Difference between revisions of "АКЫРЕТ"

Кыргызстан Энциклопедия Жана Терминология Борбору дан
Jump to navigation Jump to search
м (1 revision imported)
1 -сап: 1 -сап:
  ‒ диний түшүнүк б-ча адам үчүн түбөлүк ж-а негизги деп эсептелген «келечектеги жашоо», тиги дүйнө. Кыргыздарда «тиги дүйнө» тууралуу түшүнүк ислам динин кабыл алганга чейин эле белгилүү экендигин көптөгөн археол. табылгалар, этногр. даректер далилдейт. Байыркы мезгилдерде каза тапкан маркум м-н бирге жоого минчү атын, курал-жарактарын, тамак-ашын; эгер аял киши көз жумса, анда анын кооздук жасалгаларын, айрым учурда идиш-аягын да кошо көмгөн. Ислам дини кыргыздарга тарагандан кийин А. түшүнүгү да биртоп татаалдаган. А-тин толук аталышы «дар ал-ахира» («тиги дүйнө»). Ал эми бул жашоо «дар ад-дунйа» деп аталып, А-ке карама-каршы түшүнүк. А-тин синоними катары «ал-маад» (акыр замандан кийинки жашоо) термини эсептелет. Бул дүйнө м-н тиги дүйнөнүн карама-каршылык концепциясы, өлгөндөрдүн кайра тирилиши исламдын негизги идеяларынын бири. ''Мухаммед'' пайгамбар бул дүйнөдөгү жашоодон тышкары, тиги дүйнөдө ‒ «түбөлүк жашоо» бар ж-а ал жакта жашоодогу бардык иштериӊ үчүн жооп берүүгө туура келет, деп ишендирүүгө аракет кылган.<br>
'''АКЫРЕТ''' ‒ диний түшүнүк б-ча адам үчүн түбөлүк ж-а негизги деп эсептелген «келечектеги жашоо», тиги дүйнө. Кыргыздарда «тиги дүйнө» тууралуу түшүнүк ислам динин кабыл алганга чейин эле белгилүү экендигин көптөгөн археол. табылгалар, этногр. даректер далилдейт. Байыркы мезгилдерде каза тапкан маркум м-н бирге жоого минчү атын, курал-жарактарын, тамак-ашын; эгер аял киши көз жумса, анда анын кооздук жасалгаларын, айрым учурда идиш-аягын да кошо көмгөн. Ислам дини кыргыздарга тарагандан кийин А. түшүнүгү да биртоп татаалдаган. А-тин толук аталышы «дар ал-ахира» («тиги дүйнө»). Ал эми бул жашоо «дар ад-дунйа» деп аталып, А-ке карама-каршы түшүнүк. А-тин синоними катары «ал-маад» (акыр замандан кийинки жашоо) термини эсептелет. Бул дүйнө м-н тиги дүйнөнүн карама-каршылык концепциясы, өлгөндөрдүн кайра тирилиши исламдын негизги идеяларынын бири. ''Мухаммед'' пайгамбар бул дүйнөдөгү жашоодон тышкары, тиги дүйнөдө ‒ «түбөлүк жашоо» бар ж-а ал жакта жашоодогу бардык иштериӊ үчүн жооп берүүгө туура келет, деп ишендирүүгө аракет кылган.<br>
 

20:15, 8 -ноябрь (Жетинин айы) 2022 -деги абалы

АКЫРЕТ ‒ диний түшүнүк б-ча адам үчүн түбөлүк ж-а негизги деп эсептелген «келечектеги жашоо», тиги дүйнө. Кыргыздарда «тиги дүйнө» тууралуу түшүнүк ислам динин кабыл алганга чейин эле белгилүү экендигин көптөгөн археол. табылгалар, этногр. даректер далилдейт. Байыркы мезгилдерде каза тапкан маркум м-н бирге жоого минчү атын, курал-жарактарын, тамак-ашын; эгер аял киши көз жумса, анда анын кооздук жасалгаларын, айрым учурда идиш-аягын да кошо көмгөн. Ислам дини кыргыздарга тарагандан кийин А. түшүнүгү да биртоп татаалдаган. А-тин толук аталышы «дар ал-ахира» («тиги дүйнө»). Ал эми бул жашоо «дар ад-дунйа» деп аталып, А-ке карама-каршы түшүнүк. А-тин синоними катары «ал-маад» (акыр замандан кийинки жашоо) термини эсептелет. Бул дүйнө м-н тиги дүйнөнүн карама-каршылык концепциясы, өлгөндөрдүн кайра тирилиши исламдын негизги идеяларынын бири. Мухаммед пайгамбар бул дүйнөдөгү жашоодон тышкары, тиги дүйнөдө ‒ «түбөлүк жашоо» бар ж-а ал жакта жашоодогу бардык иштериӊ үчүн жооп берүүгө туура келет, деп ишендирүүгө аракет кылган.