Difference between revisions of "БАБУР"

Кыргызстан Энциклопедия Жана Терминология Борбору дан
Jump to navigation Jump to search
м (→‎top: clean up, replaced: м-н → менен (6), ж-а → жана (4))
1 -сап: 1 -сап:
З а х и р а д-д и н М у х а м м е д [14. 2. 1483, Фергана өрөөнү, Аксыкент (Ахси) ш. ‒ 26. 12. 1530, Индостан, Агра ш.] ‒ Индияда Моголдор мамлекетинин (1526) негиздөөчүсү; мамл. ишмер, акын жана жазуучу. Тимуриддер тукумунан; Омор-Шайыктын уулу. Б. 12 жашында атасынан Фергана тагын мурастап калган. Аз убакыт ичинде ал Исфара, Кожент ж. б. ш-ды өзүнө багындырган. Аму-Дарыя менен Сыр-Дарыянын аралыгында (Мавераннахр) бирдиктүү мамлекет курууга аракеттенген жана аны ишке ашыруу үчүн башка хандар жана бектер менен таймашып келген.
'''БАБУР''',З а х и р а д-д и н М у х а м м е д [14. 2. 1483, Фергана өрөөнү, Аксыкент (Ахси) ш. ‒ 26. 12. 1530, Индостан, Агра ш.] ‒ Индияда Моголдор мамлекетинин (1526) негиздөөчүсү; мамл. ишмер, акын жана жазуучу. Тимуриддер тукумунан; Омор-Шайыктын уулу. Б. 12 жашында атасынан Фергана тагын мурастап калган. Аз убакыт ичинде ал Исфара, Кожент ж. б. ш-ды өзүнө багындырган. Аму-Дарыя менен Сыр-Дарыянын аралыгында (Мавераннахр) бирдиктүү мамлекет курууга аракеттенген жана аны ишке ашыруу үчүн башка хандар жана бектер менен таймашып келген.
[[File:БАБУР98.png | thumb|Захир ад-дин Бабур. Орто кылымдагы миниатюра.]]
[[File:БАБУР98.png | thumb|Захир ад-дин Бабур. Орто кылымдагы миниатюра.]]
1501-ж. Б. Самарканды басып алган, бирок Мухаммед Шейбанинин аскерлерине туруштук бере албай, ошол эле жылы шаарды калтырып кеткен. 1504-ж. Шейбани башында турган көчмөн өзбектер Б-ду Ферганадан кууп чыккан соӊ, ал Афганистанга кетүүгө аргасыз болгон. Ошол эле жылы Б. азыркы Кабул ш-н каратып алган. Анын 1512-ж. чейин өз мекени Бухара менен Самарканд аймактарын кайра алуу үчүн күрөшүнөн майнап чыккан эмес. 1519-ж. Б. Индияга жортуул жасап, 1525-ж. Делиге аттанган. Делинин башкаруучусу Ибрагим Лоди менен 1526-ж. Панипата талаасында, 1527-ж. Раджпут князы Сангра Сингхти Кхануанын жанында жеӊип чыгып, 1529-ж. чейин ал Чыгыш Афганистанды, Пенджабды, Ганг өрөөнүн Бенгалиянын чегине чейин өзүнө каратып алып, бул аймакта Могол империясын негиздеген.

09:06, 6 Декабрь (Бештин айы) 2022 -деги абалы

БАБУР,З а х и р а д-д и н М у х а м м е д [14. 2. 1483, Фергана өрөөнү, Аксыкент (Ахси) ш. ‒ 26. 12. 1530, Индостан, Агра ш.] ‒ Индияда Моголдор мамлекетинин (1526) негиздөөчүсү; мамл. ишмер, акын жана жазуучу. Тимуриддер тукумунан; Омор-Шайыктын уулу. Б. 12 жашында атасынан Фергана тагын мурастап калган. Аз убакыт ичинде ал Исфара, Кожент ж. б. ш-ды өзүнө багындырган. Аму-Дарыя менен Сыр-Дарыянын аралыгында (Мавераннахр) бирдиктүү мамлекет курууга аракеттенген жана аны ишке ашыруу үчүн башка хандар жана бектер менен таймашып келген.

Захир ад-дин Бабур. Орто кылымдагы миниатюра.

1501-ж. Б. Самарканды басып алган, бирок Мухаммед Шейбанинин аскерлерине туруштук бере албай, ошол эле жылы шаарды калтырып кеткен. 1504-ж. Шейбани башында турган көчмөн өзбектер Б-ду Ферганадан кууп чыккан соӊ, ал Афганистанга кетүүгө аргасыз болгон. Ошол эле жылы Б. азыркы Кабул ш-н каратып алган. Анын 1512-ж. чейин өз мекени Бухара менен Самарканд аймактарын кайра алуу үчүн күрөшүнөн майнап чыккан эмес. 1519-ж. Б. Индияга жортуул жасап, 1525-ж. Делиге аттанган. Делинин башкаруучусу Ибрагим Лоди менен 1526-ж. Панипата талаасында, 1527-ж. Раджпут князы Сангра Сингхти Кхануанын жанында жеӊип чыгып, 1529-ж. чейин ал Чыгыш Афганистанды, Пенджабды, Ганг өрөөнүн Бенгалиянын чегине чейин өзүнө каратып алып, бул аймакта Могол империясын негиздеген.

«Тахти-Сулайман дагы худжра (үжөрө). «Бабурдун үйү» (Ош ш.)

Мамлекеттин борбору Дели ш. болгон. Б. мамлекеттин экономикасын, сооданы өнүктүрүүгө өзгөчө көӊүл бурган. Шейбаниддер мамлекети менен жоолашып келгендигине карабастан, О. Азия элдери менен соода жана элчилик карым-катнаштарды түзүүгө аракеттенген. Орус жылнаамалык даректерине караганда Б. Россияга, Василий III Ивановичке достук, соода катнаштарын түзүү тууралуу кат жазып, 1532-ж. элчи жиберет. Жаӊы мамлекет ‒ Улуу Моголдор империясы Индияны англичандар басып алганга чейин (1856) өкүм сүргөн. Б. Агра ш-нда дүйнөдөн кайтып, сөөгү Кабул ш-на алып келинип, Шердарбаза тоосунун этегине коюлган. Бул жер «Бабур багы» деп аталат. Ал өзүнүн өмүр жолу, саясий ишмердиги тууралуу атактуу «Бабур-наама» китебин жазган. Б. лирикалык ырлардын, аруз ж-дөгү трактаттын (ыр жазуу өнөрү тууралуу) бир канча китептердин автору. Көп эмгектери кыргыз тилине да которулган.
Чыг.: Анрика. М., 1957; Бабур-наме. Записки Бабура //Пер. М. Салье, Таш., 1958; Бабур-нае// Бабур З. М. [Избранное Таш. 1982. Кн.2]
Ад.: Кор-Оглы Х. Г., Узбекская литература. М., 1968; Азимжанова С. А. Государство Бабура в Кабуле и в Индии. М. 1977; Алаев Л. Б. Средневековая Индия. СП б., 2003.

З. Эралиев.