Difference between revisions of "АДАБИЯТ"

Кыргызстан Энциклопедия Жана Терминология Борбору дан
Jump to navigation Jump to search
1 -сап: 1 -сап:
  (ар. асыл сөз) ‒ басмадан басылып чыккан коомдук мааниси бар чыгармалардын жалпы аты. Саясий А., тарыхый А., техника лык А., илимий А., медициналык А. сыяктуу кеӊ мааниде айтылат. Тар маанисинде алганда, А. деп көркөм ад-тты түшүнөбүз. Көркөм А. иск-вонун бир тармагы, сөз өнөрүнүн жазма түрүндө өнүккөн формасы. Ал көркөм сөз өнөрү катары элдин оозеки чыгармаларында пайда болуп, бийик деӊгээлге көтөрүлгөн; жазма-чийме ж-а китеп басуу чыккандан кийин азыркы калыбында өнүгө баштаган. Ал коомдук аӊ-сезимдин башка формаларынан (философия, илим, мораль, укук, саясат ж. б.) образдуу табияты, коомдук аӊ-сезимдин жалпы система сынан ээлеген орду, аткарган милдети м-н айырмаланат. Көркөм А. объективдүү дүйнөнү өз алдынча аӊдап билет: тигил же бул коомдук ж-а турмуштук көрүнүштөрдүн негизги өнүгүш багыттарын элестүү формада чагылтат, аларды тарыхый келечеги м-н кошо карайт; адамдардын эстетикалык, рухий ж-а идеялык-тарбиялык жактан текши өнүгүшүн шарттайт; коомдук ж-а турмуштук көрүнүштөргө өз доорунун, саясий-идеологиялык, филос.-нравалык, эстетика-этикалык принциптери м-н идеалдарынын бийиктигинен туруп өкүм чыгарат, б. а., прогрессчил көрүнүштөрдү жактайт, терс көрүнүштөрдү ашкерелейт. Ал коомдук аӊ-сезимдин бир формасы болгондуктан, анын өсүп-өнүгүшү, бир формадан экинчи формага өтүшү коомдук-экон. формациялардын алмашуу мыйзамченемдүүлүктөрү м-н байланышта жүрөт. Мис., жазма-чийме пайда болуп, ад-т жаралганга чейин, фольклордук (элдик оозеки) чыгармалар түзүлөт. Бардык эле элдер рухий өнүгүш тарыхында ушул жолду басып өткөн. Алсак, Октябрь рев-ясына чейин кыргыз элинин көркөм сөз өнөрү фольклор түрүндө жашаган. Фольклордук чыгармалардын турмушту көркөм чагылтуу принциптери м-н жазма профессионал ад-ттын эстетикалык принциптеринин ортосунда байланыш, окшоштук м-н бирге сапаттык айырмачылыктар болот. Жазма-чийме чыккандан кийин профессионал ад-т түзүлөт. Көркөм А. өзүнүн тарыхый өнүгүш процессинде классицизм, сентиментализм, романтизм, сынчыл реализм өӊдүү түрдүү көркөм методдордун баскычтарынан өттү. Дүйнөлүк көркөм өнүгүштө реализм У. Шекспирдин трагедияларында, 19-к-дагы француз ад-тында О. Бальзактын, М. Стендалдын, орус ад-тында А. С. Пушкиндин, Ф. М. Достоевскийдин, Л. Толстойдун чыгармаларында өзүнүн классикалык бийиктигине көтөрүлгөн. Улуу жазуучулар М. Горький м-н В. В. Маяковский, М. Шолохов, К. Федин, Л. Леонов, А. Твардовский, А. Фадеев, М. Ауэзов, А. Упит, М. Рыльский ж. б-дын классикалык чыгармалары анын өсүү этабын белгиледи. А. ''Осмонов'', А. ''Токомбаев'', Т. ''Сыдыкбеков'', Ч. ''Айтматов ''ж. б-дын белгилүү чыгармалары кыргыз ад-тындагы ийгилик тердин күбөсү болду. А-тты ''адабият таануу ''изилдейт.
