Difference between revisions of "АКАДЕМИЯ"
1 -сап: | 1 -сап: | ||
'''АКАДЕМИЯ''' (лат. Academia) – илимий мекемелер­дин ж‑а жогорку окуу жайларынын аталышы. | '''АКАДЕМИЯ''' (лат. Academia) – илимий мекемелер­дин ж‑а жогорку окуу жайларынын аталышы. «Академия» сөзү б. з. ч. 380‑ж. ортосунда ''Платон'' фи­лософиялык мектепти негиздеген Афиныга жакын жер­ге берилген мифтик каарман Академдин аты­нан келип чыккан. ''Эллинизм'' доорунда академияга окшош илимий коомдор (Александрия Мусейону, б. з. ч. 3‑кылым) пайда болгон. Орто кылымда Чыгышта Багдадда «Акылмандык үйү» (9‑к.), Хорезмде «Мамун академиясы» (11‑кылымдын башталышы), Марата (13‑к.), Самарканд (15‑к.) обсерватория­ларынын алдындагы илимий коомдор белгилүү бол­гон. Европада 15‑16‑кылымдарда көбүнчө гуманитардык багытта иш жүргүзгөн Италиянын түрдүү илимий коомдору да академия деп аталган. 17‑к‑да табигый илимдердин проблемалары көңүл борборунда болгон бир нече ил. коомдор – А. иштеген. 17­к‑дын экинчи жарымынан тартып, мамл. бий­ликтин колдоосу м‑н А. улуттук ил. борборлор катары Лондон Королчулук коому (1660), Па­рижде ИА (1966), Берлинде Пруссия ИА (1700), Петербургда ИА (1724) ж. б. түзүлө баштаган. 1783‑1841‑ж. Россияда ИАдан тышкары орус тилин ж‑а көркөм чыгармаларды изилдөө иш­терин жүргүзүүчү Россия Академиясы болгон. Комплекстүү типтеги А‑лар (же аларга окшош мекемелер) дүйнөнүн көп өлкөлөрүндө (Берлин ­Бранденбург илимдер академиясы, Дания Ко­ролчулук илимдер академиясы, Россия илимдер академиясы ж. б.) иштейт. Улуу Британияда 18­-к‑дын аягынан А. ролун Лондон Королчулук коо­му, Францияда – Франция институту, Италия­да – дея Линчея улуттук академиясы, Испания­да – Испан королчулук академиясы; Азия ж‑а Аф­рика өлкөлөрүндө – Индия улуттук академиясы (1935), Каирдеги Египет институту (1798‑ж. негизде­лип, 1859‑ж. кайра түзүлгөн) ж. б. аткарган.<br>Көп өлкөлөрдө тармактык А‑лар (же аларга окшош мекемелер) бар: РФда – Россия көркөм сүрөт академиясы, Россия билим берүү акаде­миясы, Россия медицина илимдеринин ака­демиясы ж. б.; Германияда – «Леопольдина», Немец илимий-изилдөө коому, Макс Планк атындагы коом ж. б.; Данияда – Дания тех. илимдер акаде­миясы; Францияда – Илим изилдөөнүн улут­тук борбору, Франция академиясы ж. б. Кыргызстанда А. 1954‑ж. Фрунзеде (азыркы Биш­кек ш.) СССР Илимдер академиясынын Кыргыз филиалынын базасында негизделген, учурда ''Кыргыз Республикасынын улуттук илимдер акад''е­''миясы'' статусун алган. Мамлекеттик академиялар м‑н бирге Кыргызстанда Айтматов академиясы, ''Көркөм сүрөт улуттук академиясы, Билим берүу академиясы'' бар. Академияга мүчөлүктүн категориялары (академик, корреспондент мүчө) ж‑а өзгөчө (академиялык) наамдар (ардактуу академик, чет өлкөлүк мүчө ж. б.) каралган. ''М. Оморов.''<br> | ||
Комплекстүү типтеги А‑лар (же аларга окшош мекемелер) дүйнөнүн көп өлкөлөрүндө (Берлин ­Бранденбург илимдер академиясы, Дания Ко­ролчулук илимдер академиясы, Россия илимдер академиясы ж. б.) иштейт. Улуу Британияда 18­к‑дын аягынан А. ролун Лондон Королчулук коо­му, Францияда – Франция институту, Италия ­да – дея Линчея улуттук академиясы, Испания­да – Испан королчулук академиясы; Азия ж‑а Аф­рика өлкөлөрүндө – Индия улуттук академиясы (1935), Каирдеги Египет | |||
