Difference between revisions of "АНАБОЛИЗМ"

Кыргызстан Энциклопедия Жана Терминология Борбору дан
Jump to navigation Jump to search
1 -сап: 1 -сап:
'''АНАБОЛИЗМ''' (гр. anabole – түзүү, пайда кылуу) – клетка ж-а ткань структурасын түзүүчү ж-а жаңылоочу орг. бирикмелердин (белоктордун, углеводдордун, липиддердин, нуклеин к-таларынын ж. б.) синтезделиши. Бул заттардын  бардыгы татаал заттар. Алар жөнөкөй заттардан ж-а мономерлерден синтезделет (''ассимиляция).'' Синтездик реакциялардын жүрүшү үчүн  ''катаболизм'' процессинде (диссимиляцияда, биол. кычкылданууда) заттар ажыраганда АТФ түрүндө бошонуп чыккан энергия пайдаланылат. А. жаныбарларда – жаш кезинде, өсүмдүктөрдө вегетация мезгилинде күчтүү жүрөт. Мис., фотосинтез, белок, нуклеин к-тасы, май синтези маанилүү А. болуп эсептелет. Организмдин запас заттары ж-а тышкы чөйрөдөн алынган азык заттар зат алмашууга катышат. Ал заттардын бир бөлүгүнөн клетканын структуралык элементтерин түзүүчү кошулмалар синтезделет (А-дик зат алмашуу). Экинчи бөлүгү ажырап, кычкылданып, АТФ түрүндөгү энергия бошонуп чыгат (катаболизмдик зат алмашуу). Ал энергия организмдин тиричилик процесстерине жумшалат.<br>
== '''АНАБОЛИЗМ''' (гр. anabole – түзүү, пайда кылуу) – клетка ж-а ткань структурасын түзүүчү ж-а жаңылоочу орг. бирикмелердин (белоктордун, углеводдордун, липиддердин, нуклеин к-таларынын ж. б.) синтезделиши. Бул заттардын  бардыгы татаал заттар. Алар жөнөкөй заттардан ж-а мономерлерден синтезделет (''ассимиляция).'' Синтездик реакциялардын жүрүшү үчүн  ''катаболизм'' процессинде (диссимиляцияда, биол. кычкылданууда) заттар ажыраганда АТФ түрүндө бошонуп чыккан энергия пайдаланылат. А. жаныбарларда – жаш кезинде, өсүмдүктөрдө вегетация мезгилинде күчтүү жүрөт. Мис., фотосинтез, белок, нуклеин к-тасы, май синтези маанилүү А. болуп эсептелет. Организмдин запас заттары ж-а тышкы чөйрөдөн алынган азык заттар зат алмашууга катышат. Ал заттардын бир бөлүгүнөн клетканын структуралык элементтерин түзүүчү кошулмалар синтезделет (А-дик зат алмашуу). Экинчи бөлүгү ажырап, кычкылданып, АТФ түрүндөгү энергия бошонуп чыгат (катаболизмдик зат алмашуу). Ал энергия организмдин тиричилик процесстерине жумшалат. ==

16:33, 23 -ноябрь (Жетинин айы) 2022 -деги абалы

АНАБОЛИЗМ (гр. anabole – түзүү, пайда кылуу) – клетка ж-а ткань структурасын түзүүчү ж-а жаңылоочу орг. бирикмелердин (белоктордун, углеводдордун, липиддердин, нуклеин к-таларынын ж. б.) синтезделиши. Бул заттардын бардыгы татаал заттар. Алар жөнөкөй заттардан ж-а мономерлерден синтезделет (ассимиляция). Синтездик реакциялардын жүрүшү үчүн катаболизм процессинде (диссимиляцияда, биол. кычкылданууда) заттар ажыраганда АТФ түрүндө бошонуп чыккан энергия пайдаланылат. А. жаныбарларда – жаш кезинде, өсүмдүктөрдө вегетация мезгилинде күчтүү жүрөт. Мис., фотосинтез, белок, нуклеин к-тасы, май синтези маанилүү А. болуп эсептелет. Организмдин запас заттары ж-а тышкы чөйрөдөн алынган азык заттар зат алмашууга катышат. Ал заттардын бир бөлүгүнөн клетканын структуралык элементтерин түзүүчү кошулмалар синтезделет (А-дик зат алмашуу). Экинчи бөлүгү ажырап, кычкылданып, АТФ түрүндөгү энергия бошонуп чыгат (катаболизмдик зат алмашуу). Ал энергия организмдин тиричилик процесстерине жумшалат.