Difference between revisions of "АКУСТИКАЛЫК ОПТИКА"
Jump to navigation
Jump to search
1 -сап: | 1 -сап: | ||
‒ оптиканын электр-магниттик толкундардын катуу ж-а суюк заттардагы үн толкундары м-н өз ара аракеттешүүсүн үйрөтүүчү бөлүмү. Көпчүлүк А. о. түзүлүшүнүн иштөөсү ультраүндө жарыктын дифракция кубулушуна негизделген. Дифракцияланган жарыктын кыйшаюу бурчу үндүн толкун узундугуна көз каранды. Кабыл алынуучу үндүн жыштыгын өзгөртүү м-н ошол бурчту каалагандай өзгөртүүгө болот. Бул принциптин негизинде А. о. дефлектор ж-а сканерде колдонулат. Жарыктын үн м-н өз ара аракеттешүүсү когеренттүү жарык нурлануусун башкаруу үчүн оптикада, электроникада, лазер техникасында кеӊири пайдаланылат, о. эле жарык сигналынын амплитудасын, поляризациясын, спектр түзүлүшүн ж-а жарык нурунун таралуу багытын башкарууга болот. Негизги нур м-н дифракция нурунун арасында энергиянын бөлүштүрүлүшү үндүн интенсивдүүлүгүн өзгөртүү м-н башкарылат. Бул эффект жарык агымынын интенсивдүүлүгүн башкаруучу акустикалык модулятордо пайдаланылат.<br> | '''АКУСТИКАЛЫК ОПТИКА''' ‒ оптиканын электр-магниттик толкундардын катуу ж-а суюк заттардагы үн толкундары м-н өз ара аракеттешүүсүн үйрөтүүчү бөлүмү. Көпчүлүк А. о. түзүлүшүнүн иштөөсү ультраүндө жарыктын дифракция кубулушуна негизделген. Дифракцияланган жарыктын кыйшаюу бурчу үндүн толкун узундугуна көз каранды. Кабыл алынуучу үндүн жыштыгын өзгөртүү м-н ошол бурчту каалагандай өзгөртүүгө болот. Бул принциптин негизинде А. о. дефлектор ж-а сканерде колдонулат. Жарыктын үн м-н өз ара аракеттешүүсү когеренттүү жарык нурлануусун башкаруу үчүн оптикада, электроникада, лазер техникасында кеӊири пайдаланылат, о. эле жарык сигналынын амплитудасын, поляризациясын, спектр түзүлүшүн ж-а жарык нурунун таралуу багытын башкарууга болот. Негизги нур м-н дифракция нурунун арасында энергиянын бөлүштүрүлүшү үндүн интенсивдүүлүгүн өзгөртүү м-н башкарылат. Бул эффект жарык агымынын интенсивдүүлүгүн башкаруучу акустикалык модулятордо пайдаланылат.<br> |
10:33, 31 -октябрь (Тогуздун айы) 2022 -деги абалы
АКУСТИКАЛЫК ОПТИКА ‒ оптиканын электр-магниттик толкундардын катуу ж-а суюк заттардагы үн толкундары м-н өз ара аракеттешүүсүн үйрөтүүчү бөлүмү. Көпчүлүк А. о. түзүлүшүнүн иштөөсү ультраүндө жарыктын дифракция кубулушуна негизделген. Дифракцияланган жарыктын кыйшаюу бурчу үндүн толкун узундугуна көз каранды. Кабыл алынуучу үндүн жыштыгын өзгөртүү м-н ошол бурчту каалагандай өзгөртүүгө болот. Бул принциптин негизинде А. о. дефлектор ж-а сканерде колдонулат. Жарыктын үн м-н өз ара аракеттешүүсү когеренттүү жарык нурлануусун башкаруу үчүн оптикада, электроникада, лазер техникасында кеӊири пайдаланылат, о. эле жарык сигналынын амплитудасын, поляризациясын, спектр түзүлүшүн ж-а жарык нурунун таралуу багытын башкарууга болот. Негизги нур м-н дифракция нурунун арасында энергиянын бөлүштүрүлүшү үндүн интенсивдүүлүгүн өзгөртүү м-н башкарылат. Бул эффект жарык агымынын интенсивдүүлүгүн башкаруучу акустикалык модулятордо пайдаланылат.