Difference between revisions of "АКТАН Арым Кубат"

Кыргызстан Энциклопедия Жана Терминология Борбору дан
Jump to navigation Jump to search
228-323>KadyrM
 
м (1 revision imported)
(Айырма жок)

21:27, 25 Январь (Үчтүн айы) 2022 -деги абалы

Арым Кубат (26. 3. 1957-ж. т., Чүй обл., Сокулук р-ну, Күн-Туу айылы) ‒ кинорежиссёр, сценарист, актёр, КРдин эл арт. (1998), Токтогул атн. мамл. сыйл. лауреаты (2000). 1980-ж.

Фрунзедеги С. А. Чуйков атн. сүрөт окуу жайын бүтүрүп, «Кыргызфильм» киностудиясында сүрөтчү-коюучу, сүрөтчү-жасалгалоочу болуп иштеген. А-дын кино ишмердиги кыска метраждуу фильмдерди тартуудан башталды. «Чуркап бараткан ит» ж-а «Кон» документ фильмдери (1990), «Үлүл, сенин үйүӊ кайда?» (1992),

АКТАН8.png

«Селкинчек» (1993) кыска метраждуу фильмдери анын алгачкы эмгектеринен. «Беш кемпир» фильми (1998, «Кыргызфильм», «Ное продюксьон», Франция) эл аралык кинофестивалдарда «Күмүш кабылан» сыйл. (1998, Швейцария), «Кинотасмалардын күмүш кутучасы» (1998, Сингапур) ж. б. байгелерге ээ болгон. Ал эми «Маймыл» фильми (2001, Ное продюксьон, Франция, «Кыргызфильм») эл аралык кинофестивалда «Күмүш дельфин» (2001, Португалия) байгесин алган. «Селкинчек», «Беш кемпир», «Маймыл» үчилтигинде өспүрүм балдардын сүйүү сезимдерин, дүйнөгө көз карашын, турмуштун ар кандай жагдайларына кабылышын, жашоонун маанисин башкы каармандар аркылуу ачкан. «Ырыс алды ынтымак» тасмасы рекламалардын эл аралык фестивалында (1996, Москва) Гран-приге татыктуу болгон. А. Кырг-н Жаштар сыйл. лауреаты, 20‒21-к-дын кинематография муунунун лидери наамын алган. «Беш кемпир» ж-а «Маймыл» фильмдери Америка киноакаде миясынын (2001) «Эӊ мыкты чет өлкөлүк фильм» номинациясына көрсөтүлгөн. III даражадагы «Манас» ордени м-н сыйланган (2011).