Difference between revisions of "АДИГИНЕ-ТАГАЙ"
м (→top: clean up, replaced: м‑н → менен, ж‑а → жана (9)) |

1 -сап: | 1 -сап: | ||
'''АДИГИНЕ-ТАГАЙ''' – санжырада айтылган оң канат урууларынын айрымдарынын түпкү аталары. Санжыра б‑ча кыргыз уруулары – оң канат, сол канат ж‑а ичкилик топторуна бөлүнөт. Долон бийдин бир уулу Ак уул, анын Адигине, Тагай, Муңгуш аттуу уулдары ж‑а Наалы деген кызы болгон. Алардын тукумдары оң канат урууларына кирген. Адигине м‑н Тагай бардык кыргыз урууларына саясий бийлик жүргүзгөндүгүнө байланыштуу оң канат урууларын А.-Т. уруулары деп атап калышкан. Уламыш б‑ча Адигине, Тагайдын ата‑энеси эрте дүйнөдөн кайтып, аларды эжеси Наалы багып чоңойтот. Экөө тең эр жүрөк баатыр болуп чоңоёт, бирок Адигиненин мүнөзү жоош, ал эми Тагай кичинесинен эле чыйрак чыгат. Муну жакшы билген Наалы эже: «Адигине малга жакынсың, сен чарбага көз сал, Тагай болсо элге жакын, ал эл бийлесин» – деп бийликти Тагайга берген экен. Ошондон тартып Тагай бий аталып, кыргызды башкарып калат. Б. Солтоноевдин маалыматы б‑ча Адигине, Тагай 15‑к‑дын экинчи жарымы – 16‑к‑дын биринчи жарымында жашап өткөн инсандар. Кыргыз уруулары А.-Т. урууларына бөлүнгөндүгү тууралуу алгачкы жазма маалыматтар 16‑к‑га таандык Аксыкентинин «Мажму ат‑Таварих» чыгармасы аркылуу бизге жеткен. Андагы маалыматтар б‑ча оң канат урууларынын «отуз уул тобун» адигине, тагай, муңгуш ж‑а карабагыш уруулары түзөт: кыргыз санжырасында А.-Т. урууларына жалпы оң канат уруулары киргизилет. Тагай уруулук бирикмесинин курамы: солто, сарыбагыш, жедигер, багыш, бугу, саяк, азык, черик ж‑а моңолдор урууларынан турат. Адигине бирикмесине: баргы, бөрү, жору, сарттар ж‑а карабагыш уруулары кирет. А.-Т. уруу бирикмесинен сырткары оң канатка муңгуш уруу бирикмеси да кирип, алар жагалмай тамга ж‑а кош тамга деп аталган эки ири уруу тобуна ажырайт. Бул уруу топторунун ар бири өз курамына 6–7 урууну камтып турат. А.-Т. бирикмесиндеги уруулар негизинен Кырг‑ндын түн., борб. ж‑а түш.-чыгыш аймактарында, о. эле Кытай Эл Респ‑нын батыш аймагындагы Теңир‑Тоонун этектеринен орун алышкан. Ош обл‑нун Кара-Кулжа, Өзгөн, Алай, Кара‑Суу ж‑а Ноокат р‑ндорунун көпчүлүк жерлеринде, о. эле Кытайдагы Кызыл‑Суу кыргыз автономиялуу обл‑нда адигине уруулары, тагай уруулары болсо Талас өрөөнүнөн сырткары Түн. Кырг‑ндын бардык аймактарында, Жалал‑Абад обл‑нун Тогуз‑Торо,Токтогул, Аксы, Ала‑Бука ж‑а Сузак р‑ндорунун айрым жерлеринде отурукташкан. | '''АДИГИНЕ-ТАГАЙ''' – санжырада айтылган оң канат урууларынын айрымдарынын түпкү аталары. Санжыра б‑ча кыргыз уруулары – оң канат, сол канат жана ичкилик топторуна бөлүнөт. Долон бийдин бир уулу Ак уул, анын Адигине, Тагай, Муңгуш аттуу уулдары жана Наалы деген кызы болгон. Алардын тукумдары оң канат урууларына кирген. Адигине менен Тагай бардык кыргыз урууларына саясий бийлик жүргүзгөндүгүнө байланыштуу оң канат урууларын А.-Т. уруулары деп атап калышкан. Уламыш б‑ча Адигине, Тагайдын ата‑энеси эрте дүйнөдөн кайтып, аларды эжеси Наалы багып чоңойтот. Экөө тең эр жүрөк баатыр болуп чоңоёт, бирок Адигиненин мүнөзү жоош, ал эми Тагай кичинесинен эле чыйрак чыгат. Муну жакшы билген Наалы эже: «Адигине малга жакынсың, сен чарбага көз сал, Тагай болсо элге жакын, ал эл бийлесин» – деп бийликти Тагайга берген экен. Ошондон тартып Тагай бий аталып, кыргызды башкарып калат. Б. Солтоноевдин маалыматы б‑ча Адигине, Тагай 15‑к‑дын экинчи жарымы – 16‑к‑дын биринчи жарымында жашап өткөн инсандар. Кыргыз уруулары А.