Difference between revisions of "АНТИГУА ЖАНА БАРБУДА"

Кыргызстан Энциклопедия Жана Терминология Борбору дан
Jump to navigation Jump to search
м (→‎top: clean up, replaced: м-н → менен (2), ж-а → жана (15), а. и. → анын ичинде (4))
1 -сап: 1 -сап:
'''АНТИГУА ЖАНА БАРБУДА–''' Вест-Индиядагы мамлекет. Кариб деңизинин чыгыш бөлүгүндө, Кичи Антил а. архипелагында, ''Айдарым''
'''АНТИГУА ЖАНА БАРБУДА–''' Вест-Индиядагы мамлекет. Кариб деңизинин чыгыш бөлүгүндө, Кичи Антил а. архипелагында, ''Айдарым''
аралдар'' тобунда жайгашкан. Антигуа, Барбуда, Редонда а-н ж-а Антигуа а-на жакын бир
аралдар'' тобунда жайгашкан. Антигуа, Барбуда, Редонда а-н жана Антигуа а-на жакын бир
нече майда аралдарды камтыйт. Аянты 443 ''км2''
нече майда аралдарды камтыйт. Аянты 443 ''км2''
(а. и. Антигуа 281 ''км''2, Барбуда 161 ''км2).'' Калкы
(анын ичинде Антигуа 281 ''км''2, Барбуда 161 ''км2).'' Калкы
85,6 миң (2009). Борбору – Сент-Жонс ш. (Антигуа а-нда). Расмий тили – англис тили. Акча
85,6 миң (2009). Борбору – Сент-Жонс ш. (Антигуа а-нда). Расмий тили – англис тили. Акча
бирдиги – чыгыш кариб доллары. Адм.-айм.
бирдиги – чыгыш кариб доллары. Адм.-айм.
жактан 6 приходко (адм.-айм. бирдик) ж-а 2
жактан 6 приходко (адм.-айм. бирдик) жана 2
опекалык аймакка (Барбуда, Редонда) бөлүнөт.

опекалык аймакка (Барбуда, Редонда) бөлүнөт.

А. ж-а Б. – унитардык мамлекет. Шериктештикке кирет. Конституциясы 31. 7. 1981-ж.
А. жана Б. – унитардык мамлекет. Шериктештикке кирет. Конституциясы 31. 7. 1981-ж.
кабыл алынган. Башкаруу формасы – консти[[File:АНТИГУА ЖАНА БАРБУДА_105.png | thumb | none]]
кабыл алынган. Башкаруу формасы – консти[[File:АНТИГУА ЖАНА БАРБУДА_105.png | thumb|none]]
[[File:АНТИГУА ЖАНА БАРБУДА_106.png | thumb | none]]
[[File:АНТИГУА ЖАНА БАРБУДА_106.png | thumb|none]]
тутциялык монархия. Мамл. башчысы – британ монархы; А. ж-а Б-нын премьер-министринин сунушу м-н дайындалган анын өкүлү ген.губернатор башкарат. Мыйзам чыгаруучу жогорку органы – эки палаталуу парламент (анын
тутциялык монархия. Мамл. башчысы – британ монархы; А. жана Б-нын премьер-министринин сунушу менен дайындалган анын өкүлү ген.губернатор башкарат. Мыйзам чыгаруучу жогорку органы – эки палаталуу парламент (анын
17 мүчөсүнүн 16сы Антигуадан, бирөө Барбудадан). Өлкө БУУнун (1981-жылдан), Америка
17 мүчөсүнүн 16сы Антигуадан, бирөө Барбудадан). Өлкө БУУнун (1981-жылдан), Америка
мамлекеттери уюмунун (1981) мүчөсү.

мамлекеттери уюмунун (1981) мүчөсү.