'''АДАБИЯТ''' (ар. асыл сөз) ‒ басмадан басылып чыккан коомдук мааниси бар чыгармалардын жалпы аты. Саясий адабият, тарыхый адабият, техникалык адабият, илимий адабият, медициналык адабият сыяктуу кеӊ мааниде айтылат. Тар маанисинде алганда, адабият деп көркөм адабиятты түшүнөбүз. Көркөм адабият искусствонун бир тармагы, сөз өнөрүнүн жазма түрүндө өнүккөн формасы. Ал көркөм сөз өнөрү катары элдин оозеки чыгармаларында пайда болуп, бийик деӊгээлге көтөрүлгөн; жазма-чийме ж-а китеп басуу чыккандан кийин азыркы калыбында өнүгө баштаган. Ал коомдук аӊ-сезимдин башка формаларынан (философия, илим, мораль, укук, саясат ж. б.) образдуу табияты, коомдук аӊ-сезимдин жалпы системасынан ээлеген орду, аткарган милдети м-н айырмаланат. Көркөм адабият объективдүү дүйнөнү өз алдынча аӊдап билет: тигил же бул коомдук ж-а турмуштук көрүнүштөрдүн негизги өнүгүү багыттарын элестүү формада чагылтат, аларды тарыхый келечеги м-н кошо карайт; адамдардын эстетикалык, рухий ж-а идеялык-тарбиялык жактан текши өнүгүшүн шарттайт; коомдук ж-а турмуштук көрүнүштөргө өз доорунун, саясий-идеологиялык, философиялык-нравалык, эстетика-этикалык принциптери м-н идеалдарынын бийиктигинен туруп өкүм чыгарат, б. а., прогрессчил көрүнүштөрдү жактайт, терс көрүнүштөрдү ашкерелейт. Ал коомдук аӊ-сезимдин бир формасы болгондуктан, анын өсүп-өнүгүшү, бир формадан экинчи формага өтүшү коомдук-экономикалык формациялардын алмашуу мыйзамченемдүүлүктөрү м-н байланышта жүрөт. Мис., жазма-чийме пайда болуп, адабият жаралганга чейин, фольклордук (элдик оозеки) чыгармалар түзүлөт. Бардык эле элдер рухий өнүгүү тарыхында ушул жолду басып өткөн. Алсак, Октябрь революциясына чейин кыргыз элинин көркөм сөз өнөрү фольклор түрүндө жашаган. Фольклордук чыгармалардын турмушту көркөм чагылтуу принциптери м-н жазма профессионал адабияттын эстетикалык принциптеринин ортосунда байланыш, окшоштук м-н бирге сапаттык айырмачылыктар болот. Жазма-чийме чыккандан кийин профессионал адабият түзүлөт. Көркөм адабият өзүнүн тарыхый өнүгүү процессинде классицизм, сентиментализм, романтизм, сынчыл реализм өӊдүү түрдүү көркөм методдордун баскычтарынан өттү. Дүйнөлүк көркөм өнүгүштө реализм У. Шекспирдин трагедияларында, 19-кылымдагы француз адабиятында О. Бальзактын, М. Стендалдын, орус адабиятында А. С. Пушкиндин, Ф. М. Достоевскийдин, Л. Толстойдун чыгармаларында өзүнүн классикалык бийиктигине көтөрүлгөн. Улуу жазуучулар М. Горький м-н В. В. Маяковский, М. Шолохов, К. Федин, Л. Леонов, А. Твардовский, А. Фадеев, М. Ауэзов, А. Упит, М. Рыльский ж. б-дын классикалык чыгармалары анын өсүү этабын белгиледи. А. ''Осмонов'', А. ''Токомбаев'', Т. ''Сыдыкбеков'', Ч. ''Айтматов ''жана башкалардын белгилүү чыгармалары кыргыз адабиятындагы ийгиликтердин күбөсү болду. Адабиятты ''адабият таануу ''изилдейт. Ад.: ''Садыков'' А. Адабият теориясы. Б., 2002; ''Горький'' М. О литературе. М., 1953. ''А. Садыков.''
Ад.: ''Садыков'' А. Адабият теориясы. Б., 2002; ''Горький'' М. О литературе. М., 1953. ''А. Садыков.''

