Difference between revisions of "АДАБИЙ КЕЧЕ"

Кыргызстан Энциклопедия Жана Терминология Борбору дан
Jump to navigation Jump to search
new2022>KadyrM
1 -сап: 1 -сап:
  – мектептеги, деги эле окуучулук жылдардагы эсте кала турган иш-чаралардан болууга тийиш. А. к. ар түрдүү формалардын синтезинен, курамынан түзүлгөндүгү м-н айырмаланат. Мындай кече жылына 4–5 жолу же андан да сейрек өткөрүлөт да, ага даярдык узакка созулат. Көбүнчө жазуучулардын юбилейине карата уюшулуп ага адабият мугалиминен тышкары китепканачы, сүрөт, ыр, эмгек мугалимдери, класс жетекчилер, администрациянын өкүлдөрү, ата-энелер жардам берүүгө тийиш, кыскасы, А. к. бүткүл мектеп өткөрүүчү иш-чара болуп саналат. Анда эң негизги роль – окуучуларга, өзгөчө адабий ийримдин катышуучуларына жүктөлөт. Ал кандай өтөт? Мис., бир мектепте “Алыкул – кыргыз поэзиясынын чолпону” деген А. к. өткөрүлгөн. Адегенде адабият мугалими акындын чыг-лыгы ж-дө кыска кириш сөз сүйлөдү, бир окуучу Алыкулдун өмүрүнө токтолду, экинчиси анын лирикалары ж-дө айтты, үчүнчүсү поэмалары тууралуу баяндама жасады, төртүнчүсү «Алыкул – котормочу» деп, анын бул өнөрдөгү чыг-лыгы тууралуу маалымат берди. Булардын арасында акындын чыгармаларына жазылган обондуу ырлары аткарылып, айрым ырпоэмаларына инценировкалар, пьесаларынан үзүндүлөр окуучулардын күчү м-н коюлду, акындын ырлары окулду, грампластинка уктурулду. А. Осмонов ж-дө замандаштарынын эскерүүлөрү, сынчылардын пикирлери жаңырып, кинофрагмент, диафильм көрсөтүлдү. 21 www.bizdin.kg А. к-нин программасы ар тараптуу, кызыктуу, жаңы болгону максатка ылайыктуу. Концерт, театрлаштырылган оюндар, адабий монтаж, көргөзмө, сочинение, «Манас» айтуу, көркөм окуу, сүрөт тартуу, адабий чыгарма жазуу б-ча конкурстарды, викторина, адабий оюндарды өткөрүү кеченин баркын көтөрөт. Мындай иш-чараны «поэзия кечеси», «драма кечеси», «жомок кечеси», «кара сөз кечеси», «лира кечеси», «дастан кечеси» деп, адабий тектер ж-а жанрлар б-ча өткөрүүгө болот. Кеченин максаты – жазуучунун өмүрүн, чыг-лыгын, анын адабий дүйнөсүн тереңирээк ачуу, адабий көрүнүштөргө, окуяларга терең сүңгүп кирүү, жамаатташып иштөөгө көнүгүү, билимдин чың ж-а бекем болушу үчүн көмөктөшүү. А. к-ни өткөрүү, уюштуруу чыг-лык изденүүлөрдүн эркиндигин, ар кандай жаңы жолдорду ж-а формаларды, усулдарды табууну талап кылат. А. к. мектепте гана эмес, башка жамаат ичинде да өтөт.  
'''АДАБИЙ КЕЧЕ''' – мектептеги, деги эле окуучулук жылдардагы эсте кала турган иш-чаралардан болууга тийиш. Адабий кече ар түрдүү формалардын синтезинен, курамынан түзүлгөндүгү м-н айырмаланат. Мындай кече жылына 4–5 жолу же андан да сейрек өткөрүлөт да, ага даярдык узакка созулат. Көбүнчө жазуучулардын юбилейине карата уюшулуп ага адабият мугалиминен тышкары китепканачы, сүрөт, ыр, эмгек мугалимдери, класс жетекчилер, администрациянын өкүлдөрү, ата-энелер жардам берүүгө тийиш, кыскасы, Адабий кече бүткүл мектеп өткөрүүчү иш-чара болуп саналат. Анда эң негизги роль – окуучуларга, өзгөчө адабий ийримдин катышуучуларына жүктөлөт. Ал кандай өтөт? Мис., бир мектепте “Алыкул – кыргыз поэзиясынын чолпону” деген адабий кече. өткөрүлгөн. Адегенде адабият мугалими акындын чыг-лыгы ж-дө кыска кириш сөз сүйлөдү, бир окуучу Алыкулдун өмүрүнө токтолду, экинчиси анын лирикалары ж-дө айтты, үчүнчүсү поэмалары тууралуу баяндама жасады, төртүнчүсү «Алыкул – котормочу» деп, анын бул өнөрдөгү чыг-лыгы тууралуу маалымат берди. Булардын арасында акындын чыгармаларына жазылган обондуу ырлары аткарылып, айрым ырпоэмаларына инценировкалар, пьесаларынан үзүндүлөр окуучулардын күчү м-н коюлду, акындын ырлары окулду, грампластинка уктурулду. А. Осмонов ж-дө замандаштарынын эскерүүлөрү, сынчылардын пикирлери жаңырып, кинофрагмент, диафильм көрсөтүлдү. 21 www.bizdin.kg Адабий кеченин программасы ар тараптуу, кызыктуу, жаңы болгону максатка ылайыктуу. Концерт, театрлаштырылган оюндар, адабий монтаж, көргөзмө, сочинение, «Манас» айтуу, көркөм окуу, сүрөт тартуу, адабий чыгарма жазуу б-ча конкурстарды, викторина, адабий оюндарды өткөрүү кеченин баркын көтөрөт. Мындай иш-чараны «поэзия кечеси», «драма кечеси», «жомок кечеси», «кара сөз кечеси», «лира кечеси», «дастан кечеси» деп, адабий тектер ж-а жанрлар б-ча өткөрүүгө болот. Кеченин максаты – жазуучунун өмүрүн, чыгармачылыгын, анын адабий дүйнөсүн тереңирээк ачуу, адабий көрүнүштөргө, окуяларга терең сүңгүп кирүү, жамаатташып иштөөгө көнүгүү, билимдин чың ж-а бекем болушу үчүн көмөктөшүү. Адабий кечени өткөрүү, уюштуруу чыг-лык изденүүлөрдүн эркиндигин, ар кандай жаңы жолдорду ж-а формаларды, усулдарды табууну талап кылат. Адабий кече мектепте гана эмес, башка жамаат ичинде да өтөт.
 