Антигуа а-нын жеринин бети дөңсөөлүү, түш.батышы көтөрүнкү келип, бийикт. 402 ''м''ге чейин (Богги чокусу, өлкөнүн эң бийик жери).
Антигуа а-нын жеринин бети дөңсөөлүү, түш.батышы көтөрүнкү келип, бийикт. 402 ''м''ге чейин (Богги чокусу, өлкөнүн эң бийик жери).
Жээк тилкелери өтө тилмеленген. Терең бухталуу гавандары бар. Барбуданын жеринин бети
Жээк тилкелери өтө тилмеленген. Терең бухталуу гавандары бар. Барбуданын жеринин бети
тегиз келген коралл аралы, терең лагуна, кумдуу пляждары бар, коралл рифтери м-н курчалган. Редонда – аскалуу арал. Климаты тропиктик пассаттык. Жылдык орт. темп-расы 27°С
тегиз келген коралл аралы, терең лагуна, кумдуу пляждары бар, коралл рифтери менен курчалган. Редонда – аскалуу арал. Климаты тропиктик пассаттык. Жылдык орт. темп-расы 27°С
(июлдуку 30°Сге чейин). Жаан-чачыны 1150 ''мм.''
(июлдуку 30°Сге чейин). Жаан-чачыны 1150 ''мм.''
Июль – октябрь айларында катуу шамал (ураган) болот. Агын суулары жок болгондуктан тузсуз суу таңкыз. Аймагында Нельсонс-Докярд
Июль – октябрь айларында катуу шамал (ураган) болот. Агын суулары жок болгондуктан тузсуз суу таңкыз. Аймагында Нельсонс-Докярд
21 -сап: 21 -сап:
Калкынын көпчүлүгү вест-индиялык негрлер
Калкынын көпчүлүгү вест-индиялык негрлер
(антигуалыктар; 82%), о. эле мулаттар (3%),
(антигуалыктар; 82%), о. эле мулаттар (3%),
АКШлык америкалыктар (12%). Христиан динин туткандар 96% (а. и. англикандар 42%,
АКШлык америкалыктар (12%). Христиан динин туткандар 96% (анын ичинде англикандар 42%,
католиктер 12%).

католиктер 12%).

Байыртадан индейлер [Антигуа а-нда аравактар (б. з. башталышында) ж-а карибдер (2-миң
Байыртадан индейлер [Антигуа а-нда аравактар (б. з. башталышында) жана карибдер (2-миң
жылдыктын 1-жарымында)] отурукташкан.
жылдыктын 1-жарымында)] отурукташкан.
Антигуа а-н X. Колумб (1493-ж.) 2-экспедициясында ачкан. Ичүүгө суунун жоктугунан ж-а
Антигуа а-н X. Колумб (1493-ж.) 2-экспедициясында ачкан. Ичүүгө суунун жоктугунан жана
согушчан индейлердин каршылыгынан испандар
согушчан индейлердин каршылыгынан испандар
аралды таштап кетүүгө аргасыз болгон. 1667-ж.
аралды таштап кетүүгө аргасыз болгон. 1667-ж.
А. ж-а Б. Англияга өткөн. 1632-1967-ж. Британиянын ээлиги; 1981-жылдын 1-ноябрынан
А. жана Б. Англияга өткөн. 1632-1967-ж. Британиянын ээлиги; 1981-жылдын 1-ноябрынан
көз карандысыз өлкө.

көз карандысыз өлкө.

