Difference between revisions of "АТАГЕЛДИЕВ Мунарбек Муӊдукович"

Кыргызстан Энциклопедия Жана Терминология Борбору дан
Jump to navigation Jump to search
(Айырма жок)

10:05, 6 Декабрь (Бештин айы) 2022 -деги абалы

АТАГЕЛДИЕВ Мунарбек Муӊдукович (7. 9. 1949-ж. т., Фрунзе ш.) ‒ скрипач. КРдин эл артисти (1993). П. Шубин атн. балдар музыкалык мектебинин скрипка классын, Кыргыз мамлекеттик музыкалык-хореографиялык окуу жайын (1973) бүтүрүп, Б. Бейшеналиева атн. Кыргыз мамлекеттик искусство институтунун скрипка классына кирген. Студент кезинде эле Кыргыз улуттук телерадиокорпорациясынын академиялык симфониялык оркестринде скрипач, кийин концертмейстер болгон. Оркестр коллективи менен бирге концерттерде композиторлор Л. Бетховендин, С. Прокофьевдин, Ф. Листтин, П. Чайковскийдин, В. А. Моцарттын, Д. Шостаковичтин ж. б. жана кыргыз композиторлорунун, обончулардын чыгармаларын аткарган. Москва, Ташкент, Алматы шаарларында, Африка, Турция, Балтика мамлекеттеринде ж. б. болуп, эл аралык фестивалдарга катышкан. Медалдар менен сыйланган.

АТАГЕЛДИЕВ18.png