Difference between revisions of "АДЫР термин"
Jump to navigation
Jump to search
1 -сап: | 1 -сап: | ||
'''АДЫР''' – Кыргызстаннда ж‑a чектеш өлкөлөрдө тоо этектерин ээлеген дөңсөөлөр. Ага тоо этектеринде же аларга жакын аймактарда таралган дөңсөөлүү, капталдары кокту‑колоттуу, жанаша жаткан түздүктөрдөн 100‑400 ''м'' көтөрүңкү, үстүнкү бети лёсс же төртүнчүлүк мезгилдин талкаланган борпоң тектеринен түзүлгөн аймактар кирет. А‑ларга негизинен чөл, жарым чөл ж‑а талаа ландшафттары мүнөздүү. Жазында эфемер өсүмдүктөрү гүлдөп, көк шиберге айланса, жайында алар «күйүп» кетип, боз талаага, чөлгө айланат. А‑лар Кыргызстандын аймагында, айрыкча Фергана өрөөнүнүн тоо этектерине ж‑а Ички Теңир‑Тоонун өрөөндөрүндө кеңири таралган. Ага байланыштуу энчилүү аттар да арбын: Адыр-Төр, Отуз‑Адыр, Доңуз‑Адыр ж. б.<br> |
16:50, 29 -ноябрь (Жетинин айы) 2022 -деги абалы
АДЫР – Кыргызстаннда ж‑a чектеш өлкөлөрдө тоо этектерин ээлеген дөңсөөлөр. Ага тоо этектеринде же аларга жакын аймактарда таралган дөңсөөлүү, капталдары кокту‑колоттуу, жанаша жаткан түздүктөрдөн 100‑400 м көтөрүңкү, үстүнкү бети лёсс же төртүнчүлүк мезгилдин талкаланган борпоң тектеринен түзүлгөн аймактар кирет. А‑ларга негизинен чөл, жарым чөл ж‑а талаа ландшафттары мүнөздүү. Жазында эфемер өсүмдүктөрү гүлдөп, көк шиберге айланса, жайында алар «күйүп» кетип, боз талаага, чөлгө айланат. А‑лар Кыргызстандын аймагында, айрыкча Фергана өрөөнүнүн тоо этектерине ж‑а Ички Теңир‑Тоонун өрөөндөрүндө кеңири таралган. Ага байланыштуу энчилүү аттар да арбын: Адыр-Төр, Отуз‑Адыр, Доңуз‑Адыр ж. б.