Difference between revisions of "АК-СУУ КОЗГОЛОҢУ"
1 -сап: | 1 -сап: | ||
'''АК-СУУ КОЗГОЛОҢУ''' ‒ Чүй өрөөнүндөгү Ак-Суу кыштагында 1918-ж. «солчул» эсерлер Совет бийлигине каршы уюштурган козголоӊ. А.-С. к-нун чыгышына Пишпек уездинин 1-партиялык конференциясынын «солчул» эсерлерди ж-а буржуазиянын өкүлдөрүн бийлик органдарынан кууп чыгуу ж-дөгү чечими шылтоо болгон. 6-декабрда эсерлер жерг. оокаттуу дыйкандарды чогултуп, митинг өткөрүшкөн. Эсерлерден, эски офицерлерден, кулактардан «Элдик аскер совети» түзүлүп, сов. уюмдарды жоюу, Жети-Суу аймагында убактылуу өкмөттүн бийлигин калыбына келтирүү максаты коюлган. Козголоӊго катышкан орустардын бир катары большевиктерден көп партиялуу демократиячыл түзүлүштү киргизүүнү талап кылышып, бул маселени сүйлөшүүлөр жолу м-н да чечүүгө далалат кылышкан. Бул козголоӊдун башында солчул эсер Бондаренко турган. Аларды дунган ж-а кыргыз байлары колдогон. Козголоӊчулар 1918-ж. 6-декабрда Ак-Суу кыштагындагы почтаны, телеграфты басып алышып, колго түшкөн большевиктерди, сов. кызматкерлерди, кызыл аскерлерди мыкаачылык м-н өлтүрүшкөн. Козголоӊ Пишпек уездинин батыш жагынын жарымына тарап, Олуя-Ата уездинин айрым кыштактарына чейин жеткен. 14-декабрда Пишпек ш-нын батыш бөлүгүн ээлеп алышкан. Большевиктер тарабынан козголоӊду басууга чечкиндүү чаралар көрүлүп, жер-жерлерде отряддар түзүлгөн. Козголоӊду басууга 22-декабрда Жети-Суу фронтунан Я. Н. ''Логвиненко'' жетектеген 1-Пишпек полку келип, козголоӊчулар 28-декабрда кызыл аскерлер тарабынан талкаланган. <br> |
18:18, 8 -ноябрь (Жетинин айы) 2022 -деги абалы
АК-СУУ КОЗГОЛОҢУ ‒ Чүй өрөөнүндөгү Ак-Суу кыштагында 1918-ж. «солчул» эсерлер Совет бийлигине каршы уюштурган козголоӊ. А.-С. к-нун чыгышына Пишпек уездинин 1-партиялык конференциясынын «солчул» эсерлерди ж-а буржуазиянын өкүлдөрүн бийлик органдарынан кууп чыгуу ж-дөгү чечими шылтоо болгон. 6-декабрда эсерлер жерг. оокаттуу дыйкандарды чогултуп, митинг өткөрүшкөн. Эсерлерден, эски офицерлерден, кулактардан «Элдик аскер совети» түзүлүп, сов. уюмдарды жоюу, Жети-Суу аймагында убактылуу өкмөттүн бийлигин калыбына келтирүү максаты коюлган. Козголоӊго катышкан орустардын бир катары большевиктерден көп партиялуу демократиячыл түзүлүштү киргизүүнү талап кылышып, бул маселени сүйлөшүүлөр жолу м-н да чечүүгө далалат кылышкан. Бул козголоӊдун башында солчул эсер Бондаренко турган. Аларды дунган ж-а кыргыз байлары колдогон. Козголоӊчулар 1918-ж. 6-декабрда Ак-Суу кыштагындагы почтаны, телеграфты басып алышып, колго түшкөн большевиктерди, сов. кызматкерлерди, кызыл аскерлерди мыкаачылык м-н өлтүрүшкөн. Козголоӊ Пишпек уездинин батыш жагынын жарымына тарап, Олуя-Ата уездинин айрым кыштактарына чейин жеткен. 14-декабрда Пишпек ш-нын батыш бөлүгүн ээлеп алышкан. Большевиктер тарабынан козголоӊду басууга чечкиндүү чаралар көрүлүп, жер-жерлерде отряддар түзүлгөн. Козголоӊду басууга 22-декабрда Жети-Суу фронтунан Я. Н. Логвиненко жетектеген 1-Пишпек полку келип, козголоӊчулар 28-декабрда кызыл аскерлер тарабынан талкаланган.