Difference between revisions of "АЛЕКСАНДРИЯ КИТЕПКАНАСЫ"
Jump to navigation
Jump to search
м (1 revision imported) |
|||
1 -сап: | 1 -сап: | ||
'''АЛЕКСАНДРИЯ КИТЕПКАНАСЫ''' ‒ байыркы китепкана; кол жазма китептердин ири жыйнагы (100 миӊден 700 миӊге чейинки том); б. з. ч. 3-кылымдарда Александрия шаарында (Египетте) негизделген. Аны Эратосфен, Зенодот, Аристарх Самосский, Каллимах сыяктуу ири окумуштуулар башкарышкан . Каллимахтын жетекчилиги м-н Александрия китепканасындагы китептерге каталог түзүлүп, ал дайыма толукталып турган. Александрия китепканасынын бир бөлүгү б. з. ч. 47-ж. Александриядагы согуштун учурунда өрттөнүп кетет, бирок кийинчерээк Пергам китепканасынын эсебинен калыбына келтирилген. Б. з. 391-ж. император Феодосий Iнин тушунда китепкананын бир бөлүгү Серапис храмында сакталып турганда христиан фанаттары тарабынан, андан калганы 7‒8-кылымдарда жок кылынган.<br> | |||
13:12, 31 -октябрь (Тогуздун айы) 2022 -деги абалы
АЛЕКСАНДРИЯ КИТЕПКАНАСЫ ‒ байыркы китепкана; кол жазма китептердин ири жыйнагы (100 миӊден 700 миӊге чейинки том); б. з. ч. 3-кылымдарда Александрия шаарында (Египетте) негизделген. Аны Эратосфен, Зенодот, Аристарх Самосский, Каллимах сыяктуу ири окумуштуулар башкарышкан . Каллимахтын жетекчилиги м-н Александрия китепканасындагы китептерге каталог түзүлүп, ал дайыма толукталып турган. Александрия китепканасынын бир бөлүгү б. з. ч. 47-ж. Александриядагы согуштун учурунда өрттөнүп кетет, бирок кийинчерээк Пергам китепканасынын эсебинен калыбына келтирилген. Б. з. 391-ж. император Феодосий Iнин тушунда китепкананын бир бөлүгү Серапис храмында сакталып турганда христиан фанаттары тарабынан, андан калганы 7‒8-кылымдарда жок кылынган.