15:40, 2 -ноябрь (Жетинин айы) 2022 -деги абалы

АДАБИЯТ (ар. асыл сөз) ‒ басмадан басылып чыккан коомдук мааниси бар чыгармалардын жалпы аты. Саясий адабият, тарыхый адабият, техникалык адабият, илимий адабият, медициналык адабият сыяктуу кеӊ мааниде айтылат. Тар маанисинде алганда, адабият деп көркөм адабиятты түшүнөбүз. Көркөм адабият ‒ искусствонун бир тармагы, сөз өнөрүнүн жазма түрүндө өнүккөн формасы. Ал көркөм сөз өнөрү катары элдин оозеки чыгармаларында пайда болуп, бийик деӊгээлге көтөрүлгөн; жазма-чийме ж-а китеп басуу чыккандан кийин азыркы калыбында өнүгө баштаган. Ал коомдук аӊ-сезимдин башка формаларынан (философия, илим, мораль, укук, саясат ж. б.) образдуу табияты, коомдук аӊ-сезимдин жалпы системасынан ээлеген орду, аткарган милдети м-н айырмаланат. Көркөм адабият объективдүү дүйнөнү өз алдынча аӊдап билет: тигил же бул коомдук ж-а турмуштук көрүнүштөрдүн негизги өнүгүү багыттарын элестүү формада чагылтат, аларды тарыхый келечеги м-н кошо карайт; адамдардын эстетикалык, рухий ж-а идеялык-тарбиялык жактан текши өнүгүшүн шарттайт; коомдук ж-а турмуштук көрүнүштөргө өз доорунун, саясий-идеологиялык, философиялык-нравалык, эстетика-этикалык принциптери м-н идеалдарынын бийиктигинен туруп өкүм чыгарат, б. а., прогрессчил көрүнүштөрдү жактайт, терс көрүнүштөрдү ашкерелейт. Ал коомдук аӊ-сезимдин бир формасы болгондуктан, анын өсүп-өнүгүшү, бир формадан экинчи формага өтүшү коомдук-экономикалык формациялардын алмашуу мыйзамченемдүүлүктөрү м-н байланышта жүрөт. Мис., жазма-чийме пайда болуп, адабият жаралганга чейин, фольклордук (элдик оозеки) чыгармалар түзүлөт. Бардык эле элдер рухий өнүгүү тарыхында ушул жолду басып өткөн. Алсак, Октябрь революциясына чейин кыргыз элинин көркөм сөз өнөрү фольклор түрүндө жашаган. Фольклордук чыгармалардын турмушту көркөм чагылтуу принциптери м-н жазма профессионал адабияттын эстетикалык принциптеринин ортосунда байланыш, окшоштук м-н бирге сапаттык айырмачылыктар болот. Жазма-чийме чыккандан кийин профессионал адабият түзүлөт. Көркөм адабият өзүнүн тарыхый өнүгүү процессинде классицизм, сентиментализм, романтизм, сынчыл реализм өӊдүү түрдүү көркөм методдордун баскычтарынан өттү. Дүйнөлүк көркөм өнүгүштө реализм У. Шекспирдин трагедияларында, 19-кылымдагы француз адабиятында О. Бальзактын, М. Стендалдын, орус адабиятында А. С. Пушкиндин, Ф. М. Достоевскийдин, Л. Толстойдун чыгармаларында өзүнүн классикалык бийиктигине көтөрүлгөн. Улуу жазуучулар М. Горький м-н В. В. Маяковский, М. Шолохов, К. Федин, Л. Леонов, А. Твардовский, А. Фадеев, М. Ауэзов, А. Упит, М. Рыльский ж. б-дын классикалык чыгармалары анын өсүү этабын белгиледи. А. Осмонов, А. Токомбаев, Т. Сыдыкбеков, Ч. Айтматов жана башкалардын белгилүү чыгармалары кыргыз адабиятындагы ийгиликтердин күбөсү болду. Адабиятты адабият таануу изилдейт. Ад.: Садыков А. Адабият теориясы. Б., 2002; Горький М. О литературе. М., 1953. А. Садыков.