17:03, 1 -ноябрь (Жетинин айы) 2022 -деги абалы

АДАБИЙ КЕЧЕ – мектептеги, деги эле окуучулук жылдардагы эсте кала турган иш-чаралардан болууга тийиш. Адабий кече ар түрдүү формалардын синтезинен, курамынан түзүлгөндүгү м-н айырмаланат. Мындай кече жылына 4–5 жолу же андан да сейрек өткөрүлөт да, ага даярдык узакка созулат. Көбүнчө жазуучулардын юбилейине карата уюшулуп ага адабият мугалиминен тышкары китепканачы, сүрөт, ыр, эмгек мугалимдери, класс жетекчилер, администрациянын өкүлдөрү, ата-энелер жардам берүүгө тийиш, кыскасы, Адабий кече бүткүл мектеп өткөрүүчү иш-чара болуп саналат. Анда эң негизги роль – окуучуларга, өзгөчө адабий ийримдин катышуучуларына жүктөлөт. Ал кандай өтөт? Мис., бир мектепте “Алыкул – кыргыз поэзиясынын чолпону” деген адабий кече. өткөрүлгөн. Адегенде адабият мугалими акындын чыг-лыгы ж-дө кыска кириш сөз сүйлөдү, бир окуучу Алыкулдун өмүрүнө токтолду, экинчиси анын лирикалары ж-дө айтты, үчүнчүсү поэмалары тууралуу баяндама жасады, төртүнчүсү «Алыкул – котормочу» деп, анын бул өнөрдөгү чыг-лыгы тууралуу маалымат берди. Булардын арасында акындын чыгармаларына жазылган обондуу ырлары аткарылып, айрым ырпоэмаларына инценировкалар, пьесаларынан үзүндүлөр окуучулардын күчү м-н коюлду, акындын ырлары окулду, грампластинка уктурулду. А. Осмонов ж-дө замандаштарынын эскерүүлөрү, сынчылардын пикирлери жаңырып, кинофрагмент, диафильм көрсөтүлдү. 21 www.bizdin.kg Адабий кеченин программасы ар тараптуу, кызыктуу, жаңы болгону максатка ылайыктуу. Концерт, театрлаштырылган оюндар, адабий монтаж, көргөзмө, сочинение, «Манас» айтуу, көркөм окуу, сүрөт тартуу, адабий чыгарма жазуу б-ча конкурстарды, викторина, адабий оюндарды өткөрүү кеченин баркын көтөрөт. Мындай иш-чараны «поэзия кечеси», «драма кечеси», «жомок кечеси», «кара сөз кечеси», «лира кечеси», «дастан кечеси» деп, адабий тектер ж-а жанрлар б-ча өткөрүүгө болот. Кеченин максаты – жазуучунун өмүрүн, чыгармачылыгын, анын адабий дүйнөсүн тереңирээк ачуу, адабий көрүнүштөргө, окуяларга терең сүңгүп кирүү, жамаатташып иштөөгө көнүгүү, билимдин чың ж-а бекем болушу үчүн көмөктөшүү. Адабий кечени өткөрүү, уюштуруу чыг-лык изденүүлөрдүн эркиндигин, ар кандай жаңы жолдорду ж-а формаларды, усулдарды табууну талап кылат. Адабий кече мектепте гана эмес, башка жамаат ичинде да өтөт.