Көп өлкөлөрдө тармактык А‑лар (же аларга окшош мекемелер) бар: РФда – Россия көркөм сүрөт академиясы, Россия билим берүү акаде­миясы, Россия медицина илимдеринин ака­демиясы ж. б.; Германияда – «Леопольдина», Немец | |||
11:03, 27 -октябрь (Тогуздун айы) 2022 -деги абалы
АКАДЕМИЯ (лат. Academia) – илимий мекемелердин ж‑а жогорку окуу жайларынын аталышы. «Академия» сөзү б. з. ч. 380‑ж. ортосунда Платон философиялык мектепти негиздеген Афиныга жакын жерге берилген мифтик каарман Академдин атынан келип чыккан. Эллинизм доорунда академияга окшош илимий коомдор (Александрия Мусейону, б. з. ч. 3‑кылым) пайда болгон. Орто кылымда Чыгышта Багдадда «Акылмандык үйү» (9‑к.), Хорезмде «Мамун академиясы» (11‑кылымдын башталышы), Марата (13‑к.), Самарканд (15‑к.) обсерваторияларынын алдындагы илимий коомдор белгилүү болгон. Европада 15‑16‑кылымдарда көбүнчө гуманитардык багытта иш жүргүзгөн Италиянын түрдүү илимий коомдору да академия деп аталган. 17‑к‑да табигый илимдердин проблемалары көңүл борборунда болгон бир нече ил. коомдор – А. иштеген. 17к‑дын экинчи жарымынан тартып, мамл. бийликтин колдоосу м‑н А. улуттук ил. борборлор катары Лондон Королчулук коому (1660), Парижде ИА (1966), Берлинде Пруссия ИА (1700), Петербургда ИА (1724) ж. б. түзүлө баштаган. 1783‑1841‑ж. Россияда ИАдан тышкары орус тилин ж‑а көркөм чыгармаларды изилдөө иштерин жүргүзүүчү Россия Академиясы болгон. Комплекстүү типтеги А‑лар (же аларга окшош мекемелер) дүйнөнүн көп өлкөлөрүндө (Берлин Бранденбург илимдер академиясы, Дания Королчулук илимдер академиясы, Россия илимдер академиясы ж. б.) иштейт. Улуу Британияда 18-к‑дын аягынан А. ролун Лондон Королчулук коому, Францияда – Франция институту, Италияда – дея Линчея улуттук академиясы, Испанияда – Испан королчулук академиясы; Азия ж‑а Африка өлкөлөрүндө – Индия улуттук академиясы (1935), Каирдеги Египет институту (1798‑ж. негизделип, 1859‑ж. кайра түзүлгөн) ж. б. аткарган.
Көп өлкөлөрдө тармактык А‑лар (же аларга окшош мекемелер) бар: РФда – Россия көркөм сүрөт академиясы, Россия билим берүү академиясы, Россия медицина илимдеринин академиясы ж. б.; Германияда – «Леопольдина», Немец илимий-изилдөө коому, Макс Планк атындагы коом ж. б.; Данияда – Дания тех. илимдер академиясы; Францияда – Илим изилдөөнүн улуттук борбору, Франция академиясы ж. б. Кыргызстанда А. 1954‑ж. Фрунзеде (азыркы Бишкек ш.) СССР Илимдер академиясынын Кыргыз филиалынын базасында негизделген, учурда Кыргыз Республикасынын улуттук илимдер академиясы статусун алган. Мамлекеттик академиялар м‑н бирге Кыргызстанда Айтматов академиясы, Көркөм сүрөт улуттук академиясы, Билим берүу академиясы бар. Академияга мүчөлүктүн категориялары (академик, корреспондент мүчө) ж‑а өзгөчө (академиялык) наамдар (ардактуу академик, чет өлкөлүк мүчө ж. б.) каралган. М. Оморов.