Difference between revisions of "АБДУМОМУНОВ Токтоболот"

Кыргызстан Энциклопедия Жана Терминология Борбору дан
Jump to navigation Jump to search
1 -сап: 1 -сап:
'''АБДУМОМУНОВ''' Токтоболот (15. 8. 1922, Чүй обл., Кемин р-ну, Жаңы-Алыш айылы – 26. 12. 1989, Бишкек) – улуттук драматургиянын негиз салуучуларынын бири, классик драматург.[[File:АБДУМОМУНОВ34.png | thumb | none]]
'''АБДУМОМУНОВ''' Токтоболот (15. 8. 1922, Чүй обл., Кемин р-ну, Жаңы-Алыш айылы – 26. 12. 1989, Бишкек) – улуттук драматургиянын негиз салуучуларынын бири, классик драматург.[[File:АБДУМОМУНОВ34.png | thumb | none]]
Кыргыз ССРинин эл жазуучусу (1986), Кыргыз ССРинин искусствого эмгек сиңирген ишмери (1972), Кыргыз ССРинин Токтогул атындагы мамлекеттик сыйлыгынын алгачкы лауреаты (1967). 1938-ж. Фрунзе шаарындагы медтехникумду бүткөн. Эмгек жолун Алай районундагы Гүлчө айылында фельдшердик кызмат м-н баштап, кийин журналисттик кесипке өткөн. 1941–59-ж. аралыгында Кыргыз республикалык радиокомитетинде редактор, Ош обл. «Ленин жолу» гезитинде котормочу, «Советтик Кыргызстан» журналында бөлүм башчы болуп иштеген. 1959-ж. Кыргызстан Жазуучулар Союзунун биринчи секретары, 1974-жылдан КРдин театр коомунун председатели болуп шайланган. Кыргыз драматургиясынын өсүп-өнүгүшү, бүгүнкү күндөгү жетишкен деңгээли Абдумомуновдун аты м-н ажырагыс байланышта. Ал көбүнчө моралдык-этикалык темаларга кайрылып, аларды драматургиянын «стилинде» баяндаган. Психологиялык жактан ишенимдүү, жекече мүнөзгө ээ, типтештирилген каармандар тобун жараткан. 1944-ж. анын «Борбаш» аттуу комедиясы Кыргыз мамлекеттик драма театрында коюлган. 1947-ж. нефть изилдөөчүлөрдүн татаал турмушуна арналган «Кумдуу чөл» пьесасын, кийин «Замандаштар» (1948), «Курман» (1950) ж. б. пьесаларын жазган. «Тар капчыгай», «Атабектин кызы», «Ашырбай» пьесалары автордун дүйнөлүк драматургия өнөрүнүн жетишкендиктерин өздөштүргөнүн айкындап турат. «Абийир кечирбейт» (1962) Москвада ж-а бир катар башка шаарларда көрсөтүлүп, 1977-ж. анын 400 жолу коюлушу салтанаттуу майрамдалган. «Каркыралар кайтканда» (1965), «Сүйүү жана үмүт», «Бюро жүрүп жатат» (1969), «Жыгылган оогонго күлөт» (1968), «Жарыктык карыларым» (1980) ж. б. пьесаларында моралдык актуалдуу маселелер көтөрүлгөн. «Жүкөш» (1940, 1959, 1974), «Сүйүү жана үмүт» (1966), «Тандалган чыгармалар» (1973), «Ашырбай», «Пьесалар» (1982) аттуу китептери жарыкка чыккан. Т. Абдумомунов комедия жанрынын да чебери. Анын калеминен «Эч кимге айтпа», «Маашырбек үйлөнөт», «Алдар көсөө» ж. б. комедиялар жаралган. «Атабектин кызы» драмасында инсандын моралдык-этикалык жактан жетилиши, адеп-ахлагынын жеке калыптанышы сүрөттөлгөн. «Атабектин кызынын» жарыкка келиши кыргыз драматургиясында тарыхый көркөм өнүгүүнүн бийиктөөсүнүн мыйзамченемдүүлүгүн мүнөздөйт. Драматургдун «Таалай гүлдестеси» пьесасы (1970) Вьетнам элинин баатырдык күрөшүн чагылдырат. Кыргыз адабиятынын маселелерине байланышкан бир катар публицистикалык ж-а сын макалалардын автору. Ал СССР Жогорку Советинин ж-а Кыргыз ССР Жогорку Советинин депутаты болгон. Үч жолу Эмгек Кызыл Туу ордени ж-а медалдар менен сыйланган. Кыргыз мамлекеттик. академиялык драма театрына, Бишкек шаарынын бир көчөсүнө анын ысымы берилген.<br>Ад.: ''Артыкбаев'' К. XX кылымдагы кыргыз адабиятынын тарыхы. Б., 2004; ''Садыков'' А. Токтоболот Абдумомунов (чыгармачылык өнөркана сыры). Б., 2002; ''А.Садыков''<br>
