Difference between revisions of "АЛИЕВ Кеңеш"

Кыргызстан Энциклопедия Жана Терминология Борбору дан
Jump to navigation Jump to search
м (Mariya moved page АЛИЕВ 5 to АЛИЕВ Кеңеш)
(Айырма жок)

14:24, 31 -октябрь (Тогуздун айы) 2022 -деги абалы

АЛИЕВ Кеӊеш (1938-ж. т., Чүй обл., Панфилов р-ну, Чолок-Арык айылы) ‒ хормейстер, профессор (1992), КРдин эл артисти (1992). Кыргыз ССРинин искусствого эмгек сиӊирген ишмери (1974). Фрунзедеги М. Күрөӊкөев атындагы мамлекеттик музыкалык-хореографиялык окуу жайын (1959), Гнесиндер атындагы Москва мамлекеттик музыкалык-педагогикалык институтун (1964) бүтүргөн. 1964‒69-ж. А. Малдыбаев атындагы Кыргыз мамлекеттик академиялык опера ж-а балет театрында хормейстер, 1969-жылдан башкы хормейстер, бир эле мезгилде Б. Бейшеналиева атындагы Кыргыз мамлекеттик искусство институтунда окутуучу, хор дирижёру кафедрасынын

АЛИЕВ68.png

башчысы. Ал 50дөн ашык опера спектаклдериндеги (мис., «Кармен», «Русалка�», «Отелло», «Манас» ж. б.) хорлорду жогорку деӊгээлде даярдаган. 1975-ж. К. Алиевдин жетекчилиги м-н Кыргыз радиосунун хору уюшулган. Бир нече медалдар м-н сыйланган.