Difference between revisions of "АДВОКАТУРА"
м (→top: clean up, replaced: м‑н → менен, ж‑а → жана (7)) |

1 -сап: | 1 -сап: | ||
'''АДВОКАТУРА''' – жарандарга ж‑а уюмдарга укуктук жактан жардам көргөзүү, сот ж. б. органдарда алардын кызыкчылыгын коргоо үчүн түзүлгөн атайын ин‑т. А‑нын алгачкы формалары байыркы Грецияда эле белгилүү болгон, сот процессинде соттошкон тараптардын сөзүн жазып берүүнү кесип кылышкан – логографтардын пайда болушуна алып келген. Байыркы Римде сотто жактардын коргонуусун туугандары, достору ж‑а белгилүү патрицийлер (патрондор) аткара алышкан. Кийинчерээк патрондор башкаларга да укуктук жардам бере баштаган: кардарларын сотто коргогон, мыйзамдарды түшүндүрүшкөн, кеңеш беришкен, келишим түзүүгө жетекчилик кылышкан. Бара‑бара адвокаттык ишмердүүлүк кесип катары болуп калган. Билимдик ценз, экзамендер киргизилген. Адвокаттар катталып, алардын ишмердүүлүгү көзөмөлгө алынган. Феодалдык доордо А‑нын ишмердүүлүк чөйрөсү бир нече жолу өзгөргөн. Алгач адвокаттын ролу өтө эле чектелген болсо, 13–14‑к‑да Батыш Европада адвокаттык сословиелер пайда болгон. А‑нын андан ары өнүгүшүнө бурж. демокр. кайра куруу процессинде адамдын негизги укугу, эркиндиги ж‑а жарандуулугу тууралуу, о. эле ачык сот ж‑дөгү иштелип чыккан жоболор ж. б. чоң роль ойноду. Кырг‑н СССРдин курамындагы мезгилде А‑нын укуктары ж‑а милдеттери «Кыргыз ССРинин адвокатурасы жөнүндөгү» жободо (1961) белгиленген. Учурда алардын уюмдарга биригиши КРдин «Коомдук бирикмелер жөнүндөгү» мыйзамынын жоболоруна ылайык жүргүзүлөт. А‑нын тизмесинде турган адвокат КРдин бүткүл аймагында, о. эле тиешелүү ошол мамлекеттин мыйзамдарында чектөөлөр жок болсо, чет өлкөдө да жардам көрсөтүүгө укуктуу. А‑нын негизги милдеттери: адвокаттык кызматты жүзөгө ашыруу кезинде уюмдардын мүчөлөрүнө, укуктук коргоого муктаждарга жардамдашуу, квалификациялык көмөк көрсөтүү ж‑а аларды коргоо; алардын ишиндеги ар бир маселеге туура мамиле жасоо, үн жазма ж. б. материалдык‑тех. куралдар м‑н камсыз кылуу, алардын иштерине байкоо, көзөмөл жүргүзүү, текшерүү иштерин уюштуруу. Тергөө ж‑а сот органдарынын алдын ала белгилеген убакыты б‑ча мыйзамдуу жардам көрсөтүү, коргоо иштерин уюштуруу. Респ‑да, облустарда, райондордо, шаарларда адвокаттар коллегиясы, юрид. консультациялар уюштурулган. А‑нын жогорку органы жалпы жыйналыш же конференция, ал уюмдун курамын аныктап, президиум шайлайт. А. жарандардын, ишканалардын, мекемелердин, о. эле уюмдардын укуктарын ж‑а мыйзамдуу кызыкчылыктарын коргоого, мыйзамдуулукту чыңдоого көмөк көрсөтөт. | '''АДВОКАТУРА''' – жарандарга жана уюмдарга укуктук жактан жардам көргөзүү, сот ж. б. органдарда алардын кызыкчылыгын коргоо үчүн түзүлгөн атайын ин‑т. А‑нын алгачкы формалары байыркы Грецияда эле белгилүү болгон, сот процессинде соттошкон тараптардын сөзүн жазып берүүнү кесип кылышкан – логографтардын пайда болушуна алып келген. Байыркы Римде сотто жактардын коргонуусун туугандары, достору жана белгилүү патрицийлер (патрондор) аткара алышкан. Кийинчерээк патрондор башкаларга да укуктук жардам бере баштаган: кардарларын сотто коргогон, мыйзамдарды түшүндүрүшкөн, кеңеш беришкен, келишим түзүүгө жетекчилик кылышкан. Бара‑бара адвокаттык ишмердүүлүк кесип катары болуп калган. Билимдик ценз, экзамендер киргизилген. Адвокаттар катталып, алардын ишмердүүлүгү көзөмөлгө алынган. Феодалдык доордо А‑нын ишмердүүлүк чөйрөсү бир нече жолу өзгөргөн. Алгач адвокаттын ролу өтө эле чектелген болсо, 13–14‑к‑да Батыш Европада адвокаттык сословиелер пайда болгон. А‑нын андан ары өнүгүшүнө бурж. демокр. кайра куруу процессинде адамдын негизги укугу, эркиндиги жана жарандуулугу тууралуу, о. эле ачык сот ж‑дөгү иштелип чыккан жоболор ж. б. чоң роль ойноду. Кырг‑н СССРдин курамындагы мезгилде