Difference between revisions of "АМИР ХОСРОВ ДЕХЛЕВИ"
м (Mariya moved page АМЙР ХОСРОВ ДЕХЛЕВЙ to АМИР ХОСРОВ ДЕХЛЕВИ) |
|
(Айырма жок)
|
09:41, 18 -ноябрь (Жетинин айы) 2022 -деги абалы
АМИР ХОСРОВ ДЕХЛЕВИ (1253, азыркы Уттар-Прадеш штаты, Патиалы ш. – 1325, Дели) – индиялык акын, илимпоз; ата-теги түрк.Фарс, урду, хинди тилдеринде жазган. Амир Хосроф Дехлевинин чыгармачылыгы Индиянын перс тилдүү адабиятынын калыптанышына чоң үлүш кошкон. Низами Гянжевинин «Бешилтигин» туурап жазылган беш поэманын автору. Анын касыйдалары, газелдери, төрт сап ырлары беш поэтикалык жыйнактарында – дивандарында: «Жаштык жалын» (1272), «Жетилген курак» (1293), «Тандалган калдык» (1316), «Жетилүү чеги» (1325) берилген. «Девальрани Хизр-хан», «Ширин жана Хосров», «Мажнун менен Лайли» (1298), «Искендердин күзгүсү» (1299), «Сегиз бейиш багы» (1301) ж. б. чыгармалары белгилүү. Бир нече поэмалар, ырлар, табышмактар, жаңылмачтар жыйнактары бар. Өзү күбө болгон окуяларга арнап тарыхый поэмаларын жазган. «Хосровдун стилистикасы» аттуу 5 томдук эмгегине адабият теориясы ж-а индия музыкасы б-ча чыгармалары кирген. Ж. Медералиева.