Difference between revisions of "АК-ТҮЗ СЕЙРЕК МЕТАЛЛДАР КЕНИ"

Кыргызстан Энциклопедия Жана Терминология Борбору дан
Jump to navigation Jump to search
228-323>KadyrM
 
м (1 revision imported)
(Айырма жок)

21:27, 25 Январь (Үчтүн айы) 2022 -деги абалы

 Чүй обл-нун Кемин р-нунда, Ак-Түз кыш-нын жанында, Кемин темир жол бекетинен 48 км түн.-чыгышта, Кичи Кемин суусунун сол жээгинде, деӊиз деӊг. 2260‒2600 м бийиктикте. 1942‒51-ж. чалгындалып, запасы эсептелген. Кен аймагы пермдин гранофирлери м-н жирелген, рифей мезгилинин жашыл түстөгү амфибол сланецтери нен, парагнейстерден түзүлгөн. Кенташ (руда) тулкулары контакт-метасоматикалык-гидротер мдик өзгөрүүгө дуушарланган амфибол сланецтеринде жайгашкан. Сейрек учуроочу металлдар дын ж-а торийдин минералдашуусу кварцтал ган, хлориттелген, серициттелген роговик ж-а гранофирлер м-н байланышкан. Негизги минералдары: галенит, сфалерит, пирит, сейрек учуроочу минералдары ‒ вюртцит, марматит, халькозин, ковелин, борнит. Пайдалуу компонент тердин орточо өлчөмү: ниобий ‒ 0,012%, тантал ‒ 0,002%. Сейрек учуроочу металлдардын божомолдуу ресурсу ‒ 12800 т. Кен казып алынып бүткөн.