А‑нын укуктары жана милдеттери «Кыргыз ССРинин адвокатурасы жөнүндөгү» жободо (1961) белгиленген. Учурда алардын уюмдарга биригиши КРдин «Коомдук бирикмелер жөнүндөгү» мыйзамынын жоболоруна ылайык жүргүзүлөт. А‑нын тизмесинде турган адвокат КРдин бүткүл аймагында, о. эле тиешелүү ошол мамлекеттин мыйзамдарында чектөөлөр жок болсо, чет өлкөдө да жардам көрсөтүүгө укуктуу. А‑нын негизги милдеттери: адвокаттык кызматты жүзөгө ашыруу кезинде уюмдардын мүчөлөрүнө, укуктук коргоого муктаждарга жардамдашуу, квалификациялык көмөк көрсөтүү жана аларды коргоо; алардын ишиндеги ар бир маселеге туура мамиле жасоо, үн жазма ж. б. материалдык‑тех. куралдар менен камсыз кылуу, алардын иштерине байкоо, көзөмөл жүргүзүү, текшерүү иштерин уюштуруу. Тергөө жана сот органдарынын алдын ала белгилеген убакыты б‑ча мыйзамдуу жардам көрсөтүү, коргоо иштерин уюштуруу. Респ‑да, облустарда, райондордо, шаарларда адвокаттар коллегиясы, юрид. консультациялар уюштурулган. А‑нын жогорку органы жалпы жыйналыш же конференция, ал уюмдун курамын аныктап, президиум шайлайт. А. жарандардын, ишканалардын, мекемелердин, о. эле уюмдардын укуктарын жана мыйзамдуу кызыкчылыктарын коргоого, мыйзамдуулукту чыңдоого көмөк көрсөтөт. | ||
''Ч. И. Арабаев.''
| ''Ч. И. Арабаев.''

14:53, 5 Декабрь (Бештин айы) 2022 -деги абалы
АДВОКАТУРА – жарандарга жана уюмдарга укуктук жактан жардам көргөзүү, сот ж. б. органдарда алардын кызыкчылыгын коргоо үчүн түзүлгөн атайын ин‑т. А‑нын алгачкы формалары байыркы Грецияда эле белгилүү болгон, сот процессинде соттошкон тараптардын сөзүн жазып берүүнү кесип кылышкан – логографтардын пайда болушуна алып келген. Байыркы Римде сотто жактардын коргонуусун туугандары, достору жана белгилүү патрицийлер (патрондор) аткара алышкан. Кийинчерээк патрондор башкаларга да укуктук жардам бере баштаган: кардарларын сотто коргогон, мыйзамдарды түшүндүрүшкөн, кеңеш беришкен, келишим түзүүгө жетекчилик кылышкан. Бара‑бара адвокаттык ишмердүүлүк кесип катары болуп калган. Билимдик ценз, экзамендер киргизилген. Адвокаттар катталып, алардын ишмердүүлүгү көзөмөлгө алынган. Феодалдык доордо А‑нын ишмердүүлүк чөйрөсү бир нече жолу өзгөргөн. Алгач адвокаттын ролу өтө эле чектелген болсо, 13–14‑к‑да Батыш Европада адвокаттык сословиелер пайда болгон. А‑нын андан ары өнүгүшүнө бурж. демокр. кайра куруу процессинде адамдын негизги укугу, эркиндиги жана жарандуулугу тууралуу, о. эле ачык сот ж‑дөгү иштелип чыккан жоболор ж. б. чоң роль ойноду. Кырг‑н СССРдин курамындагы мезгилде А‑нын укуктары жана милдеттери «Кыргыз ССРинин адвокатурасы жөнүндөгү» жободо (1961) белгиленген. Учурда алардын уюмдарга биригиши КРдин «Коомдук бирикмелер жөнүндөгү» мыйзамынын жоболоруна ылайык жүргүзүлөт. А‑нын тизмесинде турган адвокат КРдин бүткүл аймагында, о. эле тиешелүү ошол мамлекеттин мыйзамдарында чектөөлөр жок болсо, чет өлкөдө да жардам көрсөтүүгө укуктуу. А‑нын негизги милдеттери: адвокаттык кызматты жүзөгө ашыруу кезинде уюмдардын мүчөлөрүнө, укуктук коргоого муктаждарга жардамдашуу, квалификациялык көмөк көрсөтүү жана аларды коргоо; алардын ишиндеги ар бир маселеге туура мамиле жасоо, үн жазма ж. б. материалдык‑тех. куралдар менен камсыз кылуу, алардын иштерине байкоо, көзөмөл жүргүзүү, текшерүү иштерин уюштуруу. Тергөө жана сот органдарынын алдын ала белгилеген убакыты б‑ча мыйзамдуу жардам көрсөтүү, коргоо иштерин уюштуруу. Респ‑да, облустарда, райондордо, шаарларда адвокаттар коллегиясы, юрид. консультациялар уюштурулган. А‑нын жогорку органы жалпы жыйналыш же конференция, ал уюмдун курамын аныктап, президиум шайлайт. А. жарандардын, ишканалардын, мекемелердин, о. эле уюмдардын укуктарын жана мыйзамдуу кызыкчылыктарын коргоого, мыйзамдуулукту чыңдоого көмөк көрсөтөт.
Ч. И. Арабаев.