Difference between revisions of "АЛИМБАЕВ Берик Каримович"

Кыргызстан Энциклопедия Жана Терминология Борбору дан
Jump to navigation Jump to search
(Айырма жок)

17:32, 31 -октябрь (Тогуздун айы) 2022 -деги абалы

АЛИМБАЕВ Берик Каримович (30. 12. 1936, Фрунзе ш.) ‒ бийчи, педагог, балетмейстер, КРдин эл артисти (1992). 1947‒56-ж. Ленинграддагы А. Я. Ваганова атындагы окуу жайында окуган. 1956-жылдан Кыргыз мамлекеттик опера ж-а балет театрында бийчи, 1972-жылдан балетмейстер-репетитор. 25 жыл ичинде дүйнөлүк, советтик композиторлордун балеттеринен башкы партияларды аткарган. Айрыкча «Бахчисарай фонтанынан» Вацлавдын, «Уйкудагы сулуудан» Дезиренин, «Дон Кихоттон»

АЛИМБАЕВ72.png

Базилиянын, «Баядеркадан» жоокер Солордун, «Куйручуктан» Куйручуктун, «Аселден» Ильястын, «Саманчы жолунан» Касымдын ж. б. ролдорун чебер аткарган. Кыргыз балет өнөрүнүн жүзүн «Москва жылдыздары», «Орус кышы», «Ак түндөр» аттуу фестивалдарда, КМШ өлкөлөрүнүн чоӊ шаарларында, Канаданын, Сириянын, Чехословакиянын, Монголиянын сахналарында көрсөткөн. Санкт-Петербургдагы Мария театрынын бийчилери м-н «Жизель» балетиндеги Альберттин партиясын аткарган. 1958-жылдан Кыргыз мамлекеттик М. Күрөӊкөев атындагы музыкалык-хореографиялык окуу жайында педагог ж-а көркөм жетекчи. Медалдар м-н сыйланган.