Difference between revisions of "АККАД"

Кыргызстан Энциклопедия Жана Терминология Борбору дан
Jump to navigation Jump to search
new2022>KadyrM
1 -сап: 1 -сап:
, А к а д е, А г а д е – Төмөнкү Месопотамия ойдуңунун түн. бөлүгүндө жайгашкан байыркы шаар. Шаардын так жайгашкан жери белгисиз. Болжолдуу Сипар ш-на (учурдагы Абу-Хабба; Ирак) жакын жайгашкан болуу керек деп эскерилет. А. бухтада жайгашып, пристань болгон. Ага алыскы өлкөлөрдөн кемелер  келип токтошкон. Уламышта шаарды колдоп турган ''Иштар ''кудайы болгон деп айтылат. Эулман храмы ага арналып салынган. А. б. з. ч. 24–22-к-да (Төмөнкү Месопотамияны толугу м-н камтыган) аты окшош мамлекеттин (Эламдарга таасирин орноткон) борбору болгон. Кийинчерээк А. Ортонку Эки Суу арасы тарыхый облусуна жайылган. Шаар өнүгүп, А. мамлекетин түзгөн. Байыркы Саргон (Шауррикен – “Чындык падышасы”) б. з. ч. 2316–2261-ж. башкарган. Ошондон баштап саргониддер династиясы башталып, аны балдары – Римуш ж-а Маништуш, небереси Нарам-Суэн ж-а чөбөрөсү Шарналишарри башкарып ж-а анча белгилүү эмес  башкаруучулар да башчылык кылышкан. Саргондордун убагында шаар Мугальзагесинин жетекчилиги м-н шумер ному (адм.-айм. бирдик) талкаланган. Ар дайым сеператтык маанайдагы көтөрүлүш басылган эмес. Саргондор активдүү сырткы саясатты жүргүзүп келишкен. Эки суу арасына, Кичи Азияга    ж-а Эламга жүрүштөрдү уюштуруп, Перс булуңун бойлой экспедицияга чыгышып, Эбу м-н Сирияга  кол салышып, лулпубеялар м-н Ирандын тоолорунда салгылашып турушкан. Падыша Саргон өзү да 34 жолу салгылашка катышканы айтылып, “Согуш падышасы” деген поэмада даңталган. А-да убагында ирригация системасы өнүгүп, кол өнөрчүлүк  м-н  соода таасирин тийгизип келген. Бирдей чен бирдик киргизилип, о. эле армиясы чыңдалган.  
'''АККАД''', А к а д е, А г а д е – Төмөнкү Месопотамия ойдуңунун түн. бөлүгүндө жайгашкан байыркы шаар. Шаардын так жайгашкан жери белгисиз. Болжолдуу Сипар ш-на (учурдагы Абу-Хабба; Ирак) жакын жайгашкан болуу керек деп эскерилет. А. бухтада жайгашып, пристань болгон. Ага алыскы өлкөлөрдөн кемелер  келип токтошкон. Уламышта шаарды колдоп турган ''Иштар ''кудайы болгон деп айтылат. Эулман храмы ага арналып салынган. А. б. з. ч. 24–22-к-да (Төмөнкү Месопотамияны толугу м-н камтыган) аты окшош мамлекеттин (Эламдарга таасирин орноткон) борбору болгон. Кийинчерээк А. Ортонку Эки Суу арасы тарыхый облусуна жайылган. Шаар өнүгүп, А. мамлекетин түзгөн. Байыркы Саргон (Шауррикен – “Чындык падышасы”) б. з. ч. 2316–2261-ж. башкарган. Ошондон баштап саргониддер династиясы башталып, аны балдары – Римуш ж-а Маништуш, небереси Нарам-Суэн ж-а чөбөрөсү Шарналишарри башкарып ж-а анча белгилүү эмес  башкаруучулар да башчылык кылышкан. Саргондордун убагында шаар Мугальзагесинин жетекчилиги м-н шумер ному (адм.-айм. бирдик) талкаланган. Ар дайым сеператтык маанайдагы көтөрүлүш басылган эмес. Саргондор активдүү сырткы саясатты жүргүзүп келишкен. Эки суу арасына, Кичи Азияга    ж-а Эламга жүрүштөрдү уюштуруп, Перс булуңун бойлой экспедицияга чыгышып, Эбу м-н Сирияга  кол салышып, лулпубеялар м-н Ирандын тоолорунда салгылашып турушкан. Падыша Саргон өзү да 34 жолу салгылашка катышканы айтылып, “Согуш падышасы” деген поэмада даңталган. А-да убагында ирригация системасы өнүгүп, кол өнөрчүлүк  м-н  соода таасирин тийгизип келген. Бирдей чен бирдик киргизилип, о. эле армиясы чыңдалган.
 

19:29, 8 -ноябрь (Жетинин айы) 2022 -деги абалы

АККАД, А к а д е, А г а д е – Төмөнкү Месопотамия ойдуңунун түн. бөлүгүндө жайгашкан байыркы шаар. Шаардын так жайгашкан жери белгисиз. Болжолдуу Сипар ш-на (учурдагы Абу-Хабба; Ирак) жакын жайгашкан болуу керек деп эскерилет. А. бухтада жайгашып, пристань болгон. Ага алыскы өлкөлөрдөн кемелер келип токтошкон. Уламышта шаарды колдоп турган Иштар кудайы болгон деп айтылат. Эулман храмы ага арналып салынган. А. б. з. ч. 24–22-к-да (Төмөнкү Месопотамияны толугу м-н камтыган) аты окшош мамлекеттин (Эламдарга таасирин орноткон) борбору болгон. Кийинчерээк А. Ортонку Эки Суу арасы тарыхый облусуна жайылган. Шаар өнүгүп, А. мамлекетин түзгөн. Байыркы Саргон (Шауррикен – “Чындык падышасы”) б. з. ч. 2316–2261-ж. башкарган. Ошондон баштап саргониддер династиясы башталып, аны балдары – Римуш ж-а Маништуш, небереси Нарам-Суэн ж-а чөбөрөсү Шарналишарри башкарып ж-а анча белгилүү эмес башкаруучулар да башчылык кылышкан. Саргондордун убагында шаар Мугальзагесинин жетекчилиги м-н шумер ному (адм.-айм. бирдик) талкаланган. Ар дайым сеператтык маанайдагы көтөрүлүш басылган эмес. Саргондор активдүү сырткы саясатты жүргүзүп келишкен. Эки суу арасына, Кичи Азияга ж-а Эламга жүрүштөрдү уюштуруп, Перс булуңун бойлой экспедицияга чыгышып, Эбу м-н Сирияга кол салышып, лулпубеялар м-н Ирандын тоолорунда салгылашып турушкан. Падыша Саргон өзү да 34 жолу салгылашка катышканы айтылып, “Согуш падышасы” деген поэмада даңталган. А-да убагында ирригация системасы өнүгүп, кол өнөрчүлүк м-н соода таасирин тийгизип келген. Бирдей чен бирдик киргизилип, о. эле армиясы чыңдалган.