Э к о н о м и к а с ы нын негизин чет элдик туризм
Э к о н о м и к а с ы нын негизин чет элдик туризм
(ички дүң продукциясынын 40%тен ашыгы)
(ички дүң продукциясынын 40%тен ашыгы)
ж-а офшор финансы тейлөөсү түзөт. Ички дүң
жана офшор финансы тейлөөсү түзөт. Ички дүң
продукциясы 1,55 млрд долларды (АКШ) түзүп,
продукциясы 1,55 млрд долларды (АКШ) түзүп,
киши баптына бөлүштүргөндө 18,1 миң доллардан туура келет (2009). Ички дүң продукция[[File:АНТИГУА ЖАНА БАРБУДА_107.png | thumb | АНТИГУАЖАНА БАРБУДА карта]]
киши баптына бөлүштүргөндө 18,1 миң доллардан туура келет (2009). Ички дүң продукция[[File:АНТИГУА ЖАНА БАРБУДА_107.png | thumb|АНТИГУАЖАНА БАРБУДА карта]]
сындагы тейлөө чөйрөсүнүн үлүшү 77%, өнөр жайыныкы 19%, а. ч-ныкы 4%. 2000-ж. 237 миң
сындагы тейлөө чөйрөсүнүн үлүшү 77%, өнөр жайыныкы 19%, а. ч-ныкы 4%. 2000-ж. 237 миң
турист келип, киреше 290 млн долларды түзгөн.
турист келип, киреше 290 млн долларды түзгөн.
Туризмдин негизги түрү – пляжда эс алуу, дайвинг (Кейде рифинде, а. и. чөккөн кемелерди
Туризмдин негизги түрү – пляжда эс алуу, дайвинг (Кейде рифинде, анын ичинде чөккөн кемелерди
көрүү), виндсёрфинг (Антигуа а-нын батыш
көрүү), виндсёрфинг (Антигуа а-нын батыш
жээги). Өнөр жайынын негизги тармагы – тамак-аш (ром, шарап өндүрүшү, кант, патокамеласса, кокос ж-а пахта майы) өнөр жайы.
жээги). Өнөр жайынын негизги тармагы – тамак-аш (ром, шарап өндүрүшү, кант, патокамеласса, кокос жана пахта майы) өнөр жайы.
Электр-тех., электроника, оптикалык линза,
Электр-тех., электроника, оптикалык линза,
цемент, эмерек, трикотаж (негизинен Антигуа
цемент, эмерек, трикотаж (негизинен Антигуа
46 -сап: 46 -сап:
электр энергиясы өндүрүлгөн. Аймагынын 18% и
электр энергиясы өндүрүлгөн. Аймагынын 18% и
иштетилет, 9% жайыт, 11% ин токой ээлейт.
иштетилет, 9% жайыт, 11% ин токой ээлейт.
Бал камыш, пахта, тропик жемиштери (а. и.
Бал камыш, пахта, тропик жемиштери (анын ичинде
манго, банан), жашылча өстүрүлөт. Ичүүчү сууну деңиз суусун тузсуздандырып алат. Бодо мал
манго, банан), жашылча өстүрүлөт. Ичүүчү сууну деңиз суусун тузсуздандырып алат. Бодо мал
асыралат. Балык ж-а омар кармалат. Автомобиль жолунун уз. 250 ''км.'' Сент-Жонс ш. – башкы деңиз порту, эл аралык аэропорту бар. Сыртка кийим-кечек, электрондук компоненттерди
асыралат. Балык жана омар кармалат. Автомобиль жолунун уз. 250 ''км.'' Сент-Жонс ш. – башкы деңиз порту, эл аралык аэропорту бар. Сыртка кийим-кечек, электрондук компоненттерди
чыгарып, сырттан азык-түлүк, машина ж-а анын
чыгарып, сырттан азык-түлүк, машина жана анын
жабдууларын, химикаттарды алат. Негизги сырткы соода шериктери: Франция, Германия, АКШ.
жабдууларын, химикаттарды алат. Негизги сырткы соода шериктери: Франция, Германия, АКШ.
[[File:АНТИГУА ЖАНА БАРБУДА_108.png | thumb | Антигуа ж-а Барбуданын кооз пляждарынын бири.]]
[[File:АНТИГУА ЖАНА БАРБУДА_108.png | thumb|Антигуа жана Барбуданын кооз пляждарынын бири.]]
[[File:АНТИГУА ЖАНА БАРБУДА_109.png | thumb | Акча бирдиги – чыгыш кариб доллары.]]
[[File:АНТИГУА ЖАНА БАРБУДА_109.png | thumb|Акча бирдиги – чыгыш кариб доллары.]]
А. ж-а Б-нын аймагында британ. согуш курулуштары, Беркли (1740), Жеймс ж-а Гоут-Хилл
А. жана Б-нын аймагында британ. согуш курулуштары, Беркли (1740), Жеймс жана Гоут-Хилл
форттору, Арсенал имараты (1743) ж. б. сакталган. Англикан стилинде Сент-Жонс собору
форттору, Арсенал имараты (1743) ж. б. сакталган. Англикан стилинде Сент-Жонс собору
(1681), классицизм стилиндеги чиркөө (1840;
(1681), классицизм стилиндеги чиркөө (1840;
Парем), Антигуа (1982) ж-а Вест-Индия (1949)
Парем), Антигуа (1982) жана Вест-Индия (1949)
ун-ттери, китепканалар, Сент-Жонстогу музей
ун-ттери, китепканалар, Сент-Жонстогу музей
(1985-ж. негизделген) бар. ''С. Айткулова.''

(1985-ж. негизделген) бар. ''С. Айткулова.''

17:04, 5 Декабрь (Бештин айы) 2022 -деги абалы

АНТИГУА ЖАНА БАРБУДА– Вест-Индиядагы мамлекет. Кариб деңизинин чыгыш бөлүгүндө, Кичи Антил а. архипелагында, Айдарым аралдар тобунда жайгашкан. Антигуа, Барбуда, Редонда а-н жана Антигуа а-на жакын бир нече майда аралдарды камтыйт. Аянты 443 км2 (анын ичинде Антигуа 281 км2, Барбуда 161 км2). Калкы 85,6 миң (2009). Борбору – Сент-Жонс ш. (Антигуа а-нда). Расмий тили – англис тили. Акча бирдиги – чыгыш кариб доллары. Адм.-айм. жактан 6 приходко (адм.-айм. бирдик) жана 2 опекалык аймакка (Барбуда, Редонда) бөлүнөт.
А. жана Б. – унитардык мамлекет. Шериктештикке кирет. Конституциясы 31. 7. 1981-ж.

