Difference between revisions of "АК-ТӨӨ МӨҢГҮСҮ"
Jump to navigation
Jump to search
228-323>KadyrM |
м (1 revision imported) |
(Айырма жок)
|
21:27, 25 Январь (Үчтүн айы) 2022 -деги абалы
‒ Кичи Алай кырка тоосунун түн. капталындагы өрөөн тибиндеги мөӊгү. Кыргыз-Ата суусунун сол куймасы ‒ Чили-Сай дын алабында жайгашкан. Уз. 6,0 км, аянты 3,5 км2, көлөмү 0,24 км3. Мөӊгүнүн башы деӊиз деӊг. 4900 м, этеги 3850 м бийиктикте жатат. Кар чегинин бийикт. 4250 м. Абляциясынын аянты 1,8 км2. Мөӊгү тартылууда. Андан Актөө суусу башталып, Кыргыз-Ата суусунун сол куймасы Чили-Сайга оӊ жактан куят.