Difference between revisions of "АСТЕНИЯ"
1 -сап: | 1 -сап: | ||
'''АСТЕНИЯ''' (гр. actheneia ‒ дармансыздык, күчтөн таюу) ‒ нерв-психикалык жабыркоо. Мында оорулуу бат чарчайт, ишке жөндөмү төмөндөйт, өтө жарыкты, ызы-чууну сүйбөйт. Ага нерв системасынын чарчоосу, психикалык жабыркоо, чала уктоо, санаркоо, күйүт тартуу, мээ чайкалуу, иштен чарчоо, аракечтик, маалы м-н тамактанбай, эс албай жүрүү ж. б. себеп болот. Бейтап өзүнчө, элден обочо болууну каалайт. Уйкусу жакшы болбой, коркунучтуу түш көрөт. Тамакка табити тартпай, ичи катат же өтөт; кара тер басып, жүрөгү тез кагат. Оорунун башталышында эмгек м-н эс алууну туура айкалыштыруу, витаминдүү тамак ичүү, дене тарбия көнүгүүлөрүн жасоо, үйдө ж-а иште ыӊгайлуу шарт түзүү керек. Гипноз, психотерапия, ийне сайып дарылоо ж-а сеп алдыруучу дарылар м-н дарылайт.<br> |
17:12, 5 Декабрь (Бештин айы) 2022 -деги абалы
АСТЕНИЯ (гр. actheneia ‒ дармансыздык, күчтөн таюу) ‒ нерв-психикалык жабыркоо. Мында оорулуу бат чарчайт, ишке жөндөмү төмөндөйт, өтө жарыкты, ызы-чууну сүйбөйт. Ага нерв системасынын чарчоосу, психикалык жабыркоо, чала уктоо, санаркоо, күйүт тартуу, мээ чайкалуу, иштен чарчоо, аракечтик, маалы м-н тамактанбай, эс албай жүрүү ж. б. себеп болот. Бейтап өзүнчө, элден обочо болууну каалайт. Уйкусу жакшы болбой, коркунучтуу түш көрөт. Тамакка табити тартпай, ичи катат же өтөт; кара тер басып, жүрөгү тез кагат. Оорунун башталышында эмгек м-н эс алууну туура айкалыштыруу, витаминдүү тамак ичүү, дене тарбия көнүгүүлөрүн жасоо, үйдө ж-а иште ыӊгайлуу шарт түзүү керек. Гипноз, психотерапия, ийне сайып дарылоо ж-а сеп алдыруучу дарылар м-н дарылайт.