Difference between revisions of "АДАБИЙ СЫЙЛЫКТАР"

Кыргызстан Энциклопедия Жана Терминология Борбору дан
Jump to navigation Jump to search
1 -сап: 1 -сап:
'''АДАБИЙ СЫЙЛЫКТАР''' ‒ адабий турмушта көрүнүктүү роль ойногон көркөм чыгармалар үчүн берилүүчү сыйлыктар. А. с. мамл., коомдук-ил., чыгармачыл уюмдар, басылмалар ж-а гезит-журналдардын редакциялары тарабынан белгиленет. Аны ыйгаруу ишин талапкерлерди коомчулуктун кеӊири талкуусунун негизинде компотенттүү кишилерден турган калыстар тобу же атайын комитет чечет. 1925-ж. илим, техника, ад-т ж-а иск-вонун көрүнүктүү чыгармалары үчүн В. И. Ленин атн. сыйл. белгиленген. 1939-ж. СССР Эл Комиссарлар Советинин токтому м-н СССР мамл. сыйл. негизделген. Ал 1954-жылга чейин Сталиндик сыйл. деп аталып, 1941-жылдан 1952-ж. чейин түрдүү тармактагы (көркөм ад-т ж-а анын тарыхы б-ча да) эмгектер үчүн жыл сайын ыйгарылып келген. 1956-ж. КПСС БК м-н СССР Министрлер Совети Лениндик сыйлыкты кайра калыбына келтирүү ж-дө чечим кабыл алган. Ал 1967-ж. чейин ар жылы, кийин эки жылда бир жолу, ал эми СССР мамл. сыйл. жылына ыйгарылган. Чет өлкөлөрдөгү А. с-дын белгилүүсү Швеция Королчулугунун академиясы жылына бере турган ''Нобель атн. сыйлык'' ж. б. Кырг-нда ад-т ж-а иск-во б-ча Токтогул атн. мамл. сыйл. (1965), респ-нын Кыргызстан Ленин комсомолу сыйл. (1967), К. Тыныстанов атн. мамл. сыйл. (1991) негизделген. 1986-ж. Кыргызстан ЖС тарабынан А. Осмонов атн. адабий сыйл. уюштурулган.
'''АДАБИЙ СЫЙЛЫКТАР''' ‒ адабий турмушта көрүнүктүү роль ойногон көркөм чыгармалар үчүн берилүүчү сыйлыктар. Адабий сыйлыктар мамлекеттик, коомдук-илимий, чыгармачыл уюмдар, басылмалар ж-а гезит-журналдардын редакциялары тарабынан белгиленет. Аны ыйгаруу ишин талапкерлерди коомчулуктун кеӊири талкуусунун негизинде компотенттүү кишилерден турган калыстар тобу же атайын комитет чечет. 1925-ж. илим, техника, адабият ж-а искусствонун көрүнүктүү чыгармалары үчүн В. И. Ленин атындагы сыйлыгы белгиленген. 1939-ж. СССР Эл Комиссарлар Советинин токтому м-н СССР мамлекеттик сыйлыгы негизделген. Ал 1954-жылга чейин Сталиндик сыйлык деп аталып, 1941-жылдан 1952-ж. чейин түрдүү тармактагы (көркөм адабият ж-а анын тарыхы б-ча да) эмгектер үчүн жыл сайын ыйгарылып келген. 1956-ж. КПСС БК м-н СССР Министрлер Совети Лениндик сыйлыкты кайра калыбына келтирүү ж-дө чечим кабыл алган. Ал 1967-ж. чейин ар жылы, кийин эки жылда бир жолу, ал эми СССР мамлекеттик сыйлыгы жылына ыйгарылган. Чет өлкөлөрдөгү адабий сыйлыктардын белгилүүсү Швеция Королчулугунун академиясы жылына бере турган ''Нобель атындагы сыйлык'' ж. б. Кыргызстанда адабият ж-а искусство б-ча Токтогул атындагы мамлекеттик сыйлыгы (1965), республиканын Кыргызстан Ленин комсомолу сыйлыгы (1967), К. Тыныстанов атындагы мамлекеттик сыйлыгы (1991) негизделген. 1986-ж. Кыргызстан Жазуучулар Союзу тарабынан А. Осмонов атындагы адабий сыйлык уюштурулган.

10:43, 2 -ноябрь (Жетинин айы) 2022 -деги абалы

АДАБИЙ СЫЙЛЫКТАР ‒ адабий турмушта көрүнүктүү роль ойногон көркөм чыгармалар үчүн берилүүчү сыйлыктар. Адабий сыйлыктар мамлекеттик, коомдук-илимий, чыгармачыл уюмдар, басылмалар ж-а гезит-журналдардын редакциялары тарабынан белгиленет. Аны ыйгаруу ишин талапкерлерди коомчулуктун кеӊири талкуусунун негизинде компотенттүү кишилерден турган калыстар тобу же атайын комитет чечет. 1925-ж. илим, техника, адабият ж-а искусствонун көрүнүктүү чыгармалары үчүн В. И. Ленин атындагы сыйлыгы белгиленген. 1939-ж. СССР Эл Комиссарлар Советинин токтому м-н СССР мамлекеттик сыйлыгы негизделген. Ал 1954-жылга чейин Сталиндик сыйлык деп аталып, 1941-жылдан 1952-ж. чейин түрдүү тармактагы (көркөм адабият ж-а анын тарыхы б-ча да) эмгектер үчүн жыл сайын ыйгарылып келген. 1956-ж. КПСС БК м-н СССР Министрлер Совети Лениндик сыйлыкты кайра калыбына келтирүү ж-дө чечим кабыл алган. Ал 1967-ж. чейин ар жылы, кийин эки жылда бир жолу, ал эми СССР мамлекеттик сыйлыгы жылына ыйгарылган. Чет өлкөлөрдөгү адабий сыйлыктардын белгилүүсү Швеция Королчулугунун академиясы жылына бере турган Нобель атындагы сыйлык ж. б. Кыргызстанда адабият ж-а искусство б-ча Токтогул атындагы мамлекеттик сыйлыгы (1965), республиканын Кыргызстан Ленин комсомолу сыйлыгы (1967), К. Тыныстанов атындагы мамлекеттик сыйлыгы (1991) негизделген. 1986-ж. Кыргызстан Жазуучулар Союзу тарабынан А. Осмонов атындагы адабий сыйлык уюштурулган.