Difference between revisions of "АЙРАН"
Jump to navigation
Jump to search
1 -сап: | 1 -сап: | ||
'''АЙРАН''' – сүттөн уютулуп жасалган эзелки ак азыктарынын бири. Ал кой, эчки, уй ж‑а топоздун сүтүнөн уютулат. Уйдун сүтүнө төөнүн сүтүн аралаштырып, А. уюткан учурлар да кезигет. Бышырылган жылуу сүттү уютуш үчүн ага уютку (айранга кичине сүт кошуп, чалат) куюп, идишти жылуулап жаап, уюп жаткан учурда «чочуп» калбас үчүн орунтуктуу жерге 4–6 саат коюшат. А‑дан сүзмө, сүзмөдөн курут жасалат. А‑га жаңы саалган чийки сүттү кошуп аралаштырып, бир ууч талкан чалса «коютмак», тартылган сүт уютулса көк айран, сорпого кошулса – ''ак серке,'' талкан же таруу кошулуп уютулса ''аш айран,'' суу кошсо чалап деп аталат. |
17:27, 8 -ноябрь (Жетинин айы) 2022 -деги абалы
АЙРАН – сүттөн уютулуп жасалган эзелки ак азыктарынын бири. Ал кой, эчки, уй ж‑а топоздун сүтүнөн уютулат. Уйдун сүтүнө төөнүн сүтүн аралаштырып, А. уюткан учурлар да кезигет. Бышырылган жылуу сүттү уютуш үчүн ага уютку (айранга кичине сүт кошуп, чалат) куюп, идишти жылуулап жаап, уюп жаткан учурда «чочуп» калбас үчүн орунтуктуу жерге 4–6 саат коюшат. А‑дан сүзмө, сүзмөдөн курут жасалат. А‑га жаңы саалган чийки сүттү кошуп аралаштырып, бир ууч талкан чалса «коютмак», тартылган сүт уютулса көк айран, сорпого кошулса – ак серке, талкан же таруу кошулуп уютулса аш айран, суу кошсо чалап деп аталат.