Difference between revisions of "АК ДЕҢИЗ"
Jump to navigation
Jump to search
1 -сап: | 1 -сап: | ||
''' | '''АК ДЕҢИЗ''' – Түн. Муз океанындагы ички де­ңиз. Кола ж‑а Канин ж. а‑нын аралыгында. Түндүгүнөн Горло ж‑а Воронка кысыктары ар­кылуу Баренц деңизи м‑н туташат. Аянты 90 миң ''км<sup>2</sup>.'' Эң терең жери 350 ''м.'' Түн.-батыш жээ­ги бийик ж‑а аскалуу, түш.-чыгыш жээги жан­тайыңкы, жапыз. Ири булуңдары: Мезень, Дви­на, Онега, Кандалакша. Эң ири аралдары: Со­ловец, Мудьюг, Моржовец. Түн. Двина, Мезень, Онега, Выг, Нива ж. б. дарыялар куят. Суусу­нун темп‑расы жайында 6°Сден 15°Сге чейин, кышында 1°Сден төмөн. Туздуулугу 24төн 34,5%оге чейин. Кышында муз каптап турат. Суткада эки жолу ташкындайт (бийиктиги Ме­зень булуңунда 10 ''м''ге чейин жетет). Балык (сельд, навага, сига), түлөн кармоо өнүккөн. А. д. – Балтика каналы аркылуу Балтика де­ңизинин алабындагы көлдөр ж‑а дарыяларга, Волга – Балтика суу жолуна, б. а. Каспий, Азов ж‑а Кара деңиздерге чыгат. Башкы порттору: Архангельск, Онега, Беломорск, Кемь, Канда­лакша.<br> |
15:48, 1 Декабрь (Бештин айы) 2022 -деги абалы
АК ДЕҢИЗ – Түн. Муз океанындагы ички деңиз. Кола ж‑а Канин ж. а‑нын аралыгында. Түндүгүнөн Горло ж‑а Воронка кысыктары аркылуу Баренц деңизи м‑н туташат. Аянты 90 миң км2. Эң терең жери 350 м. Түн.-батыш жээги бийик ж‑а аскалуу, түш.-чыгыш жээги жантайыңкы, жапыз. Ири булуңдары: Мезень, Двина, Онега, Кандалакша. Эң ири аралдары: Соловец, Мудьюг, Моржовец. Түн. Двина, Мезень, Онега, Выг, Нива ж. б. дарыялар куят. Суусунун темп‑расы жайында 6°Сден 15°Сге чейин, кышында 1°Сден төмөн. Туздуулугу 24төн 34,5%оге чейин. Кышында муз каптап турат. Суткада эки жолу ташкындайт (бийиктиги Мезень булуңунда 10 мге чейин жетет). Балык (сельд, навага, сига), түлөн кармоо өнүккөн. А. д. – Балтика каналы аркылуу Балтика деңизинин алабындагы көлдөр ж‑а дарыяларга, Волга – Балтика суу жолуна, б. а. Каспий, Азов ж‑а Кара деңиздерге чыгат. Башкы порттору: Архангельск, Онега, Беломорск, Кемь, Кандалакша.