Difference between revisions of "АСИНХРОНДУУ ЭЛЕКТР КЫЙМЫЛДАТКЫЧ"
м (1 версия) |
|||
1 -сап: | 1 -сап: | ||
АСИНХРОНДУУ ЭЛЕКТР КЫЙМЫЛДАТКЫЧ– электр энергиясын мех. энергияга айландыруучу ''асинхрондуу электр машинасы.'' Иштөө принциби – айланып жаткан магнит талаасы м-н анын таасири астында жаралган ротордогу токтун ортосундагы электр-магниттик өз ара аракеттешүүгө негизделген. Статор дун орому б-ча үч фазалуу ток өткөндө пайда болгон айлануучу магнит талаасы ротордун орому аркылуу<br> | |||
өтүп, анда ток пайда кылат. Индукцияланган | өтүп, анда ток пайда кылат. Индукцияланган | ||
ток м-н статордун магнит талааларынын өз ара | ток м-н статордун магнит талааларынын өз ара | ||
17 -сап: | 17 -сап: | ||
пайдалуу аракет коэфф-и жогору болот да, өнөр | пайдалуу аракет коэфф-и жогору болот да, өнөр | ||
жай тармактарында, үй-тиричилик техникасында кеңири пайдаланылат.<br> | жай тармактарында, үй-тиричилик техникасында кеңири пайдаланылат.<br> | ||
15:49, 3 -ноябрь (Жетинин айы) 2022 -деги абалы
АСИНХРОНДУУ ЭЛЕКТР КЫЙМЫЛДАТКЫЧ– электр энергиясын мех. энергияга айландыруучу асинхрондуу электр машинасы. Иштөө принциби – айланып жаткан магнит талаасы м-н анын таасири астында жаралган ротордогу токтун ортосундагы электр-магниттик өз ара аракеттешүүгө негизделген. Статор дун орому б-ча үч фазалуу ток өткөндө пайда болгон айлануучу магнит талаасы ротордун орому аркылуу
өтүп, анда ток пайда кылат. Индукцияланган
ток м-н статордун магнит талааларынын өз ара
аракеттешүүсүнүн натыйжасында ротор магнит
талаасын ээрчип айлана баштайт да, ал талаага салыштырганда айлануу саны аз болот. А. э.
к-ын электр тармагына туташтыруу үчүн анын
статорунун орому жылдызча же үч бурчтук
түрүндө бириктирилет. Роторунун түзүлүшү б-ча
А. э. к. чукул туюкталган ж-а фаза роторлуу
болуп бөлүнөт. Үч фазалуу А. э. к-тан башка да
бир фазалуу кыймылдаткыч бар. Башка кыймылдаткычтарга салыштырганда А. э. к-тын
пайдалуу аракет коэфф-и жогору болот да, өнөр
жай тармактарында, үй-тиричилик техникасында кеңири пайдаланылат.