Difference between revisions of "АКСАКАЛДАР БИЙЛИГИ"

Кыргызстан Энциклопедия Жана Терминология Борбору дан
Jump to navigation Jump to search
1 -сап: 1 -сап:
'''АКСАКАЛДАР БИЙЛИГИ''',  Г е р о н т о к р а т и я ‒ бийлик жамааттын жашы б-ча эӊ улуусуна таандык болгон коомдук түзүлүштүн баштапкы формасы. А. б. илимде геронтократия (gerontos ‒ улгайган ж-а kratos ‒ күч, бийлик) деп аталат, бул терминди илимий колдонууга англ. этнограф У. Риверс коомдун алгачкы мезгилинде бийлик аксакалдардын колунда болгонун белгилөө үчүн киргизген. Ал А. б. австралиялыктар ж-а Океаниянын айрым элдери үчүн мүнөздүү деген жыйынтыкка келген ж-а чыгыш элдерин изилдей алган эмес. Кыргыз элинин күнүмдүк турмушунда аксакалдар абдан таа
'''АКСАКАЛДАР БИЙЛИГИ''',  Г е р о н т о к р а т и я ‒ бийлик жамааттын жашы б-ча эӊ улуусуна таандык болгон коомдук түзүлүштүн баштапкы формасы. А. б. илимде геронтократия (gerontos ‒ улгайган ж-а kratos ‒ күч, бийлик) деп аталат, бул терминди илимий колдонууга англ. этнограф У. Риверс коомдун алгачкы мезгилинде бийлик аксакалдардын колунда болгонун белгилөө үчүн киргизген. Ал А. б. австралиялыктар ж-а Океаниянын айрым элдери үчүн мүнөздүү деген жыйынтыкка келген ж-а чыгыш элдерин изилдей алган эмес. Кыргыз элинин күнүмдүк турмушунда аксакалдар абдан таасирдүү болгон. Ар бир уруунун, айылдын, өрөөндүн эли сыймыктанаар, туу тутаар, акылга шерик, нарктуу, кутман карылары болгон. Алар ар кандай деӊгээлдеги маселелерди, көйгөйлөрдү, даттанууларды ошол жердеги дөбөгө чогулуп, калыстык м-н чечишкен. Аксакалдардын бүтүмү оозеки мыйзам болуп, эч ким буза албаган. Үй-бүлөдөгү, коомдогу, чарбадагы иштердин бардыгы алардын кеӊеши м-н жүргүзүлгөн. Туугандардын, бирге иштегендердин, кошуналардын ж. б. эӊ улуусуна баш ийүү, андан кеӊеш суроо сыяктуу А. б-нин элементтери азыр да эл ичинде жолугат. <br>
сирдүү болгон. Ар бир уруунун, айылдын, өрөөндүн эли сыймыктанаар, туу тутаар, акылга шерик, нарктуу, кутман карылары болгон. Алар ар кандай деӊгээлдеги маселелерди, көйгөйлөрдү, даттанууларды ошол жердеги дөбөгө чогулуп, калыстык м-н чечишкен. Аксакалдардын бүтүмү оозеки мыйзам болуп, эч ким буза албаган. Үй-бүлөдөгү, коомдогу, чарбадагы иштердин бардыгы алардын кеӊеши м-н жүргүзүлгөн. Туугандардын, бирге иштегендердин, кошуналардын ж. б. эӊ улуусуна баш ийүү, андан кеӊеш суроо сыяктуу А. б-нин элементтери азыр да эл ичинде жолугат. <br>

19:47, 8 -ноябрь (Жетинин айы) 2022 -деги абалы

АКСАКАЛДАР БИЙЛИГИ, Г е р о н т о к р а т и я ‒ бийлик жамааттын жашы б-ча эӊ улуусуна таандык болгон коомдук түзүлүштүн баштапкы формасы. А. б. илимде геронтократия (gerontos ‒ улгайган ж-а kratos ‒ күч, бийлик) деп аталат, бул терминди илимий колдонууга англ. этнограф У. Риверс коомдун алгачкы мезгилинде бийлик аксакалдардын колунда болгонун белгилөө үчүн киргизген. Ал А. б. австралиялыктар ж-а Океаниянын айрым элдери үчүн мүнөздүү деген жыйынтыкка келген ж-а чыгыш элдерин изилдей алган эмес. Кыргыз элинин күнүмдүк турмушунда аксакалдар абдан таасирдүү болгон. Ар бир уруунун, айылдын, өрөөндүн эли сыймыктанаар, туу тутаар, акылга шерик, нарктуу, кутман карылары болгон. Алар ар кандай деӊгээлдеги маселелерди, көйгөйлөрдү, даттанууларды ошол жердеги дөбөгө чогулуп, калыстык м-н чечишкен. Аксакалдардын бүтүмү оозеки мыйзам болуп, эч ким буза албаган. Үй-бүлөдөгү, коомдогу, чарбадагы иштердин бардыгы алардын кеӊеши м-н жүргүзүлгөн. Туугандардын, бирге иштегендердин, кошуналардын ж. б. эӊ улуусуна баш ийүү, андан кеӊеш суроо сыяктуу А. б-нин элементтери азыр да эл ичинде жолугат.