Difference between revisions of "АЛАЙКУУ КЫРКА ТООСУ"

Кыргызстан Энциклопедия Жана Терминология Борбору дан
Jump to navigation Jump to search
228-323>KadyrM
 
м (1 revision imported)
(Айырма жок)

21:27, 25 Январь (Үчтүн айы) 2022 -деги абалы

 түш.-батыш Теӊир-Тоодо. Чыгышынан Фергана тоо тизмеги, батышынан Көк-Суунун алабы, түндүгүнөн Алайкуу өрөөнү, түштүгүнөн Кара-Чал тоосу м-н чектешет. Эркеч, Саба-Жарды, Туюк-Кайыӊды, Көл-Кайыӊды, Айры-Таш, Кыздар, Кемпир, Бооралбас ж-а Үч-Казык тоолорунан турат. Уз. 70 км, эӊ жазы жери 45 км. Орт. бийикт. 4190 м, эӊ бийик жери 5300 м (Манастын ээри чокусу). Рельефи татаал, тоо тармактары тектон. жаракалар м-н бөлүнгөн. Тармактары батыш тарабында узун (15‒20 км), чыгышында кыска (5‒10 км), капталдары жазы ж-а айдөш. Негизинен палеозой м-н бор мезгилиндеги акиташ теги, сланец, бир аз гранит, мрамор, конгломерат ж.б. тектерден түзүлгөн. Азыркы мөӊгүлөр Кыздар, Кашка-Суу , Манастын ээри, Ой-Бала, Эркеч, Агечки ж-а Көл-Кайыӊды тоолорунда кездешет . Шалбаалуу талаа, токойлуу шалбаа, токой,

субальп, альп шалбаасы, 3900 м бийиктиктен жогору гляциалдык-нивалдык ландшафт алкактары мүнөздүү. Кыркатоолор жайкы жайыт.