Кыргыз ССРинин эл жазуучусу (1986), Кыргыз ССРинин искусствого эмгек сиңирген ишмери (1972), Кыргыз ССРинин Токтогул атындагы мамлекеттик сыйлыгынын алгачкы лауреаты (1967). 1938-ж. Фрунзе шаарындагы медтехникумду бүткөн. Эмгек жолун Алай районундагы Гүлчө айылында фельдшердик кызмат м-н баштап, кийин журналисттик кесипке өткөн. 1941–59-ж. аралыгында Кыргыз республикалык радиокомитетинде редактор, Ош обл. «Ленин жолу» гезитинде котормочу, «Советтик Кыргызстан» журналында бөлүм башчы болуп иштеген. 1959-ж. Кыргызстан Жазуучулар Союзунун биринчи секретары, 1974-жылдан КРдин театр коомунун председатели болуп шайланган. Кыргыз драматургиясынын өсүп-өнүгүшү, бүгүнкү күндөгү жетишкен деңгээли Т. Абдумомуновдун аты м-н ажырагыс байланышта. Ал көбүнчө моралдык-этикалык темаларга кайрылып, аларды драматургиянын «стилинде» баяндаган. Психологиялык жактан ишенимдүү, жекече мүнөзгө ээ, типтештирилген каармандар тобун жараткан. 1944-ж. анын «Борбаш» аттуу комедиясы Кыргыз мамлекеттик драма театрында коюлган. 1947-ж. нефть изилдөөчүлөрдүн татаал турмушуна арналган «Кумдуу чөл» пьесасын, кийин «Замандаштар» (1948), «Курман» (1950) ж. б. пьесаларын жазган. «Тар капчыгай», «Атабектин кызы», «Ашырбай» пьесалары автордун дүйнөлүк драматургия өнөрүнүн жетишкендиктерин өздөштүргөнүн айкындап турат. «Абийир кечирбейт» (1962) Москвада ж-а бир катар башка шаарларда көрсөтүлүп, 1977-ж. анын 400 жолу коюлушу салтанаттуу майрамдалган. «Каркыралар кайтканда» (1965), «Сүйүү жана үмүт», «Бюро жүрүп жатат» (1969), «Жыгылган оогонго күлөт» (1968), «Жарыктык карыларым» (1980) ж. б. пьесаларында моралдык актуалдуу маселелер көтөрүлгөн. «Жүкөш» (1940, 1959, 1974), «Сүйүү жана үмүт» (1966), «Тандалган чыгармалар» (1973), «Ашырбай», «Пьесалар» (1982) аттуу китептери жарыкка чыккан. Т. Абдумомунов комедия жанрынын да чебери. Анын калеминен «Эч кимге айтпа», «Маашырбек үйлөнөт», «Алдар көсөө» ж. б. комедиялар жаралган. «Атабектин кызы» драмасында инсандын моралдык-этикалык жактан жетилиши, адеп-ахлагынын жеке калыптанышы сүрөттөлгөн. «Атабектин кызынын» жарыкка келиши кыргыз драматургиясында тарыхый көркөм өнүгүүнүн бийиктөөсүнүн мыйзамченемдүүлүгүн мүнөздөйт. Драматургдун «Таалай гүлдестеси» пьесасы (1970) Вьетнам элинин баатырдык күрөшүн чагылдырат. Кыргыз адабиятынын маселелерине байланышкан бир катар публицистикалык ж-а сын макалалардын автору. Ал СССР Жогорку Советинин ж-а Кыргыз ССР Жогорку Советинин депутаты болгон. Үч жолу Эмгек Кызыл Туу ордени ж-а медалдар менен сыйланган. Кыргыз мамлекеттик. академиялык драма театрына, Бишкек шаарынын бир көчөсүнө анын ысымы берилген.<br>Ад.: ''Артыкбаев'' К. XX кылымдагы кыргыз адабиятынын тарыхы. Б., 2004; ''Садыков'' А. Токтоболот Абдумомунов (чыгармачылык өнөркана сыры). Б., 2002; ''А.Садыков''<br>

14:08, 15 -ноябрь (Жетинин айы) 2022 -деги абалы

АБДУМОМУНОВ Токтоболот (15. 8. 1922, Чүй обл., Кемин р-ну, Жаңы-Алыш айылы – 26. 12. 1989, Бишкек) – улуттук драматургиянын негиз салуучуларынын бири, классик драматург.

