Difference between revisions of "АДЕНОИДДЕР"
м (→top: clean up, replaced: м‑н → менен (5), ж‑а → жана (2)) |

1 -сап: | 1 -сап: | ||
'''АДЕНОИДДЕР''' (гр. aden – без, eidos – түрү) – мурун‑кулкун безинин өтө чоңоюп кетиши. Негизинен жаш балдар жабыркайт, о. эле жыныстык жетилүү мезгилинен кийин да пайда болушу мүмкүн. А‑ге жугуштуу оорулар (''кызамык, көк жөтөл, кептөөр, скарлатина, грипп'' ж. б.) жана жогорку дем алуу жолунун катуу кармаган жана өнөкөт сезгенүүлөрү себеп болот. Алгачкы белгилери: мурун менен дем алуу начарлайт, мурундан суюктук көп чыгып, кулкунга агат. Мындай бала демейде коңурук тартып, оозун ачып, тынчы жок уктайт. Эмчектеги бала эмчек эме албай, курсагы тойбой, ыйлаак, алсыз, оорукчан болот. Кээде, айрыкча мурун бүтүп калган учурда баланын кулагы начар угуп, сабыры суз болуп, акыл‑эси начарлайт. Кичине кезинде А. менен жабыркаган бала көпкө чейин сүйлөй албайт. Оору күчөгөндө бала оозу менен дем алгандыктан, дайыма оозу ачылып турат, астыңкы жаагы ылдый түшүп, тиштери туура эмес жайгашып, беттин кебетеси өзгөрөт. Дарылоо канчалык эрте башталса, ошончолук натыйжалуу. Көп учурда хирург. жол менен дарыланат. А‑ди алдын алуу үчүн дем алуу жолунун ооруларын өз убагында дарылап, мурун менен дем алуу кыйындаса баланы врач отоларингологго көрсөтүү керек.

14:55, 5 Декабрь (Бештин айы) 2022 -деги абалы
АДЕНОИДДЕР (гр. aden – без, eidos – түрү) – мурун‑кулкун безинин өтө чоңоюп кетиши. Негизинен жаш балдар жабыркайт, о. эле жыныстык жетилүү мезгилинен кийин да пайда болушу мүмкүн. А‑ге жугуштуу оорулар (кызамык, көк жөтөл, кептөөр, скарлатина, грипп ж. б.) жана жогорку дем алуу жолунун катуу кармаган жана өнөкөт сезгенүүлөрү себеп болот. Алгачкы белгилери: мурун менен дем алуу начарлайт, мурундан суюктук көп чыгып, кулкунга агат. Мындай бала демейде коңурук тартып, оозун ачып, тынчы жок уктайт. Эмчектеги бала эмчек эме албай, курсагы тойбой, ыйлаак, алсыз, оорукчан болот. Кээде, айрыкча мурун бүтүп калган учурда баланын кулагы начар угуп, сабыры суз болуп, акыл‑эси начарлайт. Кичине кезинде А. менен жабыркаган бала көпкө чейин сүйлөй албайт. Оору күчөгөндө бала оозу менен дем алгандыктан, дайыма оозу ачылып турат, астыңкы жаагы ылдый түшүп, тиштери туура эмес жайгашып, беттин кебетеси өзгөрөт. Дарылоо канчалык эрте башталса, ошончолук натыйжалуу. Көп учурда хирург. жол менен дарыланат. А‑ди алдын алуу үчүн дем алуу жолунун ооруларын өз убагында дарылап, мурун менен дем алуу кыйындаса баланы врач отоларингологго көрсөтүү керек.