Difference between revisions of "АЗИМОВ Айзек"
м (Mariya moved page АЗИМОВ 1 to АЗИМОВ Айзек) |
|
(Айырма жок)
|
08:33, 21 -октябрь (Тогуздун айы) 2022 -деги абалы
АЗИМОВ Айзек (1920, Петровичи, Смоленск губ., азыркы Смоленск обл. – 6. 4. 1992, НьюЙорк) – америкалык жазуучу‑фантаст, биохимик, илимди жайылтуучу. Колумбия университетин бүткөн (1939), Бостон университетинде сабак берген. 500гө жакын чыгармалардын автору. Биринчи романы – «Асмандагы кичинекей таш» (1950). Ага «Тирек» үчилтиги (1966) атак‑даңк алып келген. «Болот үңкүрлөр» романы (1957) илимий-фантастикалык детектив жанрынын үлгүсү болгон. Чыгармаларында адам м‑н машинанын өз ара мамилелеринин моралдык проблемалары анализденет. АКШда табият таануунун, тарыхтын, техниканын проблемалары жөнүндөгү, ар түрдүү энциклопедиялардын, анын ичинде Библия ж‑а Шекспир б‑ча китептердин автору катары белгилүү. Илимий фантастикалык ж‑а илимий-популярдуу дээрлик бардык чыгармалары 1960‑жылдын ортосунан орус тилине которулган.