-Т. урууларына бөлүнгөндүгү тууралуу алгачкы жазма маалыматтар 16‑к‑га таандык Аксыкентинин «Мажму ат‑Таварих» чыгармасы аркылуу бизге жеткен. Андагы маалыматтар б‑ча оң канат урууларынын «отуз уул тобун» адигине, тагай, муңгуш жана карабагыш уруулары түзөт: кыргыз санжырасында А.-Т. урууларына жалпы оң канат уруулары киргизилет. Тагай уруулук бирикмесинин курамы: солто, сарыбагыш, жедигер, багыш, бугу, саяк, азык, черик жана моңолдор урууларынан турат. Адигине бирикмесине: баргы, бөрү, жору, сарттар жана карабагыш уруулары кирет. А.-Т. уруу бирикмесинен сырткары оң канатка муңгуш уруу бирикмеси да кирип, алар жагалмай тамга жана кош тамга деп аталган эки ири уруу тобуна ажырайт. Бул уруу топторунун ар бири өз курамына 6–7 урууну камтып турат. А.-Т. бирикмесиндеги уруулар негизинен Кырг‑ндын түн., борб. жана түш.-чыгыш аймактарында, о. эле Кытай Эл Респ‑нын батыш аймагындагы Теңир‑Тоонун этектеринен орун алышкан. Ош обл‑нун Кара-Кулжа, Өзгөн, Алай, Кара‑Суу жана Ноокат р‑ндорунун көпчүлүк жерлеринде, о. эле Кытайдагы Кызыл‑Суу кыргыз автономиялуу обл‑нда адигине уруулары, тагай уруулары болсо Талас өрөөнүнөн сырткары Түн. Кырг‑ндын бардык аймактарында, Жалал‑Абад обл‑нун Тогуз‑Торо,Токтогул, Аксы, Ала‑Бука жана Сузак р‑ндорунун айрым жерлеринде отурукташкан. | ||
''Р. Жолдошов.'' | ''Р. Жолдошов.'' | ||

14:55, 5 Декабрь (Бештин айы) 2022 -деги абалы
АДИГИНЕ-ТАГАЙ – санжырада айтылган оң канат урууларынын айрымдарынын түпкү аталары. Санжыра б‑ча кыргыз уруулары – оң канат, сол канат жана ичкилик топторуна бөлүнөт. Долон бийдин бир уулу Ак уул, анын Адигине, Тагай, Муңгуш аттуу уулдары жана Наалы деген кызы болгон. Алардын тукумдары оң канат урууларына кирген. Адигине менен Тагай бардык кыргыз урууларына саясий бийлик жүргүзгөндүгүнө байланыштуу оң канат урууларын А.-Т. уруулары деп атап калышкан. Уламыш б‑ча Адигине, Тагайдын ата‑энеси эрте дүйнөдөн кайтып, аларды эжеси Наалы багып чоңойтот. Экөө тең эр жүрөк баатыр болуп чоңоёт, бирок Адигиненин мүнөзү жоош, ал эми Тагай кичинесинен эле чыйрак чыгат. Муну жакшы билген Наалы эже: «Адигине малга жакынсың, сен чарбага көз сал, Тагай болсо элге жакын, ал эл бийлесин» – деп бийликти Тагайга берген экен. Ошондон тартып Тагай бий аталып, кыргызды башкарып калат. Б. Солтоноевдин маалыматы б‑ча Адигине, Тагай 15‑к‑дын экинчи жарымы – 16‑к‑дын биринчи жарымында жашап өткөн инсандар. Кыргыз уруулары А.-Т. урууларына бөлүнгөндүгү тууралуу алгачкы жазма маалыматтар 16‑к‑га таандык Аксыкентинин «Мажму ат‑Таварих» чыгармасы аркылуу бизге жеткен. Андагы маалыматтар б‑ча оң канат урууларынын «отуз уул тобун» адигине, тагай, муңгуш жана карабагыш уруулары түзөт: кыргыз санжырасында А.-Т. урууларына жалпы оң канат уруулары киргизилет. Тагай уруулук бирикмесинин курамы: солто, сарыбагыш, жедигер, багыш, бугу, саяк, азык, черик жана моңолдор урууларынан турат. Адигине бирикмесине: баргы, бөрү, жору, сарттар жана карабагыш уруулары кирет. А.-Т. уруу бирикмесинен сырткары оң канатка муңгуш уруу бирикмеси да кирип, алар жагалмай тамга жана кош тамга деп аталган эки ири уруу тобуна ажырайт. Бул уруу топторунун ар бири өз курамына 6–7 урууну камтып турат. А.-Т. бирикмесиндеги уруулар негизинен Кырг‑ндын түн., борб. жана түш.-чыгыш аймактарында, о. эле Кытай Эл Респ‑нын батыш аймагындагы Теңир‑Тоонун этектеринен орун алышкан. Ош обл‑нун Кара-Кулжа, Өзгөн, Алай, Кара‑Суу жана Ноокат р‑ндорунун көпчүлүк жерлеринде, о. эле Кытайдагы Кызыл‑Суу кыргыз автономиялуу обл‑нда адигине уруулары, тагай уруулары болсо Талас өрөөнүнөн сырткары Түн. Кырг‑ндын бардык аймактарында, Жалал‑Абад обл‑нун Тогуз‑Торо,Токтогул, Аксы, Ала‑Бука жана Сузак р‑ндорунун айрым жерлеринде отурукташкан.
Р. Жолдошов.