Difference between revisions of "АЛАЙ ИСКЕНДЕРАСЫ"

Кыргызстан Энциклопедия Жана Терминология Борбору дан
Jump to navigation Jump to search
228-323>KadyrM
 
м (1 revision imported)
(Айырма жок)

21:27, 25 Январь (Үчтүн айы) 2022 -деги абалы

 (Iskandera alaica) ‒ кайчылаш гүлдүүлөр тукумунун өтө сейрек учуроочу эндем түрү. Көп жылдык өсүмдүк. Сабагы көп, түп жагы жалбыраксыз, жыгачка айланган, бийикт. 20(50) см. Өсүмдүктүн бүт органы боз түк м-н капталган. Жалбырагы узата жумуртка сымал, сабагынын түп жагына топтолуп өсөт. Гүл жандоочтору сыя түстө. Июнь айында гүлдөйт. Топ гүлү ‒ саадак, жазы, уз. 6 см, эни 5‒8 мм. Алай өрөөнүнүн Кашка-Суу алабындагы Кызыл-Эшменин чополуу капталдарында кездешет. Уругу м-н көбөйөт. Кырг-ндын Кызыл китебине катталган.