Difference between revisions of "АКУСТИКАЛЫК ИМПУЛЬС"

Кыргызстан Энциклопедия Жана Терминология Борбору дан
Jump to navigation Jump to search
228-323>KadyrM
 
м (1 revision imported)
(Айырма жок)

21:27, 25 Январь (Үчтүн айы) 2022 -деги абалы

‒ таралып жаткан үн толкунунун басымынын кескин өзгөрүшү. Мис., жарылууда, ок атылганда, учкун разрядында, нерселердин кагылышында пайда болгон үн толкундары. А. и-тун ар биринде чоӊ ж-а кичине басымдын аймактары болот. Анын спектри туташ ж-а максимум мезгили б-ча анын узактыгына жакын термелүү жыштыгынын аймагына туура келет. Ал чектелген көлөмдө акустикалык изилдөө жүргүзүүдө, гидроакустика да деӊиз чөйрөсүн изилдөөдө ж-а тереӊдикти өлчөөдө, ультраүн дефектоскопиясында ж. б. колдонулат.