Difference between revisions of "АРАЛБАЕВ Абдылда"
Jump to navigation
Jump to search
м (Mariya moved page АРАЛБАЕВ 1 to АРАЛБАЕВ Абдылда) |
|
(Айырма жок)
|
09:31, 1 Декабрь (Бештин айы) 2022 -деги абалы
АРАЛБАЕВ Абдылда (1891, Нарын аймагы, Куланак айылы – 1968, Нарын обл., Тянь-Шань р-ну, Куланак айылы) – педагог. Кыргыз ССРинин эмгек сиңирген мугалими (1941). Токмоктогу мугалимдердин даярдоо курсун бүтүргөн (1918). 1918–55-ж. Куланак орто мектебинде башталгыч класстарга сабак берген. А. Аралбаев кыргыз мектептеринин 2-класстары үчүн «Эне тили» окуу китебине авторлош. Эл агартуу ишине сиңирген эмгеги үчүн эки жолу Ленин ордени м-н сыйланган.