Difference between revisions of "АГРЕГАТТЫК АБАЛ"
1 -сап: | 1 -сап: | ||
'''АГРЕГАТТЫК АБАЛ''' ‒ бир эле заттын ар кандай (мис., катуу, суюк, газ ж-а плазма) түрдө болушу. Зат бир абалдан экинчисине өткөндө анын физ. касиеттери (''тыгыздыгы, ички энергиясы, энтропиясы ''ж. б.) кескин өзгөрөт. Көпчүлүк заттар, көбүнчө ‒ катуу, суюк ж-а газ абалында болушу мүмкүн. Заттын А. а-ы физ. шарттарга, негизинен ''басым'' м-н темп-рага көз каранды. Мис., суу нормалдуу басымда'' р''=101325 ''Па ''= 760 ''сым.мам.мм'' ж-а ''Т''=273,15 ''К'' темп-рада музга айланат. Заттын А. а-нын өзгөрүшү молекулалар ортосундагы аралыктын ж-а өз ара аракеттешүүнүн (тартылуу ж-а түртүлүү күчтөрүнүн) өзгөрүшү м-н түшүндүрүлөт. Газ молекулаларынын ортосундагы аралык өтө чоӊ, молекулалар өз ара дээрлик аракеттенишпей эркин кыймылда болуп, берилген көлөмдү толук ээлешет. Суюк ж-а катуу абалдагы заттардын молекулалары (атомдору) бири-бири м-н өтө жакын жайгашып, алардын өз ара аракеттешүүсү да өтө күчтүү болот. Ошондуктан зат катуу ж-а суюк абалда белгилүү көлөмдү ээлейт. Бирок заттын молекулалары (атому) суюк ж-а катуу абалда ар башка мүнөздөгү кыймылда болуп, алардын физ. касиеттеринин ж-а түзүлүшүнүн ар кандай болушун түшүндүрөт. |
15:47, 16 -ноябрь (Жетинин айы) 2022 -деги абалы
АГРЕГАТТЫК АБАЛ ‒ бир эле заттын ар кандай (мис., катуу, суюк, газ ж-а плазма) түрдө болушу. Зат бир абалдан экинчисине өткөндө анын физ. касиеттери (тыгыздыгы, ички энергиясы, энтропиясы ж. б.) кескин өзгөрөт. Көпчүлүк заттар, көбүнчө ‒ катуу, суюк ж-а газ абалында болушу мүмкүн. Заттын А. а-ы физ. шарттарга, негизинен басым м-н темп-рага көз каранды. Мис., суу нормалдуу басымда р=101325 Па = 760 сым.мам.мм ж-а Т=273,15 К темп-рада музга айланат. Заттын А. а-нын өзгөрүшү молекулалар ортосундагы аралыктын ж-а өз ара аракеттешүүнүн (тартылуу ж-а түртүлүү күчтөрүнүн) өзгөрүшү м-н түшүндүрүлөт. Газ молекулаларынын ортосундагы аралык өтө чоӊ, молекулалар өз ара дээрлик аракеттенишпей эркин кыймылда болуп, берилген көлөмдү толук ээлешет. Суюк ж-а катуу абалдагы заттардын молекулалары (атомдору) бири-бири м-н өтө жакын жайгашып, алардын өз ара аракеттешүүсү да өтө күчтүү болот. Ошондуктан зат катуу ж-а суюк абалда белгилүү көлөмдү ээлейт. Бирок заттын молекулалары (атому) суюк ж-а катуу абалда ар башка мүнөздөгү кыймылда болуп, алардын физ. касиеттеринин ж-а түзүлүшүнүн ар кандай болушун түшүндүрөт.