Difference between revisions of "«АЛТАН ТОБЧИ»"
1 -сап: | 1 -сап: | ||
'''«АЛТАН ТОБЧИ»''' (Алтын топчу) – о. кылымдарга таандык монгол тилиндеги кол жазма. Кол жазманын толук аталышы – «Хандардын теги тууралуу алтын санжыра». Монголдордун үч ири тарыхый чыгармаларынын бири («Асыл санжыра», «Монголдордун купуя тарыхы»). | '''«АЛТАН ТОБЧИ»''' (Алтын топчу) – о. кылымдарга таандык монгол тилиндеги кол жазма. Кол жазманын толук аталышы – «Хандардын теги тууралуу алтын санжыра». Монголдордун үч ири тарыхый чыгармаларынын бири («Асыл санжыра», «Монголдордун купуя тарыхы»). «Алтан топчинин» эки нускасы бар. Аларды бири-биринен айырмалоо үчүн «Улуу алтан тобчи», «Кичи алтан тобчи» деп шарттуу түрдө аташат. Чыгарманын алгачкы нускасынын автору белгисиз. Ал болжол м-н 17-к-дын башында жазылган. Монголдорго будда дини таралгандан кийин жазылгандыктан, негизинен диний мүнөздөгү чыгарма. Анда Будда дининин дүйнөдө пайда болушу ж-а адам баласынын жаралышы тууралуу мифтик баяндар, о. эле Индия, Тибеттин алгачкы башкаруучулары тууралуу уламыштар м-н катар монголдордун тарыхы да берилген. Чыгармадагы ''Чынгыз хан, Үгөдөй,'' Хубилайдан'' тартып, Линданханга чейинки 270'' жыл ичиндеги окуяларды баяндаган бөлүгү тарых илими үчүн өзгөчө баалуу. «Алтан топчинин» экинчи нускасы монгол ламасы Лубсан Данзан тарабынан 1240-ж. жазылган «Монголдордун купуя тарыхындагы» чыгармада енисейлик кыргыздар, ойроттор, кыпчактар ж-дө да маалыматтар кездешет.<br> |
13:10, 8 -ноябрь (Жетинин айы) 2022 -деги абалы
«АЛТАН ТОБЧИ» (Алтын топчу) – о. кылымдарга таандык монгол тилиндеги кол жазма. Кол жазманын толук аталышы – «Хандардын теги тууралуу алтын санжыра». Монголдордун үч ири тарыхый чыгармаларынын бири («Асыл санжыра», «Монголдордун купуя тарыхы»). «Алтан топчинин» эки нускасы бар. Аларды бири-биринен айырмалоо үчүн «Улуу алтан тобчи», «Кичи алтан тобчи» деп шарттуу түрдө аташат. Чыгарманын алгачкы нускасынын автору белгисиз. Ал болжол м-н 17-к-дын башында жазылган. Монголдорго будда дини таралгандан кийин жазылгандыктан, негизинен диний мүнөздөгү чыгарма. Анда Будда дининин дүйнөдө пайда болушу ж-а адам баласынын жаралышы тууралуу мифтик баяндар, о. эле Индия, Тибеттин алгачкы башкаруучулары тууралуу уламыштар м-н катар монголдордун тарыхы да берилген. Чыгармадагы Чынгыз хан, Үгөдөй, Хубилайдан тартып, Линданханга чейинки 270 жыл ичиндеги окуяларды баяндаган бөлүгү тарых илими үчүн өзгөчө баалуу. «Алтан топчинин» экинчи нускасы монгол ламасы Лубсан Данзан тарабынан 1240-ж. жазылган «Монголдордун купуя тарыхындагы» чыгармада енисейлик кыргыздар, ойроттор, кыпчактар ж-дө да маалыматтар кездешет.