Difference between revisions of "АК-ДӨБӨ I ШААР КАЛДЫГЫ"
1 -сап: | 1 -сап: | ||
'''АК-ДӨБӨ I ШААР КАЛДЫГЫ''' – 7–12‑к‑га таан­дык археол. эстелик. Бакай‑Ата р‑ндагы Ак-­Дөбө кыштагына жакын Үрмарал суусунун оң өйүзүндө, ''Тараз‑Талас'' автожолунан 75 ''км'' ара­лыкта жайгашкан. Шаар калдыгы үч бөлүктөн: сепил (цитадель), шахристан ж‑а рабаттан ту­рат. Шахристан 6 бурчтуу формада болуп, жал­пы уз. 1080 ''м.'' Ал дубал чеп м‑н коргондолуп, мунаралар м‑н бекемделген. Сакталып калган дубалдын бийикт. 2,5 ''м.'' Шаарга түн. жагында­гы дарбаза аркылуу киришкен. Дарбазалардын жанында мунаралар тургузулган. Сепил шах­ристандын чыгыш тарабында жайгашып, ай­ланасы турак жайлар м‑н курчалган. Айрыкча шаардын чыгыш тарабында көп турак жай ку­рулуштары орун алган. Шахристанды айланта калк жашаган рабат жайгашкан. Археол. ка­зууда чийки кыштан тургузулган имарат уран­дылары, чарбалык маанидеги курулуштар ачыл­ган. Темир эритүүчү мештин ж‑а металл кал­дыктары, чопо казан, кумура, жыгач аяктар, бычак, мал сөөктөрү табылган. Карала идиш­тери оймо‑чиймеленип, сыр м‑н кооздолгон. А. ш. к‑н о. кылымга тиешелүү жазма булак­тардагы Кул ш‑нын орду м‑н байланыштыры­шат. В. В. ''Бартольд,'' М. Е. ''Массон,'' А. Н. ''Берн­штам'' тарабынан изилденген. <br> ''М. И. Москалёв.'' |
18:13, 8 -ноябрь (Жетинин айы) 2022 -деги абалы
АК-ДӨБӨ I ШААР КАЛДЫГЫ – 7–12‑к‑га таандык археол. эстелик. Бакай‑Ата р‑ндагы Ак-Дөбө кыштагына жакын Үрмарал суусунун оң өйүзүндө, Тараз‑Талас автожолунан 75 км аралыкта жайгашкан. Шаар калдыгы үч бөлүктөн: сепил (цитадель), шахристан ж‑а рабаттан турат. Шахристан 6 бурчтуу формада болуп, жалпы уз. 1080 м. Ал дубал чеп м‑н коргондолуп, мунаралар м‑н бекемделген. Сакталып калган дубалдын бийикт. 2,5 м. Шаарга түн. жагындагы дарбаза аркылуу киришкен. Дарбазалардын жанында мунаралар тургузулган. Сепил шахристандын чыгыш тарабында жайгашып, айланасы турак жайлар м‑н курчалган. Айрыкча шаардын чыгыш тарабында көп турак жай курулуштары орун алган. Шахристанды айланта калк жашаган рабат жайгашкан. Археол. казууда чийки кыштан тургузулган имарат урандылары, чарбалык маанидеги курулуштар ачылган. Темир эритүүчү мештин ж‑а металл калдыктары, чопо казан, кумура, жыгач аяктар, бычак, мал сөөктөрү табылган. Карала идиштери оймо‑чиймеленип, сыр м‑н кооздолгон. А. ш. к‑н о. кылымга тиешелүү жазма булактардагы Кул ш‑нын орду м‑н байланыштырышат. В. В. Бартольд, М. Е. Массон, А. Н. Бернштам тарабынан изилденген.
М. И. Москалёв.