлган, Бишкек шаарында бир көчөгө ысмы берилген. А. Огомбаев ж-дө музыка изилдөөчү В. С. Виноградов эскерүү китепчесин, жазуучу К. Каимов «Атай» романын жазган. 2001-ж. Таластагы «Манас ордо» комплексинде Атайдын туулган күнүнүн 100 жылдыгына арналган «Талас таӊшыйт» аттуу эл аралык фестиваль өткөрүлгөн. Ага карата анын ырлары, күүлөрү, эскерүүлөрү кирген «Атай» аттуу көлөмдүү жыйнак алгачкы жолу жарык көргөн, Талас областтарынын борборунда анын музейи ачылган. Эмгек Кызыл Туу, «Ардак Белгиси» ордендери жана бир нече медалдар менен сыйланган.
Ад.: Виноградов В. С. Атай Огомбаев. М., 1960; Алагушов Б. Кыргыз комузчулары жана комуз күүлөрү. Ф., 1961; Каимов К. Атай. Роман. Ф., 1969.