Difference between revisions of "АМАРАНТ"
м (→top: clean up, replaced: ж-а → жана (8)) |

| 1 -сап: | 1 -сап: | ||
'''АМАРАНТ''' ш и р и ц а (Amarantus) – өсүмдүктөрдүн амаранттар тукумунун уруусу. Негизинен бир жылдык чөп. Жалбырагы кезектешип жайгашат, жумуртка сымал же сүйрү. Гүлү демейде, бир жыныстуу, гүл жандагычы редукциланган, татаал топ гүлгө чогулган. Мөмөсү–майда жаңгакча. А-тын 60тай түрү дүйнөнүн жылуу жана мелүүн алкактарында таралган. А. АКШнын түш.-батышы жана Мексикада өтө көп түрдүү. Көбүнчө кызыл А., куйруктуу А. же түлкү куйрук айдоолордо кезигет жана кээ бир түрүн байыркы заманда Борб. жана Түш. Америкада дан өсүмдүгү катары (уругу белокко бай) өстүрүлгөн. Индейцтердин негизги азыгы болуп эсептелген жана религиялык шаан-шөкөттөрдө маанилүү ролдо болгон. А-тын уругунун азыктуулугу жогору жана өстүрүлүшү жөнөкөй болгондуктан дүйнөнүн көп өлкөлөрүндө өстүрүлөт. Кээ бир түрү, мис., көгүш А. жана үч түстүү А. Түш. жана Чыгыш Азияда жалбырактуу жашылча өсүмдүгү, о. эле, А-тын көпчүлүк чоң, ачык түстүү гүлдүү сорттору кооз өсүмдүк катары өстүрүлөт. (сүрөтү бар) | |||
16:42, 5 Декабрь (Бештин айы) 2022 -деги абалы
АМАРАНТ ш и р и ц а (Amarantus) – өсүмдүктөрдүн амаранттар тукумунун уруусу. Негизинен бир жылдык чөп. Жалбырагы кезектешип жайгашат, жумуртка сымал же сүйрү. Гүлү демейде, бир жыныстуу, гүл жандагычы редукциланган, татаал топ гүлгө чогулган. Мөмөсү–майда жаңгакча. А-тын 60тай түрү дүйнөнүн жылуу жана мелүүн алкактарында таралган. А. АКШнын түш.-батышы жана Мексикада өтө көп түрдүү. Көбүнчө кызыл А., куйруктуу А. же түлкү куйрук айдоолордо кезигет жана кээ бир түрүн байыркы заманда Борб. жана Түш. Америкада дан өсүмдүгү катары (уругу белокко бай) өстүрүлгөн. Индейцтердин негизги азыгы болуп эсептелген жана религиялык шаан-шөкөттөрдө маанилүү ролдо болгон. А-тын уругунун азыктуулугу жогору жана өстүрүлүшү жөнөкөй болгондуктан дүйнөнүн көп өлкөлөрүндө өстүрүлөт. Кээ бир түрү, мис., көгүш А. жана үч түстүү А. Түш. жана Чыгыш Азияда жалбырактуу жашылча өсүмдүгү, о. эле, А-тын көпчүлүк чоң, ачык түстүү гүлдүү сорттору кооз өсүмдүк катары өстүрүлөт. (сүрөтү бар)