кабыл алынган. Башкаруу формасы – консти

АНТИГУА ЖАНА БАРБУДА 105.png
АНТИГУА ЖАНА БАРБУДА 106.png

тутциялык монархия. Мамл. башчысы – британ монархы; А. жана Б-нын премьер-министринин сунушу менен дайындалган анын өкүлү ген.губернатор башкарат. Мыйзам чыгаруучу жогорку органы – эки палаталуу парламент (анын 17 мүчөсүнүн 16сы Антигуадан, бирөө Барбудадан). Өлкө БУУнун (1981-жылдан), Америка мамлекеттери уюмунун (1981) мүчөсү.
Антигуа а-нын жеринин бети дөңсөөлүү, түш.батышы көтөрүнкү келип, бийикт. 402 мге чейин (Богги чокусу, өлкөнүн эң бийик жери). Жээк тилкелери өтө тилмеленген. Терең бухталуу гавандары бар. Барбуданын жеринин бети тегиз келген коралл аралы, терең лагуна, кумдуу пляждары бар, коралл рифтери менен курчалган. Редонда – аскалуу арал. Климаты тропиктик пассаттык. Жылдык орт. темп-расы 27°С (июлдуку 30°Сге чейин). Жаан-чачыны 1150 мм. Июль – октябрь айларында катуу шамал (ураган) болот. Агын суулары жок болгондуктан тузсуз суу таңкыз. Аймагында Нельсонс-Докярд улуттук паркы бар, Дайамонд-Риф деңиз паркында коралл рифтеринин экосистемасы сакталган.
Калкынын көпчүлүгү вест-индиялык негрлер (антигуалыктар; 82%), о. эле мулаттар (3%), АКШлык америкалыктар (12%). Христиан динин туткандар 96% (анын ичинде англикандар 42%, католиктер 12%).
Байыртадан индейлер [Антигуа а-нда аравактар (б. з. башталышында) жана карибдер (2-миң жылдыктын 1-жарымында)] отурукташкан. Антигуа а-н X. Колумб (1493-ж.) 2-экспедициясында ачкан. Ичүүгө суунун жоктугунан жана согушчан индейлердин каршылыгынан испандар аралды таштап кетүүгө аргасыз болгон. 1667-ж. А. жана Б. Англияга өткөн. 1632-1967-ж. Британиянын ээлиги; 1981-жылдын 1-ноябрынан көз карандысыз өлкө.
Э к о н о м и к а с ы нын негизин чет элдик туризм (ички дүң продукциясынын 40%тен ашыгы) жана офшор финансы тейлөөсү түзөт. Ички дүң продукциясы 1,55 млрд долларды (АКШ) түзүп,

киши баптына бөлүштүргөндө 18,1 миң доллардан туура келет (2009). Ички дүң продукция

АНТИГУАЖАНА БАРБУДА карта

сындагы тейлөө чөйрөсүнүн үлүшү 77%, өнөр жайыныкы 19%, а. ч-ныкы 4%. 2000-ж. 237 миң турист келип, киреше 290 млн долларды түзгөн. Туризмдин негизги түрү – пляжда эс алуу, дайвинг (Кейде рифинде, анын ичинде чөккөн кемелерди көрүү), виндсёрфинг (Антигуа а-нын батыш жээги). Өнөр жайынын негизги тармагы – тамак-аш (ром, шарап өндүрүшү, кант, патокамеласса, кокос жана пахта майы) өнөр жайы. Электр-тех., электроника, оптикалык линза, цемент, эмерек, трикотаж (негизинен Антигуа а-нда) чакан өнөр жайлары иштейт. Кустардык кол өнөрчүлүк (карала жасоо, кездеме токуу, кийим тигүү) өнүккөн. 2007-ж. 110 млн кВт-с электр энергиясы өндүрүлгөн. Аймагынын 18% и иштетилет, 9% жайыт, 11% ин токой ээлейт. Бал камыш, пахта, тропик жемиштери (анын ичинде манго, банан), жашылча өстүрүлөт. Ичүүчү сууну деңиз суусун тузсуздандырып алат. Бодо мал асыралат. Балык жана омар кармалат. Автомобиль жолунун уз. 250 км. Сент-Жонс ш. – башкы деңиз порту, эл аралык аэропорту бар. Сыртка кийим-кечек, электрондук компоненттерди чыгарып, сырттан азык-түлүк, машина жана анын жабдууларын, химикаттарды алат. Негизги сырткы соода шериктери: Франция, Германия, АКШ.

Антигуа жана Барбуданын кооз пляждарынын бири.
Акча бирдиги – чыгыш кариб доллары.

А. жана Б-нын аймагында британ. согуш курулуштары, Беркли (1740), Жеймс жана Гоут-Хилл форттору, Арсенал имараты (1743) ж. б. сакталган. Англикан стилинде Сент-Жонс собору (1681), классицизм стилиндеги чиркөө (1840; Парем), Антигуа (1982) жана Вест-Индия (1949) ун-ттери, китепканалар, Сент-Жонстогу музей (1985-ж. негизделген) бар. С. Айткулова.