АБДУМОМУНОВ34.png

Кыргыз ССРинин эл жазуучусу (1986), Кыргыз ССРинин искусствого эмгек сиңирген ишмери (1972), Кыргыз ССРинин Токтогул атындагы мамлекеттик сыйлыгынын алгачкы лауреаты (1967). 1938-ж. Фрунзе шаарындагы медтехникумду бүткөн. Эмгек жолун Алай районундагы Гүлчө айылында фельдшердик кызмат м-н баштап, кийин журналисттик кесипке өткөн. 1941–59-ж. аралыгында Кыргыз республикалык радиокомитетинде редактор, Ош обл. «Ленин жолу» гезитинде котормочу, «Советтик Кыргызстан» журналында бөлүм башчы болуп иштеген. 1959-ж. Кыргызстан Жазуучулар Союзунун биринчи секретары, 1974-жылдан КРдин театр коомунун председатели болуп шайланган. Кыргыз драматургиясынын өсүп-өнүгүшү, бүгүнкү күндөгү жетишкен деңгээли Т. Абдумомуновдун аты м-н ажырагыс байланышта. Ал көбүнчө моралдык-этикалык темаларга кайрылып, аларды драматургиянын «стилинде» баяндаган. Психологиялык жактан ишенимдүү, жекече мүнөзгө ээ, типтештирилген каармандар тобун жараткан. 1944-ж. анын «Борбаш» аттуу комедиясы Кыргыз мамлекеттик драма театрында коюлган. 1947-ж. нефть изилдөөчүлөрдүн татаал турмушуна арналган «Кумдуу чөл» пьесасын, кийин «Замандаштар» (1948), «Курман» (1950) ж. б. пьесаларын жазган. «Тар капчыгай», «Атабектин кызы», «Ашырбай» пьесалары автордун дүйнөлүк драматургия өнөрүнүн жетишкендиктерин өздөштүргөнүн айкындап турат. «Абийир кечирбейт» (1962) Москвада ж-а бир катар башка шаарларда көрсөтүлүп, 1977-ж. анын 400 жолу коюлушу салтанаттуу майрамдалган. «Каркыралар кайтканда» (1965), «Сүйүү жана үмүт», «Бюро жүрүп жатат» (1969), «Жыгылган оогонго күлөт» (1968), «Жарыктык карыларым» (1980) ж. б. пьесаларында моралдык актуалдуу маселелер көтөрүлгөн. «Жүкөш» (1940, 1959, 1974), «Сүйүү жана үмүт» (1966), «Тандалган чыгармалар» (1973), «Ашырбай», «Пьесалар» (1982) аттуу китептери жарыкка чыккан. Т. Абдумомунов комедия жанрынын да чебери. Анын калеминен «Эч кимге айтпа», «Маашырбек үйлөнөт», «Алдар көсөө» ж. б. комедиялар жаралган. «Атабектин кызы» драмасында инсандын моралдык-этикалык жактан жетилиши, адеп-ахлагынын жеке калыптанышы сүрөттөлгөн. «Атабектин кызынын» жарыкка келиши кыргыз драматургиясында тарыхый көркөм өнүгүүнүн бийиктөөсүнүн мыйзамченемдүүлүгүн мүнөздөйт. Драматургдун «Таалай гүлдестеси» пьесасы (1970) Вьетнам элинин баатырдык күрөшүн чагылдырат. Кыргыз адабиятынын маселелерине байланышкан бир катар публицистикалык ж-а сын макалалардын автору. Ал СССР Жогорку Советинин ж-а Кыргыз ССР Жогорку Советинин депутаты болгон. Үч жолу Эмгек Кызыл Туу ордени ж-а медалдар менен сыйланган. Кыргыз мамлекеттик. академиялык драма театрына, Бишкек шаарынын бир көчөсүнө анын ысымы берилген.
Ад.: Артыкбаев К. XX кылымдагы кыргыз адабиятынын тарыхы. Б., 2004; Садыков А. Токтоболот Абдумомунов (чыгармачылык өнөркана сыры). Б., 2002; А.Садыков